Рамазан-2018: дин аалымынан кеңеш, календарь, зекет
Окуялар
16.05.2018

Рамазан (Орозо) - мусулмандардын эң ыйык айы, ал орозо кармоону талап кылат. Рамазан мусулмандардын ай календарынын тогузунча айында башталат. Курандын алгачкы сүрөөлөрү Мухаммед пайгамбарга Меккеге жакын жердеги Хира үңкүрүндө Рамазан айында түшкөн делет. Рамазан ай календарынын бир бөлүгү, ай көрүнгөндө башталат.

 

Ай календары Григориандыкынан 11 күнгө кыска болгон үчүн Рамазан ар жылы 11 күнгө эрте башталат. Айрым мусулман өлкөлөрүндө Орозонун биринчи күнү астрономиялык эсептөөлөр менен аныкталса, башкаларында Айды байкап же беделдүү аалымдардын күбөлүгүндө аныкталат. Ислам экөөнө тең уруксат берет, андыктан ыйык ай ар кайсы өлкөдө башка-башка убакта башталат. “Мейкин Азия онлайн” өнөктөштөрү менен бирге быйыл Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ар биринде орозо кармоо качан башталат, аны кандай кармоо керек жана мааниси эмнеде экенин айтып берет.

 

Казакстандын башкы муфтийи Серикбай ажы Ораз Рамазан айынын башталашынын анык күнүн айтты. Ал белгилегендей, быйыл Казакстандын Мусулмандар башкармалыгынын аалымдар кеңеши Шариаттын эрежелерине ылайык, атамекендик астрофизика борборунун маалыматына таянды. 16-майда кечинде таравих намазы окулат. 17-май ыйык Рамазан айынын биринчи күнү деп белгиленди. Толук маалыматты Казакстандын мусулмандарынын дин башкармалыгынын расмий сайтынан алса болот.

 


Кыргызстанда ыйык айды Орозо деп да аташат. Уламалар кеңешинен орозо кармоо 17-майда башталат дешти. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгынын маалымат кызматынын башчысы Максат Атабаев билдирди. 

 

Тажикстанда Уламалар кеңеши Илимдер академиясынын Астрофизика институту менен бирге Шабон айынын 29-күнү (Григориан календары боюнча 15-май) саат 16:48де астрономиялык окуя – ай жаңырат деп аныкташты. Андыктан Шабон айынын 30-күнү 16-майда бүтөт, а кийинки күнү Рамазан башталат.

 

Алгачкы намаз – таравихти Тажикстандын мусулмандары 16-майдын кечинде окушат.

 

Ыйык ай 30 күндөн турат, бул күндөрү мусулмандар орозо кармашат.

 

Тажикстанда Иди Рамазон майрамы Уламалар кеңешинин маалыматында 16-июнга, ишембиге туура келет.

 

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 11-майда ыйык Рамазан айын татыктуу өткөрүү боюнча токтомго кол койду.

 

Документте Өзбекстандын Мусулмандар башкармалыгына шилтеме берүү менен Рамазан айынын башталышы 17-майга туура келери айтылат.

 

Каракалпакстандын Министрлер кеңешине, облустардын жана Ташкенттин акимчиликтерине Рамазанды улуттук салт-санаа жана баалуулуктардын негизинде өткөрүү тапшырылды. Өзгөчө көңүл кайрымдуулукка, жардамга муктаждарга ар тараптан колдоо көрсөтүүгө, ыйык жерлерди тазалап-кооздоого, изгилик, үй-бүлө жана маалелерде биримдикти бекемдөөгө көңүл бурулат.

 

Орозо кармоо – исламдын беш парзынын бири. Ал эң башкы исламий майрамдардын бири – Орозо айт менен жыйынтыкталат. Ооз ачуу (ифтар) күн баткандан кийин гана болот. А саарлыкты күн чыкканга эки саат калганда (3:00 тегерегинде) ичүү керек. Кыргызстан, Казакстан,Тажикстан жана Өзбекстандагы Орозо календары менен таанышыңыз.

 

Орозону кантип туура кармоо керек? 

 Инфогр (1).jpg


Ошондой эле Kaktus.media редакциясы Кыргызстандын Уламалар кеңешинин мүчөсү Кадыр Маликовдон кимдер ислам боюнча орозо тутуудан бошотуларын сурады.

 

- Эгер ал кандайдыр бир өнөкөт оорулардан жабыркаса, орозо кармабашына уруксат берилет. Дарыгер медициналык бүтүмгө карап орозо кармаса болбойт деген чечим чыгарып берет. Ошондой эле эгер мусулман жолго чыгып жатса, көздөгөн жерине жеткенче ооз ачып турууга уруксат берет. Балакатка жете элек өспүрүмдөргө орозо тутуу милдет эмес, кыйналса, оозун ачып алса болот. Улгайып калгандар да бул парздан бошотулат, - дейт Кадыр Маликов.

 

Теологдун айтымында, курсагы катуу ачып, ал эс-учун жоготууга алып келиши мүмкүн болсо, чоң адамдар деле орозону токтотсо болот. Кош бойлуу жана бала эмизген аялдарга орозо милдет эмес. Балага зыяны тийбей турган болсо гана алар орозо тутса болот.

 



Көпчүлүктү арыктоо үчүн орозо кармаса болобу деген суроо кызыктырат.

 

- Исламда эки ниет коюуга уруксат берилет, орозо сыйынуунун башка түрлөрүнөн ушунусу менен айырмаланат. Мусулманга орозону Жараткан үчүн жана арыктап, саламаттыгын бекемдеш үчүн кармайм деген ниеттерди коюуга уруксат берет. Муну пайгамбардын сүннөтү бекемдейт: “Орозо кармагыла, айыккыла”. Орозодо дене үчүн улуу жыргал бар, туздан тазаланып, ашыкча салмактан арылуу. Бирок орозо биринчи кезекте сыйынуу болушу керек, - дейт теолог.

 

Зекет көлөмү

 

Бул ыйык айда бардык мусулмандар милдеттүү түрдө зекет берет. Кыргызстанда бул “орозо-питир” деп аталат. Быйыл зекеттин бир адамга минималдык суммасы 1,6 кг буудайдын наркына туура келет. Базардагы азыркы баалар боюнча бул 30 сом (40 цент). Бирок кимдин мүмкүнчүлүгү болсо 1,6 кг ун же мейиз, болбосо 3,2 кг арпа же курманын наркына барабар зекет чыгарса болот. Ушул азык-түлүк түрүндө берүү шарт эмес, акчасын берсе да болот.

 

Быйыл жогоруда аталган азык-түлүктөрдүн баасына барабар питир-садака төмөдөгүчө аныкталат: буудай – 30 сом ($0,4), ун– 35 сом ($0,5), мейиз – 384 сом ($5,5) , арпа – 48 сом ($0,7), курма– 480 сом($7).

 

Казакстанда питир-садака быйыл өзгөрбөйт жана 300 теңгени (1 доллардан ашыраак) түзөт. Өткөн жылы да зекет көлөмү 300 теңге болгон. Бул ундун баасы менен өлчөнөт.

 

Тажикстанда быйыл зекет көлөмү - 510 сомони же 7 доллар. Милдеттүү зекет да бар, ал 5 сомони – бул 0,5 доллар.

 

Мусулмандар ыйык айда дагы кандай жакшы иштерди жасай турганын бул жактан окуңуз.

комментарийлер 0
Комментарийлер
  • Комментарии
Loading comments...
Бардык комментарийлерди окуу
Наверх