Рамазан айындагы изги иш: Борбор Азияда кантип кайрымдуулук жасап жатышат?
Тизмелер
06.06.2017

Акысыз азык-түлүктөр жана “маршруткада” бекер жүрүү, ооз ачыруу – ушул жана башка көптөгөн акциялар азыр Борбор Азиянын бардык өлкөлөрүндө Рамазан айынын урматына өтүп жатат.


“Мейкин Азия онлайн” биздин аймактын эли Орозо айында кандай кайрымдуулук иштерин жасап жатканы тууралуу айтып берет.


ТАЖИКСТАН


Ыйык Рамазан айында кайрымдуулук иштерин жасоо – орозо кармаган бардык мусулмандардын негизги эрежелеринин бири. Бул айда алар битир-садака беришет , садаканын көлөмүн ар жылы дин башкармалыгы аныктайт.


Мисалы, быйыл тажик мусулмандары үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө $0,57 орозо-битир беришет. Бирок бул өлкөнүн тургундары дин кызматкерлер белгилеген суммадан көбүрөөк зекет чыгарганга аракет кылышат. Мүмкүнчүлүгү барлар азык-түлүк сатып алып, муктаждарга: карылар үйү же интернаттарга беришет, кошуна же туугандарына жардам көрсөтүшөт.


Бул айда адаттагыдай эле ар кандай кайрымдуулук акциялары өтөт. Мисалы, Рамазан башталары менен шаарда акысыз маршруттук таксилер пайда болду. “Рамазандын урматына арналган кайрымдуулук акциясы” деген жазуу Дүйшөмбүдө эртеден кечке чейин иштеген №33 кичиавтобуста жүрөт.


Ал эми Тажикстандын түндүгүндө – Худжантта жергиликтүү компаниялардын бири өзүнүн супермаркеттеринде акысыз нан таратууну уюштурду. Жаңы бышкан бөлкө нан дүкөндөрдүн атайын текчелерине коюлган, аны каалоочулардын баары алып кетсе болот.

 


КАЗАКСТАН

 

Орозо айындагы кайрымдуулук Казакстандагы мусулмандарды да коштойт. Бул жакта да питир-садканын көлөмү  $0,96, бирок Тажикстандагыдай эле бул өлкөдөгү мусулмандар да мечиттеги милдеттүү садакалар менен чектелбейт, аз камсыз болгон жердештерине  активдүү жардам беришет.


Рамазан башталар алдында Казакстан мусулмандар дин башкармалыгы облустун бардык имамдарына Орозо маалында кайрымдуулук иштерин жасоону буйруду. Башкармалыктын өзү болсо бир нече жылдан бери 1200 адамга ооз ачырууларды уюштуруп келет.

 

Бул чакырыкка Чымкент биринчилерден жооп кайтарды. Бул жакта жаштар жөө бараткандарга суу менен курма таратышты. Мусулмандар гана эмес, каалоочулардын баары суудан ичип, курмадан ооз тийишти.


“Биздин максат – изги иш жасап, башкалар да кайрымдуулук жасашына чакырык таштоо. Балким, бирөө-жарым иштен кеч чыгып, ооз ачарга кечигип жаткандыр, же дагы бирөө жөн эле суу ичкиси келди. Биз баарына бири-бириңиздерге жардам бериңиздер деп кайрылабыз”, - дейт активисттердин бири Кундуз Сатенова.


Кайрымдуулук иштери Түштүк-Казакстан жана Кызыл-Орда облустарында да өтүүдө. Жергиликтүү мечиттер активисттер менен чогуу акысыз такси уюштуруп, адамдарды үйгө жеткирүүдө.

 


КЫРГЫЗСТАН


Рамазан башталары менен Кыргызстанда да акысыз транспорт пайда болду. Ошто №107 каттамдагы микроавтобустар күн сайын элди акысыз ташып жатат. Каттамда жалпы 60 унаа бар, ошондо алардын ар бири ыйык айда жок дегенде бир күн бекер кызмат кылат. Демилгени маршрут бригадири Матраим Асанов көтөргөн, айдоочулар болсо аны колдошту.


Мындан сырткары быйыл Бишкекте “Рамазан чатыры” кайрымдуулук акциясы экинчи ирет өтөт. Анын алкагында каалоочулардын баарына акысыз ооз ачар уюштурулат, коноктор чыгыш тамактарынан жакканын өзү тандаса болот. Кыргызстандын Уламалар кеңешинин мүчөсү Кадыр Маликовдун айтымында, иш чара Рамазандын акыркы 10 күнүнө пландалган.


Милдеттүү зекет чыгарууга келсек, бул өлкөдө орозо-битир - $0,44.

комментарийлер 0
Комментарийлер
  • Комментарии
Loading comments...
Бардык комментарийлерди окуу
Наверх