Опубликовано 23.03.2020

БОРБОР АЗИЯДА КАТТАЛГАН 5 ЧОҢ ЭТНОС АРАЛЫК ЖАҢЖАЛ

news.rambler.ru

Февралда Масанчи айылында катталган жаңжал Казакстан үчүн эң катуу жана өкүнүчтүү окуялардын бири болду. Расмий бийлик болгон окуяны улуттар аралык кагылыш деп атагысы келбегени менен, эки айылдын ортосундагы тиреш этностор арасындагы татаал мамиле бар экендигин ачыктады. Бирок улуттар аралык тирештин очогу Казакстанда орун алган эмес. The Open Asia Борбор Азия өлкөлөрүнүн аймагында болгон эң чуулгандуу улуттар аралык жаңжалдар тууралуу түрмөгүн чогултту. 

ӨЗБЕКСТАН: ФЕРГАНАДАГЫ ӨЗБЕКТЕР МЕНЕН ТҮРК-МЕСХЕТИНДЕРДИН ОРТОСУНДАГЫ ЧЫР-ЧАТАК
ria.ru

1989-жылы улуттар аралык достукту пропагандалаган Советтер союзунда эч ким көтпөгөн жерден, баарын дүрбөткөн окуя орун алган. Өзбек ССРнин Фергана облусунда өзбектер менен түрк-месхетиндердин ортосунда көчөдө мушташ болгон. Ал чоң жаңжалга айланып, үйлөр талкаланып, 100дөн ашык адам каза болгон. Чыр-чактакты токтотуш үчүн бийлик түрк-месхетиндерди Фергана облусунун аймагынан көчүрүп кеткен. 

Себептери: 

Биринчи версия боюнча, жаңжал базарда түрк-месхетин менен өзбек сатуучу аялдын ортосунда чыр-чатактын айынан башталган. Кардарга кулпунайга болгон баанын кымбаттыгы жаккан эмес. Ал эми өзбек аялга эркектер болуша кетип мушташ башталган. 

Экинчи версия боюнча, сыра саткан жайдын жанында болгон мушташтан башталган деп айтылат. Милиция кызматкерлери мушташты токтотуп калышкан, бирок бир өзбек улутундагы адам каза болгон. Эртеси күнү өзбектер чогулуп келип, чоң топ болуп түрк-месхетиндер жашаган аймакты көздөй жылышкан. 

Ал эми үчүнчү версиясына ишене турган болсок, түрк-месхетин улутундагы жигит өзбек кызын зордуктап койгон, ушул себептин айынан элдин нааразычылыгы көтөрүлгөн. 

Кесепеттери: 

Конфликттин айынан 130 адам каза болгон, алардын ичинен 52 түрк-месхетин, 32 өзбек. Бир миңге жакын үй өрттөлгөн. Кан төгүү бийлик түрк-месхетиндерди Фергана облусунун аймагынан башка жакка массалык түрдө көчүрүп кеткенден кийин гана токтогон. 

КЫРГЫЗСТАН: КЫРГЫЗДАР МЕНЕН ӨЗБЕКТЕРДИН ОРТОСУНДАГЫ ЖАҢЖАЛ
reuters.com

Кыргызстандын түштүк аймагында өзбектер дагы жашайт. Кыргыздар менен өзбектердин ортосундагы пикир келишпестик бул аймакта көп жылдык тарыхтын бир бөлүгү. Советтер союзунан бери бул жакта чыр-чытактар орун алып турчу. 2010-жылы Ошта кайра этнос аралык конфликт орун алды. 

Себеби: 

10-июндя казино ойногон жайда жергиликтүү кыргыздар менен өзбектердин ортосунда мушташ орун алган. Анан эки тараптын жаштары башкаларды жардамга чакыра башташкан. Чатак аябай масштабдуу болуп, ар кандай ушактар тарай баштаган. Өзбектердин тобу жакынкы жатакандагы 12 кыргыз кызды зордуктап анын үчөөсүн өлтүрүп коюшкан деген такталбаган маалымат тарап, кыргыз жигиттерин экинчи тарапка каршы кызытып, жыйынтыгында чоң жалжал орун алган. 

10 июня местные кыргызы и узбеки играли в казино. Завязалась потасовка. Затем обе группы молодых людей начали звать подкрепление посредством мессенджеров на телефоне. Драка стала масштабироваться, но слухи пошли дальше. Дезинформация о том, что толпа узбеков изнасиловала почти 12 кыргызских девушек и троих убили в ближайшем общежитии, легко спровоцировали других кыргызов на насильственные действия в сторону обидчиков в лице узбеков.

Кесепеттери: 

Жаңжал бүткөн соң өлкөнүн эки облусунун аймагында 426 адамдын сөөгү табылган. Өздүгү аныкталган адамдардын ичинен өзбек улутундагы жарандар 276, кыргыздар – 105. Андан тышкары дагы 1925 адам денесинен ар кандай жарат алган, алардын ичинен 925 ок атуучу курал жарактан. 

Отчетко ылайык, 10 милция кызматкери каза болуп, дагы 172 жарат алган, алардын ичинен ИИМдин эки пенсионери. Бир аскер офицери өлтүрүлүп, дагы эки аскер кызматкери жаракат алышкан. Расмий эмес маалыматтарга таянсак, чыр-чатактын биринчи күндөрүндө эле 800 жакын адам каза болгон. 

ТАЖИКСТАН: ТАЖИКТЕРДИН КЫРГЫЗДАР МЕНЕН ЧЕК АРАДАГЫ КАГЫЛЫШЫ

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында системалык түрдө ар кандай чыр-чатактар болуп турат. Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 976 чакырымды түзөт, анын 504 чакрымы гана тактоо процессин өткөн. Такталбаган участоктор чыр-чатактардын себеби болуп келүүдө. 

Себеби: 

Эки тарап жер, суу, чек арадан мыйзасыз өтүү жана этнос аралык келише албастыктын айынан каршы турушууда. Конфликттер бири бирин таш менен согуудан башталып, ок атуучу курал колдонууга чейин жетүүдө. 

Кесепеттери: 

2019-жылдагы конфликттин айынан үч тажик жана бир кыргыз чек ара кызматкери каза болгон. 

КАЗАКСТАН: МАЛАВОДНЫЙДА КАЗАКТАР МЕНЕН ЧЕЧЕНДЕР, МАСАНЧИДЕ КАЗАКТАР МЕНЕН ДУНГАНДАР
azzatyq.org

Казакстан ар дайым өзүн көп улуттуу, толеранттуу мамлекет катары мүнөздөп келет. Бирок бул жакта дагы айыл жергесинде мезгил-мезгил менен улуттар ортосунда ар кандай чырлар орун алып келет. Шелектеги уйгурлар менен, Маянасдагы курддар менен болгон чакан тирештерди эске албасак, эң чоң конфликттердин очогу деп Маловодныйда болгон жана Масанчиде болгон окуяларды атасы болот. 

Себеби: 

Биринчи: Маловодное. 2007-жылдын 17-марттында Алматы шаарынан 85 чакым аралыкта жайгашкан айылда «Ботагоз» деген бильярд клубунда, чечен улутундагы бильярд клубунун ээсинин баласы менен казак жигит мушташа кетишкен. Эртеси күнү жабаркаган тарап туугандары жана достуру менен Казатком кошуна айылындагы Махмахановдун үйүнө сүйлөшүү үчүн келишкен. Жолугушуу учурунда сөздөн сөз чыгып, үй ээлери келген казак тараптагыларга каршы курал колдонуп, ок атышкан. Эки тарапты бөлүштүрүүгө келген полиция кызматкери дагы ок тийип жаракат алган. Ушудан кийин массалык толкундар болуп, айыл тургундары бул казак, бул чечен деп бөлүнө башташкан. 

Экинчи: Масанчи. Бул инцидент 5-февраль күнү Сортобе айылындагы жолдо болуп, Кудашпаевтердин үй-бүлөсүнөн атасы жана эки уулу сабалган. Жолдо чыкан уруштун айынан чыр чыгып, Кудашпаевдер ооруканага түшүүкөн. Эки күндөн кийин Масанчи айылына жакын жерде кайгуул инспекциясы машиненин мамлекетик номуру талапка жооп бербейт деген негизде жеңил автоунаа токтоткон. Айдоочуу качууга аракет кылып, өзүнүн үйүнүн короосунда укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан кармоо учурунда аларга кол көтөргөн. Көчөдөгү көбөлөрдүн бири мунун телефондун камерасына тартып калып, андан ары «дунгандар казактарды сабап жатат» деген ат менен бул видео тарап кеткен. 

Ошол эле күнү айылда ок атуучу курал колдонуу менен массалык мушташ болгон. 

Кесепеттери: 

Маловодныйда 9 киши каза болгон, алардын ичинен чечен улутунда 7 адам, казак улутунда – 2. Эки айыл тең полиция жана атайын кызматтын бир топ убакытка чейин курчоого алынып турган. 

Масанчидеги курал колдонуу менен богон окуяда 10 адам каза болгон, медициналык жардам сурап 137 киши кайрылган, алардын 37-и ооруканага жаткырылган. Тогуз киши азыркы күнгө чейин реанимацияда жатат. Чыр-чатактын айынан 30 үй, 23 автоунаа, 15 дүкөн өрттөлгөн. 

Редакция OpenAsia
Редакция OpenAsia
Автор материала

Читайте также

Вернуться в начало