Опубликовано 27.05.2016

Биометрикалык паспорт тууралуу эмнелерди билүү керек?

Эмне болуп жатат?

2016-жылдын экинчи жарымынан Кыргызстандын жарандарына биометрикалык паспорттор бериле баштайт, 2017-жылдын сентябрына барып 3 млн адам ушундай документке ээ болоору болжолдонууда. Паспортту жеке мекемелер эмес, мамлекет  өзү даярдайт, андыктан баасы 300 сомдон ($4 айланасында) ашпайт.

Биометрикалык паспорт деген эмне?
Биометрикалык паспорт – адамдын өздүгүн аныктоочу (өзгөчө башка өлкөдөргө чыкканда) мамлекеттик документ. Анын “жөнөкөй” паспорттон айырмасы – мында микросхемалуу чип орнотулат. Чипте жарандын аты-жөнү, туулган күнү- жылы, үй-бүлөлүк абалы, саламаттыгы тууралуу маалыматтар, жүзүнүн жана көзүнүн карегинин сүрөтү жана бармак изин камтыган маалыматтар бар. Биометрикалык паспорттун ээси андагы маалыматтарды өзгөртө албайт.  
Жарандар биометрикалык паспорт алууга милдеттүүбү?

Жок, ушундай үлгүдөгү документтерди талап кылган өлкөгө барууну көздөгөн Кыргызстандын жарандарына биометрикалык паспорттор ыктыярдуу негизде берилет. Ошондой эле калоочулар азыркы жарандык паспортунун мөөнөтү бүткөндө биометрикалык документти алса болот

Биометрикалык паспорттун кемчилиги эмнеде?
Биометрикалык паспортко каршы чыккандар жарандарга коопсуздук жараткан бир катар жагдайларды белгилеп жүрүшөт:
1) чип паспорт ээсинин КР аймагында жана чет өлкөдөгү аракеттерин көзөмөлдөй алат – бардык эсеп-кысаптарын, медициналык кароодон өтүү, сатып алуу, социалдык жардам алуу, өзгөчө маанилүү юридикалык иштер жана жеке жашоосун;
2) жарандын жеке маалыматтарын уурдап, керт башынын кызыкчылыгы үчүн колдонушу мүмкүн;
3) эгер жарандар тууралуу маалымат чет элдик компаниянын базасында сакталса, анда улуттук коопсуздукка коркунуч жаралат;
4) биометрикалык паспорттогу маалыматтар УКМК, ИИМ, салык кызматы же прокуратура тарабынан колдонулбайт деген кепилдик жок.
Биометрикалык паспорттун артыкчылыгы эмнеде?

1) жаран чек ара бекеттеринен бат эле өтөт, анткени документ автоматташтырылган жабдыкта текшерилет;

2) жарандар жана мамлекеттер ортосундагы каржы операциялары ачык-айкын болот;

3) адамдын өздүгүн тактоо, анын издөө жеңилирээк болуп калат;

4) биометрикалык паспорту жасалма жол менен даярдоо дээрлик мүмкүн эмес;
5) мамлекет ички жана сырткы миграциялык агымды оңоюраак көзөмөлдөй алат.

Биометрикалык паспортту кантип алса болот?

Бул үчүн Кыргызстандын бардык аймагындагы биометрикалык маалымат чогутуу пунктуна барып, тиешелүү маалыматтарды тапшыруу керек. Мындай жайдан Бишкекте төртөө иштеп жатат, облустарда – паспорт-виза каттоо бөлүмдөрүндө, транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин аймактык бөлүмдөрүндө, почта бөлүмдөрүндө  60 пункт бар. Биометрикалык маалымат чогултуу жайларынын дарегин бул жактан таба аласыз. 

Биометрикалык маалымат деген эмне?

Биометрикалык маалымат— ар бир адам тууралуу уникалдуу, жеке маалыматты бере алган бармак изи, санариптик сүрөтү, электрондук кол тамгасы. Бул аркылуу адамдын өздүгүн эч жаңылыштыгы жок аныктаса болот, жасалмалоо мүмкүн эмес.

Биометрикалык маалыматын тапшыруу үчүн жаран төмөндөгүлөрдү көрсөтүшү керек:

— жеке идентификациялык номурун;
— паспортто көрсөтүлгөн бардык маалыматтарын;
— уюлдук телефон номурун;
— бардык манжаларынын изин;
— жүзүнүн санариптик сүрөтүн;
— кол тамгасын.

Жарандар биометрикалык паспортсуз чет өлкөгө чыга алышабы?

Ооба, жарандар биометриясы жок деле Кыргызстандан сыртка чыга алышат.  

Биометрикалык паспорт кантип пайда болгон?

Биометрикалык паспорттун тарыхы 2001-жылдын 11-сентябрында АКШда болгон жардырууларга барып такалат. Ошол окуядан кийин америкалык атайын кызматтар жаран тууралуу толук кандуу маалыматты камтыган документтин жаңы түрүн киргизүү зарыл экенин билдиришкен. АКШ биометрикалык паспорт киргизүүнү 2002-жылы сунуштап, аны 188 өлкө, анын ичинде Кыргызстан да колдогон. Бул Жаңы-Орлеан макулдашуусу деп аталат. 

Редакция OpenAsia
Редакция OpenAsia
Автор материала

Читайте также

Вернуться в начало