Опубликовано 05.09.2017

Курман-Айт - 2017. Курмандык чалуу майрамын кантип туура белгилөө керек?

Эмне болуп жатат?

1-сентябрда мусулмандар эң башкы диний майрамдардын бири - Курман Айтты белгилешет. 

"Мейкин Азия онлайн" өнөктөшү -  Kaktus.media - Кыргызстандын Мусулмандар дин башкармалыгынын фатва бөлүмү менен чогуу бул күндү кантип туура белгилөө тууралуу кеңештерди даярдады. Негизи Ислам дүйнөүндө майрамды 10 күн белгилешет. Борбор Азияда бир күндөн үч күнгө чейин майрамдашат. Кыргызстанда Курман Айт - расмий дем алуу күнү. 

Курман Айттын тарыхы эмнеден башталат?
Майрамдын жаралуу себеби Куранда жазылган  жана Ибрагим пайгамбардын өмүрү менен байланыштырылат. Пайгамбарга Кудай үчүн өз уулу Исамилди курмандыкка чалуу боюнча аян түшөт. Аллахтын буйругун четке кага албай, Ибрагим жалгыз уулун ээрчитип Минага, азыркы Меккеге жөнөйт..Ибрагим бычакты эми шилтейин дегенде периштелер аны токтотуп калат. Бул пайгамбар үчүн сыноо эле. Ибрагимдин эң кымбат адамын курмандыкка чалуу ниети үчүн Аллах курмандык чалууга бейиштен кой жиберет да, баланын өмүрүн албайт. Ошондон бери ушул майрамга мал союлат.
Эмне үчүн Курман Айт 1-сентябрга белгиленди?
Майрам белгиленчү күн жыл сайын жылып турат. Ал мусулмандардын дагы бир чоң майрамы - Орозо Айтка байланыштуу. Курман Айт Орозо бүткөндөн кийин 70-күнү белгиленет. Так күнү ай календары менен аныкталат. Андыктан майрам өтчү күн ар өлкөлөрдө айырмаланып турушу мүмкүн. Күндү аныктоо маселесин Кыргызстандын Мусулмандар бин башкармалыгы көзөмөлдөйт.

Курман Айтты кантип туура белгилөө керек?

1-сентябрда мусулмандар Эски аянтка Айт намазга чогулушат. Намаздан кийин алар бейитке барып, өлгөндөргө куран окушат. Майрамдык намазга чейин тамактанууга кеңеш берилбейт. Бирок майрамдын эң башкы бөлүгү - курмандык чалуу. Жандыкты тирүүлөр үчун да, өлгөндөр үчүн да курмандыкка чалууга болот. Этти бардык адамдарга, алардын катарында мусулман эместерге да берүү туура деп эсептелет.

Ким курмандыкка чалышы керек?

Курмандык үчүн жандыкты мүмкүнчүлүгү бар бардык адамдар (аялдар да, эркектер да) алса болот. Шариат боюнча 85 гр алтынга тете мүлкү бар мусулман материалдык жактан камсыз болгон (нисаб) деп эсептелинет. Бул мүлккө үй, керектүү буюмдар кирбейт. Нисаб товар, байлык, акча ж.б. болушу мүмкүн. Курмандык чалуу ниети чын дилден болушу керек. Эгер кимдир бирөөнүн атынан курмандык чаланып жатса, бирок ал курмандык чалууга катыша албаса, анда ал жандыкты союуну ишенген адамына тапшырышы керек. Кээде бир үй-бүлө бир жандыкты сатып алып, бүт үй-бүлөнүн атынан курмандыкка чалып, жоопкерчиликтен кутулдук дешет. Бирок бул туур эмес. Эгер үй-бүлөнун ар бир мүчөсүнүн нисабы болсо, алардын ар бири курмандык чалышы керек. Эгер кимдир бирөө үй же унаа сатып алам деп акча жыйнап жатса, ошол колундагы акчасы нисабга барабар же ашык болуп жатса, анда ал адам сөзсүз курмандык чалышы керек.

Кайсы жандыкты курмандыкка чалса болот?
Майрамда төө, бука, уй, топоз, кой, кочкор, теке, эчки, улакты курмандыкка чалса болот. Ушул саналгандан башка жандыктарды курмандыкка чалууга такыр болбойт. 

Майда жандык бир адам тарабынан гана курмандыкка чалынышы керек. Ири мал бир адам тарабынан да, бир нече адам тарабынан да союлса болот. Бир малды курмандыкка чалгандардын саны жетиден ашпайт. Мисалы, бир нече адам уй сатып алып, курмандыкка чалса болот, бирок бир шарт бар - алардын ар биринин курмандык чалуу ниети болушу керек. Катышуучулардын бирөөсүнүн эле башка ниети болсо, курмандыкты Аллах кабыл албайт. Эгер бир уйду сегиз адам курмандыкка чалган болсо жарабайт. Ар бир катышуучунун үлүшү жетиден бир бөлүктөн ашпашы шарт. Курмандыктын бир катышуучусу бир нече бөлүктү өз жоопкерчилигине алса болот.



Курмандыкты кантип тандоо керек?

Ири мүйүздүү мал (уй, бука) жана эчки эки жаш, кой бир жаш болушу керек. Эгер кой алты ай болуп, тиши чыкса, анда ал курмандык чалууга жарайт. Курмандык жандыгы оорулуу болбош керек. Бир аз кемчилиги бар мал жарай берет: көрүүсү начар; кулагы жарты; көп жолу тууган ургаачы жандык; бычыла элек эркек жандык; кулагы кичинекей жандык; бир аз аксаган жандык; көзүнөн жаш аккан жандык; эн белгиси бар жандык; түнү көрбөй, күндүзү көрө алган жандык.

Курмандык жандыгынын кемчилиги сатып алгандан кийин аныкталсачы?

Тилекке каршы, ушундай да болот. Эгер курмандык чалып жаткан адам кедей болсо, ал үчүн малды союп коюу жетиштүү. Эгер курмандык чалып жаткан адам бардар жашаса, ал башка жандык сатып алышы шарт. Эгер кемчилик мууздап жатканда аныкталса, эч коркунучу жок. Курмандык чала берүү керек.

Курмандык кайсы күнү чалынат?

Эң жакшысы - курмандыкты биринчи күнү чалуу. Бирок экинчи, үчүнчү күнү да жасай берсе болот. Күндүзү да, жакшы жарык болсо, түнү да мууздаса болот. Жакшы жарык жок болсо, жандыкты түнү сойгон болбойт. Намазга чейин мууздап баштоо жарабайт. Эгер кимдир бирөө Айт намазга чейин курмандык чалса, анда ал курмандык деп эсептелинбейт, жөн эле эт болуп калат, кайрадан курмандык чалууга туура келет.

Курмандык жандыгынын терисин эмне кылуу керек?
Эгер кимдир бирөө өзү жандыкты мууздай албай, касапчыны жалдаса, анда жандыктын терисин жана эттин кайсы бир бөлүгүн ага акы катары берүүгө болбойт. Эгер кимдир бирөө терини касапчыга акы катары берип койсо, анда ошол теринин баасына тең акчаны муктаждарга бериши шарт. Терини кедейлерге берсе же сатып туруп акчасын муктаждарга таратса болот, өзүнө колдонуу үчүн калтырууга да жол берилет. Эгер кимдир бирөө терини сатса, акчасын муктаждарга гана бериши керек. 


Курмандык жандыгынын этин эмне кылуу керек?
Этти толугу менен өзүнө калтырса болот, таратса да болот. Бирок аны үчкө бөлүү жакшыраак. Бир бөлүгүн өзүнө, экинчисин муктаждарга алып, үчүнчү бөлүгүнөн даам даярдап, конок чакыруу керек. Курмандык этин сатууга болбойт, бирок кедейлер үчүн кээде бул тыюу салуу тиешелүү эмес. Этти мусулмандарга да, мусулман эместерге да берсе болот. 


Курман Айтты кантип майрамдашат?
Адамдар конок чакырып же конокко барышат. Майрамдык даамдар курмандык этинен да, кадимки эттен да жасала берет. Дасторкондо шириндиктер, мөмө-жемиштер болот, алкоголго тыюу салынат.


Белек берүү керекпи?
Майрамда ар кандай белектерди - акча, буюм берсе болот. Бирок бул майрамдын милдеттүү шарты эмес. 


Редакция OpenAsia
Редакция OpenAsia
Автор материала

Читайте также

Вернуться в начало