Опубликовано 02.09.2016

Атамбаев менен экс-президент Роза Отунбаеванын чыры тууралуу эмнелерди билүү керек?

Эмне болуп жатат?
31-августта Кыргызстан Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгын белгиледи. Майрамдык салтанат Бишкектин Ала-Тоо аянтында өттү. Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев куттук сөз айтып жатканда экс-президент Роза Отунбаева аянттан кетти. Отунбаева эмнеге таарынды, бул окуяга кыргызстандыктар кандай көз карашта экенин “Мейкин Азия онлайн” териштирип көрдү.

Отунбаева кайсы маалда аянттан чыгып кетти?

Президент салтанаттуу сөзүнүн жарымын 2010-жылдагы революциядан кийин Кыргызстанды башкарган Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн сындоого кетирди. Алардын катарында Өмүрбек Текебаев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев өзү да болгон.

Атамбаев убактылуу өкмөт мүчөлөрүн жалган жалаа, калпычылыкка айыптап, аларды мародерлук, банк уячаларын тоногону, сепаратисттерди азгырганы жана мыйзамсыз байлык арттырууда кызматтан кыянат пайдаланганы үчүн жоопкерчиликке тартууга чакырды.

“Ошол референдумда Отунбаеваны биз мамлекет башчы катары легалдаштырдык. Бул туура кадам болду, анткени эч ким убактылуу адамдар менен иштегиси келбеди.  Ошон үчүн мен башынан эле убактылуу өкмөттү түзүүгө, Конституцияны шашылыш өзгөртүүгө каршы болгонмун”,- деди президент.

Атамбаев белгилегендей, ошол маалда парламент  Отунбаеваны спикер кылып шайлоого даяр эле жана ал автоматтык түрдө президенттин милдетин аткаруучу болуп калмак. Бул жол легитимдүү, балким, кан төгүүсүз да болмок. (Эске салсак, 2010-жылы Кыргызстандын түштүгүндө көп курмандыктарга алып келген кандуу окуя жүз берген).

Андан ары Атамбаев: “Роза Исаковна, сиз унутуп калганыңыз менен, жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин параментте сиздин оозуңузду жап кылып жүрүшкөнү, 2010-жылдын жазынан 2014түн жазына чейин бүт өлкө чексиз митингдерден, жол жабуулардан, райондук, облустук мамадминистрацияларды басып алуулардан олку-солку болуп турганын биздин эсибизде”, - деп сөзүн улады.

Ушул маалда Роза Отунбаева аянттан чыгып кетти. Атамбаев сөзүн токтоткон жок.

 

Эмне үчүн бул тууралуу Атамбаев эми кеп козгоду?

Кыргызстандын Баш мыйзамынын жаңы долбоорунда премьер-министрдин позициясын бекемдөө, Конституциялык палатанын судьяларын кат алышуудагы сырдан ажыратуу, кыргызстандыктарды жарандыгынан ажыратууга мүмкүндүктү киргизүү сыяктуу өзгөртүүлөр сунушталууда. Мурунку Конституция 2010-жылы референдумда кабыл алынган эле. Ошондо өзгөртүү киргизүүгө 2020-жылга чейин мароторий жарыяланган болчу.

Атамбаев өзгөртүүлөрдү колдоп жатат. Анын “азыркы Конституция менен кийинки президент оңой эле ажыдаарга айланып алат. Мен көптү көрдүм. Келечекте 120 баштуу ажыдаар болбошу үчүн Конституцияны өзгөртүш керек” деп бир нече жолу айткан жайы бар.

Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү болсо Конституцияга өзгөртүү киргизүүнүн артында Атамбаев өз ыйгарым укуктарын кеңейткени жатат деп эсептешет. Алар өз кооптонуулары тууралуу кайрылуу жасап, анда Конституцияга өзгөртүү киргизүү процедурасына гана эмес, сунушталган өзгөртүүлөргө да каршы экендиктерин билдиришти.

“Өзгөртүүлөр биздин өлкөнүн жарандаранынын укугун жана эркиндигин бир кыйла чектеп коет, бул тоталитаризмге алып келиши мүмкүн. Эгмендик алгандан бир биз тоталитардык түзүмдөн качып, укуктуу мамлекетти кура алдык. Сот системасы да өз алдынча болуудан ажырайт, ал президент менен өкмөттөн көз каранды болуп калат. Иш жүзүндө конституциялык көзөмөл жоюлуп жатат. Бул өзгөртүүлөр башталган сот системасын реформалоону жокко чыгарат”.

 

Атамбаев менен Отунбаеваны кандай алака байланыштырып турат?

2010-жылдын 19-майында Кыргызстандын Убактылуу өкмөтүнүн атайын декрети менен Отунбаева өткөөл доордогу Президент деп жарыяланды. Бул декретке ылайык, президенттик мөөнөт 2011-жылдын 31-декабрына чейин белгиленген. Отунбаева бийликте калууга аракеттенбеди. Тескерисинче, Атамбаевдин ажо болушуна Отунбаеванын салымы чоң дешет. Роза Отунбаеванын аппараты Алмазбек Атамбаевдин шайлоо компаниясында жардам берди. Роза Исаковна анын талапкерлигин колдоорун ачык эле билдирген.

Президенттик кызматтан кеткен соң, Роза Исаковна “Роза Отунбаеванын демилгелери” фондун түздү. Уюм маданий, социалдык, билим берүү долбоорлорун ишке ашырып келет. Ушул кезге чейин экс-президент Атамбаевдин саясатына таасир этүү аракетин көргөн эмес.


Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү кандай жооп кайтарышты?

Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жолдоштору кечирим суроону талап кылышты.

“Атамбаевдин экс-президент Роза Отунбаева тууралуу аятканына аябай нааразыбыз. Роза Исаковна аны колунан жетелеп мамлекет башчылыкка алып келди десек болот. Мындай иш президент гана эмес, өзүн эркек деп эсептеген адам үчүн да өтө уят”,- дешти кайрылууда.

Өмүрбек Текебаев мындан да катуу сүйлөдү. Ал президент Кыргызстанды уятка калтырганын белгиледи.

“Бул күнү Атамбаев элди бириктирген сөздү айтыш керек эле. Бул президенттикке, лидерге татыктуу сөз болмок. Бирок Атамбаевдин бүгүнкү сөзү бүтүндөй Кыргызстанды уятка калтырды. Мындай башкаруучунун маалында бизди оор келечек күтүп турат”,- деди ал. 

Кыргызстандыктар эмне дешти?

Кыргызстандагы соцтармактар жалпысынан Атамбаевдин сөзүнө терс пикирлерин билдиришти. Айрымдар эркек киши аял менен мынтип сүйлөшмөк эмес десе, дагы башкалары Атамбаев өч алды деп жазышты. Бирок көпчүлүгү майрам күнү  өз ара мамилени териштирүүнү эмес, майрамдык сөздү, жакшы каалоо-тилекти күтүшкөнүн билдиришти. 

Абалга эксперттер кандай баасын берди?

Эксперттер Атамбаевдин айткандарын ар кандай баалап жатат,  бирок алардын ою бир жерден биригет – Кыргызстандын саясатчыларынын ортосундагы ажырым чегине жетти.

“Экинчи революциянын” президенти, өзүн демократ, либерал, революциянын мураскери деп эсептеген Атамбаев Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү аркылуу  бийликти узурпациялоого аракеттенүүдө”,- дейт “Фергананын” баш редактору Даниил Кислов.

Редакция OpenAsia
Редакция OpenAsia
Автор материала

Читайте также

Вернуться в начало