Опубликовано 21.03.2020

Борбор азиядагы көңүл бура турган 10 стартап

pexels.com

Бүгүнкү күнү ар ким эле меценат боло алат. Бул үчүн ири акча каражаты же илимге, искусствого жана технологияга терең кызыгуу керек. Бирок эми ар бир каалоочу жана чөнтөгү туура келген адам социалдык жактан маанилүү долбоорлорду өнүктүрүүгө өз салымын кошо алат. The Open Asia редакциясы борбор азиялык инвесторлордун эң кызыктуу стартаптары жөнүндө дайджест даярдады.

ТҮСТҮҮ СҮРӨТТӨРДҮ ЖАСАГАН АЛГАЧКЫ КЫРГЫЗ НАНОСПУТНИГИ

Космостук спутникти жасоо идеясы кыргызстандык кыздар командасына таандык. 2018-жылдын мартынан бери ишке ашырылууда. Бул долбоор Кыргызстанда буга чейин болгон эмес. Кыздар CubeSat спутнигин иштеп чыгышып, өздөрүнүн мектебин өнүктүрүп жатышат. Ал бардык каалоочу кыз-келиндерди космостук инженерия жана программалоого окутат. Белгилей кетчү нерсе, сүрөттөрдөн тышкары жабдуу космосто курчап турган чөйрөнүн көрсөткүчтөрүн баалап (температура, радиация ж.б.), жаңы технологияларды сынайт. Долбоор көз карандысыз болуп саналат. Бирок көздөгөн максатка ыкчам жетүү үчүн командага адистердин жардамы керек, бул акчаны талап кылат. Спутник куруу жаатындагы кесипкөйлөрдүн кеңештери – кымбат баалуу кызмат көрсөтүү болуп саналат. Ошондуктан каалаган сумманы салуу менен мындай маанилүү миссиянын катышуучусу болуу мүмкүн.

NEOBIS CLUBS: ОШТОГУ МААЛЫМАТТЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР ЖААТЫНДА ЖАҢЫ АДИСТЕРДИ ДАЯРДОО

Neobis Clubs IT-стартаптар чөйрөсүндө көңүл бурууга татыктуу. Бул Кыргызстанда IT-тармагын өнүктүрүүгө шарт түзгөн жаштар уюму. Студенттерди окутуудан тышкары (балдар университеттерде ар түрдүү конференцияларды, мастер-класстарды өткөрүшөт) алар ишке орноштурууга да жардам беришет, лидердик жөндөмдөрүн өнүктүрүшөт. Долбоордун өкүлдөрү Санира Маджикова жана Бегимай Амантаева айткандай, алар коом үчүн технологияларды иштеп чыгышат жана киргизишет. Кыргызстандыктардын бул долбоору – лидерлердин болочок муунуна инвестиция салуунун жакшы жолу.

ООР ДАРТКА ЧАЛДЫККАН БАЛДАР ҮЧҮН ЖАРДАМ КӨРСӨТҮҮЧҮ AID КАЗАК ТИРКЕМЕСИ

AID ‒ бул ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана бейтаптар менен пикир алышуунун онлайн-платформасы. Аны РЕспубликалык физикалык-математикалык мектептин жогорку классынын окуучусу Бекмухамед Таев түзгөн. Мобилдик тиркеме ар бир каалоочуга оор оорулуу балага моралдык жана каржылык жактан жардам көрсөтүп, аны менен таанышып, акчалай жардам көрсөтө алат. AID ошондой эле балдардын келечеги жөнүндө маанилүү жаңылыктарды чагылдырат, маалыматтарды жайылтат. Бардык жагынан алганда коммерциялык эмес долбоор ыкчам жардам көрсөтүүгө көмөк берет. Анткени оор абалда калган кичинекей бейтаптар үчүн убакыт чындыгында эң баалуу нерсе. 

CODIFYLAB: ИНФОРМАТИКА, ПРОГРАММАЛОО, ЛИДЕРЛИК ЖАНА КОММУНИКАЦИЯЛАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ

Дагы бир кыргызстандык аянтча Codify.lab болочоктогу айти адистерин даярдайт. Долбоор IT-индустриясын жана жана Кыргызстандын жарандарынын маалыматтык билимин өнүктүрүүгө багытталган. Тапшыруу үчүн бир нече программа бар, алардан ар түрдүү тармактардагы тажрыйбалуу адистерден коммуникация жөндөмдөрүнө окууга болот.

OCULUS АЗИЗ АДАМДАРГА ЖАРДАМ КӨРСӨТҮҮ ДОЛБООРУ

Oculus боюнча иштеген команда InfoMatrix Asia 2019 сынагында «Компьютердик программалоо жана жабдууларды башкаруу системасы» категориясында биринчи орун алган. Эмгек уралдык Назарбаев Интеллектуалдык мектебинин (НИМ) окуучуларына таандык. Идеясы Эламир Кадыргалиевдики болуп саналат. Долбоордун башкы максаты – көзү азиз адамдарга буюмдарды айырмалоого, коркунучтар тууралуу маалымат алууга жана тексттерди окууга жардам берүү. 

MOJIDET ТЕЙЛӨӨ САПАТЫН ТАЛДОО ВЕБСИСТЕМАСЫ

Уральск шаарындагы НИМде окуган 6 казакстандык окуучу эмоцияларды таанып-билүүнүн жакшыртылган системасын сунушташты. Ал калкты тейлөө кызматтарынын тейлөө деңгээлин талдоого көмөктөшөт. Mojidet талдоо үчүн нейро түйүндөр системасын колдонот, ал эми окуу үчүн веб-камера керек. Эмоцияларды үч спектрге бөлүшөт: пассивдүү, нейтралдык жана негативдик. Жаш ойлоп табуучулар кардарлар менен тейлөө кызматы чөйрөсүнүн ортосундагы мамилелерди жогорулатууга умтулушат. Уральск шаарынын Калкты тейлөө борбору бул системаны киргизүү баскычында турат. 

WEALMATY PROJECT ШААРДЫК ДОЛБООРУ

Британия консулдугу тейлеген WeAlmaty масштабдуу долбоорунун бир чоң жана маанилүү максаты бар. Ал түштүк борбор калааны өнүктүрүү үчүн маданият, бизнес чөйрөлөрүндө жана коомдо мыкты чечимдерди табуу болуп саналат. Долбоордун ишмердүүлүгү ошондой эле мамлекеттик жана жеке уюмдарга шаардын ичинде иштешүүгө шарт түзөт. Алматы жакшы көргөндөр жана баалагандар үчүн – бул көптөгөн кызыктуу жана маанилүү шаардык программалардын катышуучусу болуу мүмкүндүгү. 

Эвелина Смагулова
Эвелина Смагулова
Автор материала

Читайте также

Вернуться в начало