Опубликовано 10.01.2017

Борбор Азиядагы бала төрөө салты: "Үчүнчүсү да кызбы? Ажырашабыз!"

“Дагы бир кыз төрөлсө, сени үйдөн кууп чыгам”. Эки же үч кызды катары менен төрөгөн Борбор Азиядагы  аялдардын дарегине ушундай маанидеги коркутуулар болот. Биздин аймакта эркек үчүн уул аркылуу тукумду улантуу эң башкысы деген пикир дагы деле жашайт, а кыз ашыкча чыгым, анткени келечекте ал башка үй-бүлөгө кетет эмеспи.


“Мейкин Азия онлайн” Борбор Азиядагы аялдар өз кызынан кантип арылаарын, мындай адаттын аягы эмне менен бүтөөрүн билип көрдү.


ТАЖИКСТАН


Өткөн жылы Тажикстандын Нурек айылынын тургуну Зухро Махмадерова кичинекей төрт кызы менен дарыяга боюн таштаганда, интернеттеги тажик колдонуучулардын көбү суициддин себеби боюнча өз болжолун айтышкан.


“Түшүнүктүү иш: төрт кыз, бир да уулу жок, байкуш аялды күн сайын айыпташкандыр, мына жыйынтыгы”, -деди “Азия Плюс” сайтына чыккан жаңылыкка комментарий калтырган “Юрист” деген колдонуучу.


“Катардагы адамга деле түшүнүктүү – маркумдун төрт кызы болгон, демек, күйөөсү жана анын жакындары кыз эле төрөйсүң  деп кысым көрсөтүшкөндүр”, - деп “Юиристти” колдоду “Конок” деген дагы бирөө.


Окуянын расмий себебин милиция азырга чейин жарыялаган жок. Анткен менен Дүйшөмбүнүн тургуну, төрт кыздын энеси Хуршеда Калонова жалаң кыздардын төрөлөшү энени өз өмүрүнө кол салууга жеткириши мүмкүн экенинен шектенбейт.


- Себеби жалаң кыздарды төрөдүм деп өзүңдү дайыма күнөөлүү сезүү, күйөөңдүн  жана анын туугандарынын айыптоолорун угуу, күйөөңдүн өз балдарынан уялышы. Ушул сезимдер менен жашоо кыйын. Мисалы, үчүнчү жана төртүнчү кызымда жолдошум төрөт үйүнөн чыгарууга келбеди, -дейт ал.


Хуршеданын кыздары – дени сак он үч, тогуз, жети жана беш жаштагы кыздар. Алар апасынын жанында тынч отуруп, өз ара шыбырашып жатышты. Бирок энеси  кайгысы тууралуу кеп баштаганда, жымжырт боло түшүшөт.


- Кайненем менин көзүмчө деле күйөөмө экинчи аял ал, мунуң жалаң кыз төрөйт деп кеңири айта берет.  Экинчимди төрөгөндө эле, үчүнчүсү да кыз болсо, ажыраш дей баштаган. Бирок менин күнөөм кайсы? Кыздарымчы? Алардын айыбы кайсы?


- Уулдуу болсом деген каалоосун күйөөңүз эмне менен түшүндүрөт?


-  Уулум болбосо, мени бейитке ким көтөрүп барат, карыганда ким карайт, тукумду ким улантат дейт.  Уулу бар туугандарынын алдында уялаарын айтат.


Жолдошунун кыялын орундатуу үчүн Хуршеда бешинчи төрөтүн пландап жүрөт.  Бул жолкусу да кыз болсо, үйдөн кетээрин ал түшүнүп турат.


- Баланын жынысы толук бойдон атадан көз каранды экенин сизге айтышты беле?


 - Ооба, дарыгерлер айтышкан. Бирок мындай сөздү күйөөмө айтыштан корком, биринчиден, ал ишенбейт, экинчиден, ого бетер жинденет, - дейт Хуршеда.


 - Мага келгендердин дээрлик эч бири ымыркайдын жынысы атадан көз каранды экенинен кабары жок, -дейт тажик дарыгери, акушер-гинеколог Мунира Ходжаева. – Муну мектеп программасы боюнча майда-чүйдөсүнө чейин түшүндүрсөң да, алар ишенишпейт, а көрөкчө баардык жоопкерчиликти аялына оодара салганды туура көрүшөт.


Ходжаева  мындай аянычтуу окуяларды аялдардан көп угат. Айтымында акыркы жылдары Дүйшөмбүдө түйүлдүктүн жынысын эрте мөөнөттө (аборт кылдырууга мүмкүн маалда) билүү  мүмкүнчүлүгү жаралды. Бул анализдин баасы кымбат экенине карабай, көп аялдар аны сөзсүз тапшырып, уул болбосо, күтпөгөн кыздан арылышат.


 - Эгер биринчи ымыркай кыз болсо, ата-энеси капаланат, бирок, эреже болуп калгандай, баланы сактап калышат; эгер экинчиси да кыз болсо – 50% учурда аборт жасатышат; а үчүнчүсү да кыз болсо, дээрлик 90% учурда түйүлдүктөн арылышат. УЗИге тарткан кесиптешим “эгер менин эркиме койсо, Тажикстанда болочок баланын жынысын аныктоого тыюу салмакмын” деген эле, - деп сөзүн улады Ходжаева.


Баса, адистердин айытымында, ушундай тажрыйбадан улам Тажикстанда 2015-жылдын 1-январына карата төрөлгөн кыздардын санынан эркек балдардын саны ашып түштү. Мисалы,  Статистика агенттигинин демография башкармалыгынын эсебинде, 2014-жылы өлкөдө төрөлгөн 100 кызга 112 бала туура келген.


Анткен менен Ходжаева кошумчалагандай, анын иш тажрыйбасында башка мисалдар деле болот. Кыздардын бактылуу аталары көбүнчө шаардагы, эң башкысы билимдүү калктын арасында кездешет.


Кыздар менен сыймыктанса болоорун жана сыймыктануу керек экенине тажикстандыктар өткөн жылы БУУнун Калкты жайгаштыруу фондунун өкүлчүлүгү өткөргөн сынакта ынанышты. Иш чара да “Кызым менен сыймыктанам”  деп аталган.


Сынак катышуучулары кыздарынын жетишкендиктери тууралуу айтып, сүрөттөрүн жөнөтүшкөн. Жалпысынан сынакка 78 дилбаян, 100 фотосүрөт жана 100 колдо тартылган сүрөт түшкөн. Раштын тургуну Нажмиддин Шариповдун дилбаяны мыкты деп табылган. Ал киши өзү 7-классты гана бүтүргөнүнө карабай, кызын Европада окута алды.


КЫРГЫЗСТАН


Мындай көйгөй Кыргызстанга да жат эмес. Бул өлкөдөгү эркектер деле өз тукумунун уланышына тынчсызданат, уулду көксөп күтүшөт, эгер кыялы орундалбаса, буга аялдарын айыпташат. Мисалы, Гүлбарчындын үй-бүлөсүндө ушундай болду.  Аны 21 жашында болочок жолдошу ала качкан.  Бир жылдан кийин кыз төрөдү.


- Биринчи бала болгон үчүн баары кубанды. Бирок күйөөм эмкисин уул төрөшүм керек экенин айтты.  Жакшы аял болууга аракеттендим, аз өтпөй эле дагы кош бойлуу болуп калдым.


Бирок УЗИде кыз төрөлөөрүн айтышкан.


- Мен корктум. Анткени күйөөм ичип, мага кол көтөрчү. Ал экинчи кызга кубанбай турганын түшүнүп, кызым сулуу жана акылдуу болуп төрөлсө экен деп тилей баштадым. Ушундай болсо гана аны атасы жана анын туугандары жакшы көрүшөт деп ойлодум, - деп түшүндүрдү Гүлбарчын.


Кыз энеси кыялдангандай төрөлдү, бирок Гүлбарчындын күйөөсүнө баары бир уул керек эле. Ал үчүнчү наристе тууралуу айта баштады.


-Кайненем уул төрөй албаган кандай аял дечү, - деп эскерет Гүлбарчын.


Үчүнчү жолу боюна бүткөндө ал дагы кыз болоорун эч кимге айтпады.


- Бул жолу эркек төрөлөт деп күйөөм катуу ишенди. Төрөткө да катышты. Бирок дагы кыз төрөлгөнүн көргөндө, ордунан турду да чыгып кетти.  Дарыгерлер аябай таң калышты. Мени палатага которушкандан кийин кайненем келип: “Гүлбарчын, дагы кыз төрөдүңбү? Баарына уул деп убада кылып, үчүнчү кызды төрөдүң” деп бүт ооруканага угузуп кыйкыра баштады. Жолдошумдун туугандары кызым үчүн эч нерсе алып бербеди. Чоң кыздарымдын кийимдерин кийип, өзүмдүн туугандарым кем-карчысын, коляскасын алып беришти.


Гүлбарчындын ата-энеси жаңы небересине деп жетнек беришип, эки тараптан туугандарын чакырды. Бирок тойго ымыркайдын атасы келбеди.


- Алгачкы кырк күндө мен аны такыр көрбөдүм. Кийин келип эле чатак чыгарды. Ичинде кызым уктап жаткан колясканы дубалга ыргыта салды. Коляска бекем болчу, баланы ошол сактап калды, -дейт аял.


Гүлбарчындын апасы үчүнчү кызга эч ким кубанбай турганын түшүнүп, ымыркайды өзүм багып алайын деп сунуштады.  


- Бирок 40 күндүк баласын ким башкага берет? Мен макул болбодум, баары жайына келет деп үмүттөнүп, күйөөмдүн туугандарына кызмат кылып, пайдасына жарайын деп аракет кылдым. Үйдөгү иштин баарын кылам: жыйнайм, кир жууйм, тамак жасайм, малды карайм, уй саайм. Ага кошумча үч кызды карайм. Бирок мени баары бир басынтышчу. Бир жолу кайненем: “Уул төрөйм деп, үчүнчү кызды төрөдүң, биз миллионер болгонсуп! Эми эч нерсе кылбай, моюнубузда отурасың” деди”, - деп өткөндү эстеди Гүлбарчын.


Ушундай сөздөрдөн тажаган аял үч кызын алып үйдөн чыгып кетти. Батирди ижарага алып, жумушка чыкты. Оңой болгон жок: мектеп, бала бакча, жумушка жетишиш үчүн алар таңкы беште турушчу; Гүлбарчын дем алуу, эмге өргүүсүз иштеди, күйөөсү жардам бербеди. Оорчулукка карабай, ал карьерасында чоң ийгиликке жетишти.


 - Мурдагы күйөөм менен дээрлик көрүшпөйм деле. Кийин ал үйлөнгөнүн, ал кыз төрөгөнүн билем, - дейт Гүлбарчын.


Ал эми төрт кыздын атасы Нарын байкеге мындай кыжаалатчылык  жат. 


- Биз балдарыбызды кыз же уул экени үчүн эмес, алар бар үчүн жакшы көрөбүз, - дейт ал. – Билесизби, ар бир кызымдын төрөтүнө катышкам жана баарында сөз менен айткыс бакытка жетип, аялыма, жогорку күчтөргө же биздин тагдырды жазгандарга кыз үчүн ыраазы болгом.  Көбү өзү уул кааласа керек эле деп ойлонушун түшүнүп турам. Ооба, уулдуу болгум келген, ал менин тукумумду улашы үчүн эмес, жөн эле аялым экөөбүз ар кайсы жыныстагы балдарды каалаганбыз. А эркек болууну ушунчалык көксөөнү мен жапайычылык дейм.  Байлыгы барлар болсо, ал байлыкты кызга деле мураска таштаса болот. Фамилияга келсек, атанын атын алып жүрүүгө кыздарда деле эркек балдардай эле мүмкүнчүлүк бар. Мисалы, президент Назарбаевдин үч кызы бар, айрым неберелери анын фамилиясында.


КАЗАКСТАН


Уулдуу болууну Казакстанда да кыялданышат.  Бирок коңшу өлкөлөрдөгүдөй аянычтуу окуялар аз. Мисалы, алматылык врач-гинеколог Ирина Захарова өзүнүн 32 жылдык иш тажрыйбасында  кыздын төрөлүшү ажырашууга алып келген учурду эстей албайт.


- Албетте, үч кызы бар үй-бүлө төртүнчүсүндө эркек болот деп үмүттөнөт. Дагы кыз төрөлөөрүн уккан аталар жиндилик кылбайт. Бирок аялын бешинчи жолу төрөөгө мажбурлашат, бешинчиси да болбосо, алтынчысы. Күттүргөн уул жарыкка келмейинче ушундай улана берет, -деп түшүндүрдү  дарыгер.


33 жаштагы астаналык Алия азыр кош бойлуу.  Анын үй-бүлөсүндөгүлөр - билимдүү адамдар, бардар жашашат. Өзү жана күйөөсү ири компанияда иштешет. Жубайлардын эки кызы бар. Сөзсүз уулдуу болуш керек деген ой аларга жат болууга тийиштей. Бирок андай эмес.


- Казак үй-бүлөлөрүндө эркек баланы көбүрөөк самашат. Ар бир аял биринчисин уул төрөп, дароо “кутулгусу” келет, - дейт Алия. – Уул болгончо төрөй берген үй-бүлөлөрдү билем. Бардык баланы кийин бага алышабы-жокпу мааниге ээ эмес.


Алиянын айтымында, кайын-журту, жолдошу, ал тургай эки кызы да уул төрөлүшүн кыялданышат.


- Өзүм да жалаң кыздар бар үй-бүлөдөнмүн. Апамды дайыма басынтып келишкен, азыр да ошентишет. Ал эркек төрөй албады. Дагы бир жолу аракет кылбаган экенмин да азыр өкүнөт. Казактарда “кыз үй-бүлөдөгү конок, убакыт келсе, күйөөсүнүн үй-бүлөсүнө кетет” деген макал бар.  Катар эркектерден кийин кыз төрөсөң деп турган учурларды көргөн эмесин. Адатта уулдар чоңойсо үйлөнүп, кыз алып келет дешет эмеспи.


Акыркы кезде Казакстанда экстракорпоралдык уруктандыруунун жардамында баланын “жынысына” буюртма берсе болот деген кептер көп айтыла баштады. Бирок эмбриолог дарыгер, “Приват клиник Алматынын” тиешелүү бөлүмүнүн башчысы Владимир Чистяков бул айың кептерди четке какты.


- Жынысты тандоого биздин өлкөдө тыюу салынган, - деди ал.


Казакстан 2007-жылы эле эл аралык документти – биология менен медицинанын жетишкендиктерин колдонуудан улам адам укуктарын жана беделин коргоо Конвенциясын ратификациялаган. Бул документте: “Көмөкчү медициналык технологияларды болочоктогу баланыны жынысын тандоо максатында колдонууга тыюу салынат. Бир гана мүмкүнчүлүк бар. Бул болочоктогу ымыркайга жыныс аркылуу өтүүчү ооруну алдын алуу үчүн” деп жазылган.


- Жынысты тандоого медициналык көрсөтмөлөр болгон учурда гана мүмкүн, -деп түшүндүрдү Чистяков.  Мисалы, эркек балдарга гана өтчү тукум куума оорулар бар. Ушундайда жынысты тандоого болот. Калган жагдайларда селекцияга тыюу салынган.


Чистяковго келип, уул суранган жубайлар көп эле болгон.


- Биз буюртма боюнча эркек бала жасай албайбыз деп түшүндүрөбүз. Буга мыйзам менен тыюу салынганын айтабыз, - дейт эмбриолог.


Баса, Чистяковдун клиникасына көп жыл бою бала көксөгөн жубайлар кайрылат. Уул же кыз болоору алар үчүн таптакыр мааниге ээ эмес. Наристесин колго алганда алар жараткандан жана дарыгерден бир гана нерсени сурап-тилешет: бала дени сак болсо болгону.

   Фото: Нозим Каландаров, www.slovo.kgwww.soros.kg

Редакция OpenAsia
Редакция OpenAsia
Автор материала

Читайте также

Вернуться в начало