Опубликовано 07.04.2016

Бизди таң калтырган 10 кыргызстандык

Кыргызстан дүйнөнү ар кандай окуялар менен көп таң калтырып келет. Анткен менен республика өзүн жана Мекенин дүйнөгө тааныта алган адамдарга да бай. “Мейкин Азия онлайн” мекендештерин гана эмес, ошондой эле башка өлкөлөрдү да таңдандырган кыргызстандыктардын тизмесин түздү.


1. Бектур Искендер – TED конференциясында Борбор Азиядан алгачкы баяндамачы

bektour_lmndeit.kg.jpg

Бектур Искендер – Кыргызстанда белгилүү медиа адам. Ал жаш журналисттердин мектебинин жана курч саясий темаларды окуучулар жана студенттер даярдаганы менен белгилүү болгон Kloop.kg порталынын негиздөөчүсү. 2015-жылдын сентябрь айында Бектур TED конференциясында сөз сүйлөөгө чакырылган. Бул конференцияда өз чөйрөсүндө таасирдүү деп эсептелген адамдар гана сүйлөй алат. 2016-жылы ал кабарчылардын жаш мууну Кыргызстандагы журналистиканы кантип өзгөртүп жатканы тууралуу айтып берди.


"Өз баяндамамда мен негизги көңүлдү жаш журналисттер ар кандай окуяларды, мисалы, өкмөттөгү жемкорлукту кантип иликтеп келатканына бурдум. Ошондой эле 2010-жылы ыңкылап учурунда кантип иштегенибизди айтып бердим. Мындан тышкары биздин окутуу системабыз тууралуу да сөз кылдым. Бул системада практикага өзгөчө көңүл бурулат. Мен дагы көп нерсени айтайын дегем, бирок убакыт жетпей калды", - деди Бектур Kloop.kg сайтына.


2. Балбан Ташчайнар

kloop.kg.jpg

Ташчайнар деген ат менен белгилүү Нурлан Алишеров Кыргызстандагы эң күчтүү адам болуп эсептелет: ал тиши менен жыгачтан мыктарды сууруй алат, адам отурган диванды тиши менен көтөрөт, ошол эле тиштери менен автобусту жана машинелерди тарта алат. Ташчайнар бир нече рекорддордун ээси, Украинанын таланттар шоусуна катышкан. Кызыгы, Ташчайнар – экинчи топтогу майып, 20 жыл мурда бөйрөгүнөн ажыраган. 2010-жылдагы ыңкылап маалында сол колунун тарамыштары үзүлүп кеткен. Ал эми жубайы граната жарылып, көзүнөн ажыраган. 40 жаштагы балбандын өзүнүн үч баласы бар, дагы жети баланы асырап алган.


(YouTube каналында piki zver колдонуучунун видеосу)

3. 130 жаштагы Айша Атабаева

12339503_10209158402865019_6174102227120589004_o.jpg

айша.jpg

Ош облусунун тургуну Айша Атабаева 2016-жылы 131 жашка толот. Баласынын айтымында, өткөн жылга чейин ал үй жумуштарын өзү жасачу, тезек терип, тамак жасап, өмүр бою кара эмгек менен жан багып келди. Айша эне 1916-жылдагы Үркүндү да көрдү, 1941-45-жылдардагы согушту да тылда иштеп өткөрдү.


"Биздин жети бабабыз 100дөн кем жашаган эмес экен", - деп билдирди КирТАГ агенттигинин кабарчыларына уулу Абдималик Атабаев. Ушул тапта 130 жаштагы Айша Атабаеванын алты баласы, 30 небереси, 40 чөбөрөсү, сегиз кыбырасы бар.


4. Тилек Мамутов – Google компаниясында иштеген алгачкы кыргызстандык

vb.kg_tilek.jpg

Тилек Мамутов Борбор Азиядагы Америка университетин бүтүрүп, андан кийин ушул эле окуу жайда 2005-жылдан 2007-жылга чейин программдаштыруу факультетинде иштеген. Студент кезинде эле Тилек резюмесин monster.com сайтына киргизип койгон экен. Ал эми 2006-жылдын январь айында Google компаниясынан кат алат. Ал катта Тилектен “тамагы бекер, оюн залы бар компанияда иштегиси келеби?” деп сурашкан. limon.kg сайтына курган маегинде Тилек Google компаниясында иштеген маалда Кыргызстан жана Борбор Азия үчүн продукттарды локалдаштыруу демилгесин көтөргөнүн айтып берген. Алар: издөөнүн интерфейси, Google картасы, издөөдөгү клавиатура, Android телефонундагы клавиатура, Google компаниясынын майрамдык логотиптери, текстти автоматтык түрдө айтуу жана башкалар. 

 

(YouTube сайтындагы "Новости Кыргызстана Kloop.kg" колдонуучунун видеосу)


5. Валентина Шевченко – дүйнөдөгү аялдар арасында мыкты тайбоксчу
mma.tv.jpg

The Bullet (“Ок”) деген каймана ат менен чыккан 28 жаштагы кыргызстандык Валентина Шевченко муай-тай боюнча дүйнөнүн 11 жолку чемпиону, кикбоксинг жана К1 боюнча үч жолку дүйнө чемпиону, ММА боюнча эки жолку дүйнө чемпиону жана Бүткүл дүйнөлүк уруш искусство оюндарынын эки жолку жеңүүчүсү болуп эсептелет. Валентина ММА боюнча 2003-жылдан бери чыгып жүрөт, 12 кармашка чыгып, анын 11и жеңиш менен аяктаган. Валентина машыктыруучу Павел Федотовдун жетекчилиги алдында спорт менен 5 жашынан бери алектенип келет. 2008-жылы Валентина Шевченко “Дүйнөнүн мыкты тайбоксчу аялы” кубогунун жеңүүчүсү болгон. Бул кубокту ага Муай-тай эл аралык федерациясы ыйгарган.

(YouTube сайтында BSNEWS колдонуучунун видеосу)


6. Руслан Токочев – дүйнөнү автостоп менен кыдырып чыккан саякатчы
enot.kg.jpeg

Руслан Токочев – бишкектик графикалык дизайнер дүйнөнү өзү жалгыз кыдырып чыккан саякатчы. Ал Мекенине 2015-жылы – 588 күндөн кийин кайтып келген. Руслан Кытай, Непал, Индия, Шри-Ланка, Малайзия, Тайланд, Лаос, Камбожа, Вьетнам, Филиппиндер, АКШ, Эквадор, Колумбия, Гренада, Түркия, Грузия, Армения, Казакстан, Панама, Тринидад жана Тобаго, Англия жана Орусияда болду. Жарым жылдан ашык убактысын саякатчы АКШнын ар кайсы штатында өткөргөн.

enot.kg3.jpeg

Дүйнө жүзүн кыдырганга Руслан 15 миң доллардай акча короткон. Бул каражатты саякаттап жүрүп тапкан: Перудагы фермада альпактын жүнүн кыркса, АКШда унаа токтотмо жайда иштеген, Гренадада арбуз отургузган жана Нью-Йорктогу достору үчүн графикалык дизайн жасап берген.


"Азыр планымда айыл чарбасы бар. Мен коммерциялык дизайндан баш тартып, дыйканчылык менен алектенүүнү чечтим. Досторум менен чакан иш баштадым – биз жер-жемиш кургатып, ошону сатуу менен алектенип жатабыз. Мен Ысык-Көлгө көчүп барып, убактымдын басымдуу бөлүгүн ошол жакта өткөргүм келет", - деп айтып бердин Enot.kg сайтына Руслан.


7. Роза Отунбаева – Борбор Азиядагы алгачкы президент аял

sport.akipress.org.JPG

Роза Отунбаева 2010-жылы республиканын алгачкы аял президенти болуп азыркы Кыргызстандын тарыхына кирди. Ыңкылаптан кийин убактылуу өкмөттүн башына келип, андан кийин 1,5 жылга өткөөл мезгилдин президенти болуп шайланган. Роза Отунбаева дипломаттан баштап, саясатчы, оппозиционердин узак жолун басып өттү. 2011-жылдын соңунда шайлоо жолу менен Алмазбек Атамбаевге бийликти өткөрүп берген. Ушул тапта экс-президент “Роза Отунбаеванын демилгелери” фондун жетектейт. Аталган фонд Кыргызстандын социалдык, саясий, экономикалык өнүгүүсүнө көмөктөшчү программалар менен долбоорлорду демилгелеп, аларды ишке ашыруу менен алектенет.


8. Салижан Шарипов – Кыргызстандын алгачкы жана жалгыз космонавты

ru.sputnik.kg.jpg

Ош облусунда төрөлүп, өскөн Салижан Шарипов 1990-жылы Юрий Гагарин атындагы Космонавттарды даярдоо борборундагы советтик космонавттардын отрядына тандалып алынган. 1997-жылы космоско учууга даярдык көрүү үчүн АКШга Space Shuttle аттуу америкалык кеменин бортуна келген. 1998-жылдын январында Салижан Шарипов алгачкы жолу космоско учуп, ал жакта 8 күн жана 19 саат болгон. Космосто жүргөндө орусиялык “Мир” орбиталдык космосу менен бириккен. Шарипов экинчи жолу космоско “Союз ТМА-5” космос кемесинен 2005-жылы учкан. Бул ирет эки жолу ачык космоско чыккан. Салижан Шарипов кыргызстандык жана орусиялык космонавт болуп эсептелет жана “Кыргызстан Республикасынын Баатыры”, “Орусия Федерациясынын Баатыры” наамдарынын ээси.


2014-жылы космонавт 50 жашка толду.



(YouTube сайтындагы Новости России колдонуучунун видеосу) 


9. Атай Өмүрзаков – “сөөгү жок” бийчи
talantshow.ru.jpg

Көптөгөн эл аралык сынактардын жеңүүчүсү жана өтө ийкемдүү үйрөнчүк бийчи Атай Өмүрзаковду Кыргызстанда ар бир адам тааныйт. Электрбуги стилинде бийлеп жүрүп, Атай Германияда, Чехияда, Украинада жана Орусияда кеңири таанылды. Таланттар шоуларында элдин оозун ачырган жеңиштеринен кийин ал “Тумар КР” деп аталган бий триосун негиздеп, алар менен башка өлкөлөрдүн сахнасын багындырып келет. Ар бир бийин Атай аны Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жашаган апасына арнап келет. Ушул тапта “Тумар КР” дүйнөдөгү эң белгилүү бий жамааттарынын бири болуп эсептелет.



(YouTube сайтында Эрлан Камчыбеков аттуу колдонуучунун видеосу)


10. Азамат Сыдыков – пианист, “Алтын кубоктун” ээси

azamatsydykov.com.jpg

30 жаштагы кыргызстандык пианист Азамат Сыдыков 2009-жылы дүйнөнүн мыкты пианисти болуп табылган: Италиянын Корато-Барисиндеги пианисттердин эл аралык сынагында Азамат “соло аткаруучу” номинациясында биринчи орунду ээлеп, “камералык-вокал музыка” номинациясында Гран-при утуп алып, Алтын кубок жана Алтын дипломго ээ болгон. Бишкек шаарындагы Абдраев атындагы музыка мектебинин жана Москвадагы П.И.Чайковский атындагы Москва мамлекеттик консерваториясынын бүтүрүүчүсү Азамат Сыдыков ушул тапта Нью-Йоркто иштейт жана туруктуу жашайт. Азамат Нью-Йоркто Mannes College окуу жайын бүтүргөн. Азамат Нью-Йорктун атактуу “Карнеги Холлунда” чыккан кыргызстандык алгачкы музыкант. Пианист Германияда, Түркияда, Финляндияда, Иранда, Швейцарияда, Голландияда, Украинада, Кытайда, Италияда, Испанияда жана АКШда чыгармаларын аткарган. Ал кыргыз композиторлордун чыгармаларын АКШда жайылтып келатат – жакында эле Атай Огонбаевдин атактуу “Маш ботой” комуз күүсүн пианинодо аткарган.

(YouTube сайтында Azamat Sydykov аттуу колдонуучунун видеосу) 

Сүрөттөр:: namba.kz, lmndeit.kg, kloop.kg, vb.kg, mma.tv, enot.kg, sport.akipress.org, ru.sputnik.kg, talantshow.ru, azamatsydykov.com 
Редакция OpenAsia
Редакция OpenAsia
Автор материала

Читайте также

Вернуться в начало