Опубликовано 14.04.2016

Алматыда жолбун иттер 3 жаштагы кызды талап салышты

Алматы шаарынын Акбулак кичирайонунда жолбун иттер үч жаштагы кызды талап салышты. Бул тууралуу Tengrinews сайтына шаардын Ички иштер департаментинин маалымат кызматы билдирди. Кырсык эртең мененки саат ондордо болгон.


Өлгөн кыздын чоң атасы билдиргендей, небереси үйдүн короосунда ойноп жүрүп кароосуз калган жана көчөгө чыгып кеткен. Ошол жерден ага жолбун иттер кол салган экен. Алматыдагы Ветеринардык борбордун директорунун орун басары Жылкелды Тлесбаевдин айтымында, учурда Акбулак районунда жолбун иттерди кармап, жок кылган сегиз бригаданын төртөө иштеп жатат. Ар бир бригаданын курамында үчтөн адис бар. “Жергиликтүү жашоочулар тастыктап берет, бул жерде жолбун иттерди кармоо иш-чаралары көп эле өткөрүлүп турат. Бирок аймак чоң, ээн жана бул жерде таштанды көп. Албетте иттер көбөйүүдө. Аларды мындан ары да кармай бермекчибиз”, - деди ал.


2015-жылдын ноябрь айында Алматынын тургундары иттерди кармоо иш-чаралары ырайымсыз жүргүзүлөт деп даттанып, буга байланыштуу Алатау районунун Ички иштер башкармалыгына арыз жазган эле.


Сүрөт infodwn.ru

Редакция OpenAsia
Редакция OpenAsia
Автор материала

Читайте также

Вернуться в начало