Опубликовано 19.09.2016

Алмазбек Атамбаев тууралуу көпчүлүк биле бербеген 10 факты

17-сентябрда президент Алмазбек Атамбаев 60 жашка толду. Маарекесин ал КМШ өлкөлөрүнүн алты президенти менен чогуу тосту. Анткени дал ушул күнү Бишкекте Шериктештик мамлекеттердин башчыларынын саммити (айтмакчы, ал да мааракелик)  өттү.


Болочок президент Чүй облусунун Стрельниково (азыркы Арашан) айылында төрөлгөн. 1980-жылы Москва башкаруу институтун “инженер-экономист, өндүрүштү башкарууну уюштуруу” адистиги боюнча бүтүрдү. Ошол эле жылы КРнын Байланыш министрлигинде инженер болуп иштей баштаган. 1983-жылдан тарта Кыргыз ССРнин Жогорку Кеңешинин Президиумунда ар кандай кызматтарды аркалап келди. 1989-жылы ишкердик мене алектене баштайт. 1993-жылы КСДП партиясын түзүүнү демилгелеген. 2000-жылы биринчи жолу президенттикке ат салышып, 6% добуш алган. 2005-жылы да талапкерлигин коюп, бирок Курманбек Бакиевдин пайдасына шайлоодон четтеген. 2011-жылдын 3-октябрында Алмазбек Шаршенович Атамбаев Кыргызстандын президенти болуп шайланды. Кызматка 2011-жылдын 1-декабрында киришти.


Бул фактылар президенттин расмий өмүр баянынан. А “Мейкин Азия онлайн”  болсо Атамбаев тууралуу анча кеңири жайылбаган маалыматтарды чогултту.


Эмгек жолу


Эмгек китепчесиндеги жазууларга караганда Атамбаев инженер, президиум кызматкери, “Форум” өндүрүш тобунун директору, депутат, министр, премьер-министр... болуп иштеген. Мындан сырткары ал студент кезинде короо шыпыргыч, жүк ташуучу, от жагуучу, суу куйгуч  болуп да кошумча тыйын тапчу.



“Эч бир иштин уяты жок. Башкалардан өзүн бийик койгон ууру-министр болгондон көрө кароолчу же шыпыруучу болгон артык. Жумуштан эч тартынбагыла”,- деген ал окуучуларга.


Алгачкы капитал


Институтту бүткөн соң Алмазбек Шаршенович Кыргыз ССРнин Байланыш министрлигинин ишканаларында инженер жана башкы экономист болуп иштей баштады.


Аны менен катар эле кыргыз жазуучуларынын китептерин орус тилине которуп, акча тапчу. Президент өзү айткандай, так ошол китептерди чыгаруудан ал Кыргызстанда жок болуп бараткан ири өндүрүш ишканалардын акцияларын сатып алууга тыйын топтогон.


Өмүрүнө кол салуу


2007-жылдын майында Атамбаев аны ууландырууга аракет кылышканын билдирген. Ал кезде өлкөнүн премьер-министри болуп турган.


“Мени 11-майда өз иш бөлмөдө ууландырышты”,- деп билдирген Атамбаев журналисттерге. – Мага стаканда суу беришкен, ичип эле эс-учумду жоготуп, эки сутка өзүмө келе албадым.  Бул уулануу экени анык. Канымды эки апта тазалашты”.


Ага чейин Атамбаев Борбор Азиядагы эң ири жарым кремний чыгарган “Кристалл” заводун улутташтыруу боюнча өкмөт чечиминен кийин ага “өлтүрөбүз” деген коркутуулар болуп жатканын бир нече жолу айткан эле.


Чыгармачылык


Кыргызстандын президенти чыгармачыл экенин көпчүлүк ушул жылы эле билди. Алмазбек Атамбаев коомчулук күтпөгөн жерден ырдай баштады. Көрсө, Атамбаев тээ студенттик жылдары музыкалык топто соло-гитарда ойноп жүргөн экен.


Бүгүнкү күндө интернетте Кыргызстан президентинин аткаруучундагы 5 ыр – төртөө орус тилинде жана бирөө кыргызча (туулган күнүндө) чыкты. Мурдараак Атамбаев 60 жылдык маракесине CD-диск даярдап, жакындарына, досторуна белек кылам деп билдирген эле.


Атамбаевдин кенже кызы, сүрөтчү Алия Шагиева (апасынын фамилиясын алып жүрөт) атасы жаш кезинде ыр, обон эле жаратпай, сүрөттү да жакшы тартчу экенин айткан жайы бар. Ал сүрөттөрдү көрсөтпөгөнү менен, атасы аябай көп тартканын, үй-бүлөсү сактап келген эмгектерден жок дегенде бир альбом чыгаарын  белгилеген. “Искусствого берилгендик мага атамдан өткөн”,- деп эсептейт Алия.


Дин


Атамбаев  өзүн терең ишенген мусулманмын деп эсептейт. Ал исламга түшүнүү менен келген.


 “Жалгыз калган күндөр болду. Окуганды аябай жакшы көрөм. Библия, буддизмди үйрөндүм, бирок Курандын духун тандадым. 2010-жылы мени кармап кетишкенде да өзүм менен кошо Куранды, анан англис тил китебин ала кеттим. 25 жылга кесишет деп ойлоп, жок дегенде окуп, билим алам дедим”.


Президент Куранды колго калемсап кармап алып, он жолу окуганын көп жолу айткан. Ыйык китепти ал Валерия Порохованын котормосунда окуганын белгилеген.


Албетте, Атамбаев чектен ашпаган ислам көз карашын карманат. Хижапчан аялдар тартылып, “Кайран элим, кайда баратабыз?” деп суроо салган көрнөктөрдү бүт өлкө аймагына илинишин президент демилгелеген. Бул коомдо аябай талкуу жаратты.


“Диндин мааниси – жакшы иш жасоодо. Башыңарга өтүк кийип деле жүрө бергиле, бирок эч кимди жардырбагыла”, -деген ал.


Тамак


Алмазбек Шаршенович гурман эмес, тамак тандабайт. Жубайы Раиса даярдаган даамдардын баарын сүйүп жейт.  Айтмакчы, биринчи айым күйөөсү жана үй-бүлөсү үчүн өз карьерасын узак жылдарга таштап койду (жакында эле ал илимий ишмердүүлүккө кайтып, медицина боюнча доктордук диссертациясын жактады).


Мамлекеттик иштер көп убакыт алган кезге чейин Атамбаев түштөнүүгө үйүнө каттачу.


Президент бир жолу фасолду жактырбай турганын билдирген. КРде төө буурчак стратегиялык азыктардын катарында. Талас облусундагы тургундардын 80%ы төө буурчак эгип, негизинен Түркияга сатып, жан багат. Бирок акыркы үч жылда бул өсүмдүккө суроо-талап төрт эсеге азайып кетти. Абалдан чыгуу үчүн Кыргызстан өкмөтү төө буурчакты өлкө ичинде сатууну көздөп, калкты фасоль жегиле деп үндөгөн жайы бар.


Айтмакчы, Раиса Атамбаева сунушту колго алып, төө буурчакты өзгөчө рецепт менен жасаганды да үйрөнгөн экен.


Белорус болушуна аз калып


Атамбаев – көп улуттуу өлкөнүн башчысы. Бул жаатта ал өз толеранттулугун дайыма эле көргөзүп жүрөт. Анын үстүнө аялы татар улутунан. Кенже кызы жакында эле орус жигитине турмушка чыкты. Мындан сырткары бала кезинде Атамбаевди белорус үй-бүлөсү багып алмакчы болгон.


“Мен аябай эле кедей үй-бүлүдө өстүм”, - деген ал “Эхо Москвы” радиосуна берген интервьюсунда. – Көрүп турганыңыздай, менин көзүм көк.  Атам сапсары киши болгон. Анан айылыбызда Толя Голик деген ага бар эле, фамилиясына караганда белорус окшойт. Алардын үй-бүлөсү баласыз эле. Муну мен чоңойгондо эжем айтып берген. Көрсө, алар үйгө келип, мени Алеша деп чакырышып, эркелетишип, анан бизге бергиле деп аябай суранышкан экен. Бирок апам бербептир. Ал “үчөө болгон жерде төртүнчүмдү да багып алам” деген экен. Апамды аябай жакшы көрөм. Мен ага ыраазымын”.


Жаныбарларга мамилеси


Көп саясатчылардын жаныбарлары бар. Путиндин Конни лабрадору айрым поп-жылдыздардан да атактуу. Дмитрий Медведивдин Дорофей мышыгы бар. Барак Обаманын Бо деген португалиялык суу ити бар. Алмазбек Атамбаев да жаныбарларды жакшы көрөт.


“Үйдө жаныбарлар болсо абдан жакшы. Жардам берет. Мүмкүнчүлүк болсо, үйдө сөзсүз айбанаттарды кармоо керек. Бизде ит менен мышык бар”,- деген ал.


Белектер


Атамбаев кымбат белектерди эч качан албаганын жана албай турганын айткан. Ал үчүн эң кымбат белек – бул 2014-жылы 1-январда төрөлгөн небереси. 60 жылдык мааракесинде ал Орусия президенти Владимир Путинден Александр Невский орденин алды. Орус лидеринин айтымында,  бул орден – “жалпы тарыхыбыздагы эң жакшы учурларды жүрөгүндө сактап жүргөн” Атамбаевге аябай туура келет.


Атамбаев өзү жеке инсан катары, президент катары да тынбай эле белек берип турат. Роза Отунбаевага сары алтындан таажы берген. 2011-жылы ал Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейине Роза Отунбаева алган башка белектердин катарына коюлган.


Келечек


Келээрки жылы Атамбаевдин президенттик кызматтагы мөөнөтү бүтөт. Мыйзам боюнча ал экинчи ирет ажолукка ат салыша албайт. Анткен менен Атамбаев  президенттикке эми барбай турганын, эс алууга чыгууну кыялданып жүргөнүн билдирген.


“Мен уктап, окуп, чыгармачылык менен алектенем. Саякаттайм. Пианинодо ойногонду үйрөнүүнү дайыма кыялданып келем”, -дейт ал.

Редакция OpenAsia
Редакция OpenAsia
Автор материала

Читайте также

Вернуться в начало