Бердымухамедов, Атамбаев, Назарбаев: кимиси жакшы ырдайт?
28.03.2018

Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов "Круг" рок-тобунун "Каракум" деген чыгармасын аткарды. Бул видеороликти 17-мартта түркмөн каналдары эфирден көрсөткөн. Майрамга катышкан аялдар президент менен кошо ырдап, бийлеп жатышты. Түркмөнстан башчысынын профессионал ырчы эместигин эске алганда, ал дурус эле ырдаган. Негизи ырдоо таланты президенттер арасында көп эле кездешет, айрыкча Борбор Азияда.


Биз сиздерге кайсы президент чыгармачылык жактан мыкты экенин тандоону сунуштайбыз. Жоопторду  тандоо менен сиз өз ажоңузга добуш бере аласыз. А балким, сизге кошуна өлкөнүн башчысынын ырдаганы жагып калышы да мүмкүн. Бирок ага чейин ажолордун ырдаганын угуп көрүңүз – төмөндө алардын аткаруусундагы видеороликтер бар. 






  Түркмөнстанда аялдардын жүрөгүн багынткан президенттин аткаруусундагы ыр. 



“Мейкин Азия онлайндын” өнөктөшү  - Kaktus.media Алмазбек Атамбаев (Кыргызстандын экс-президенти) да сонун жана көп ырдай турганын эске салат. Баары болуп бул кезге чейин ал автор же авторлош болгон 10 ыр белгилүү. Бирок ал коомчулукка жарыя кылган биринчи композиция - “Судьбе назло”.



Нурсултан Назарбаевдин да үнү жакшы. Бирок ал Кыргызстан жана Түркмөнстандагы кесиптештерине окшоп чыгармачылыкка жоопкерчиликтүү караган эмес. Мисалы, альбом жаздырып, клип тарттырып дегендей. Ал кокусунан эле ырдап калат. 


 


комментарийлер 0
Комментарийлер
  • Комментарии
Loading comments...
Бардык комментарийлерди окуу
Наверх