Опубликовано 07.07.2016

CASA энергетикалык долбоору тууралуу эмнелерди билүү керек?

CASA энергетикалык долбоору тууралуу эмнелерди билүү керек?

CASA деген эмне?

Бул ири энергетикалык долбоор - Central Asia – South Asia (CASA). Ал Кыргызстан менен Тажикстандын энергетикалык тутумдарын Ооганстан жана Пакистан менен байланыштыруучу жогорку чыңалуудагы линияны курууну көздөйт. Долбоордун ишке ашышы өлкөлөргө бирдиктүү электр энергия рыногун түзүп, жарыкты жыл бою сатууга мүмкүндүк ачат. Кыргызстан менен Тажикстан жай айларында Азиянын түштүк өлкөлөрүнө 1300 мегаватт көлөмдө ашыкча жарыгын жеткирсе болот. 

Долбоордун ишке ашыруу үчүн эмнелерди куруу керек?

● “Датка” көмөк чордонунан (Кыргызстан) Тажикстандын Худжантына чейин (477 км) жогорку чыңалуудагы 500 киловаттык линия куруу керек;

● Сангтудада (Тажикстан) өткөрүмдүүлүгү 1300 МвТ айландыргыч (конвертердик) көмөк чордонун;

●Сангтудадан Кабул (Ооганстан) менен Пешаварга (Пакистан) чейин 750 чакырым жогорку чыңалуудагы туруктуу линияны куруу;

● Кабулда өткөрүмдүүлүгү 300 мВт айландыргыч (конвертердик) көмөк чордонун (электр энергиясын экспорт же импорттоону камсыздайт);

● Пешеварда өткөрүмдүүлүгу 1300 мВт  айландыргыч (конвертердик) көмөк чордонун куруу керек.

Долбоорду ишке ашырууга канча каражат керек?

Долбоордун баасы - дээрлик 1 миллиард доллар. Кыргызстандын салымы 233 миллион, Тажикстан – 314 миллион, Ооганстан – 354 миллион, Пакистан  - 209 миллион. Долбоорду ишке ашырууга Бүткүл дүйнөлүк банк 526, 5 млн долларды насыя жана грант түрүндө берип жатат. Ошондой эле АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттиги (USAID), АКШнын Мамдепартаменти, Улуу Британиянын Эл аралык кызматташуу министрлиги (DFID), Австралия эл аралык өнүгүү агенттиги (AusAID) да каржылык колдоо көрсөтүүдө.Мындан сырткары Ислам банкы долбоорго 70 млн доллар салганы жатат. Ушундай эле суммадагы каражатты Араб жана Кувейт өнүгүү фонддору инвестициялайт.

Кыргызстан менен Тажикстан Ооганстан менен Пакистанга электр энергияны экпорттоодон түшкөн акчадан насыяларды төлөөнү көздөп жатат
Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү

Долбоор боюнча сүйлөшүүлөр 2006-жылы Бүткүл дүйнөлүк банктын демилгеси менен башталган. 2008-жылдын августунда катышуучу-өлкөлөр долбоорду иштеп чыгуу үчүн  өкмөттөр аралык кеңеш жанан анын катчылыгын түзүү боюнча макулдашууга кол коюшкан. 2016-жылдын 12-майында Турсунзаде (Тажикстан) шаарында курулуш башталды. Долбоордун бүтүшү 2020-жылга мерчемделген. Бирок Пакистан менен Ооганстан бул линиядан жарыкты 2017-жылдан баштап эле алса болоору күтүлүп жатат. 

Кыргызстан менен Тажикстан кандай пайда көрө алат?

Ушул тапта Тажикстан миллиард кВт/саат электр энергиясын Ооганстанга экпорттойт. Өлкөдө сатууларды көбөйтүү үчүн гидроресурстар бар, бирок өндүрүү күчтөрү жок. Долбоор ишке ашса, Тажикстан жылына 150 млн доллар кошумча пайда табат.

Кыргызстан болсо дүйнөлүк энергетикалык тармакка кошула алат жана жай айларында ашыкча жарыкты сатуудан материалдык пайда табат. 

Долбоорго Борбор Азиядагы башка өлкөлөр кандай карайт?

Өзбекстан долбоорго каршы чыгып келет. Алардын пикиринде гидрообъектилер аймакта экологиялык көйгөйлөрдү жаратып, Өзбекстан, Казакстан жана Түркмөнстанда суу таңкыстыгы жаралышы мүмкүн.

Казакстан Ташкенттин кооптонууларын колдоору боюнча ачык билдирүү жасай элек. Астана CASA долбоорунун алкагында Ооганстан менен Пакистанга электр энергиясын экспорттоо жагын караштырып жатат. 

Жарандык коом долбоор боюнча кандай пикирде?

Бейөкмөт уюмдар жана эксперттер бир катар жагдайлар боюнча кооптонуусун билдирүүдө. Маселен, электр энергиясын сатуу ички рыноктогу таңкыстыкты жаратышы мүмкүн. Кыргызстан менен Тажикстандын Пакистанга электр энергиясын экспорттоо боюнча эл аралык милдеттемелери калктын аялуу катмарын жарыксыз калтырышы мүмкүн, бизнестин өнүгүшүнө терс таасирин тийгизүү ыктымалдыгы да бар.

Эмне үчүн бир катар эксперттер долбоорду ишке ашкыс деп эсептейт?

Эксперттердин пикиринде, CASA долбоору Тажикстандагы Рогун жана Кыргызстандагы Камбар-Ата ГЭСтерин кургандан кийин гана натыйжалуу болот. Бирок Кыргызстан Камар-Ата жана Жогорку Нарын каскадын куруу боюнча Россия менен макулдашууларын жыл башында жокко чыгарды. Эми жаңы инвесторлорду издеп жатат. Тажикстан болсо Рогунду куруу үчүн көп жылдардан бери инвестор издеп келет. 

Долбоор ишке ашса, ал убадаланган пайданы алып келеби?

Бул боюнча түрдүү пикирлер бар. Аскерий-саясий туруксуздук шартында  энергетикалык коридор Ооганстан менен Пакистандын аймагында үзүгүлтүксүз иштейт деген кепилдик жок.

Мындан сырткары алдыдагы 50 жылда мөңгүлөр дагы 30%га жоголот деген божомолду унутпоо керек. Долбоорлу ишке ашырууда ушул сыяктуу гидрологиялык тобокелдиктер эске алынган эмес.

Буга кошумча Тажикстан электр энергиясын толук көлөмдө Кыргызстансыз эле өзү экспорт кыла алаарын айтып келет. Андай болсо кыргыз тарап алган насыяны төлөө жагында маселе жаралбай койбойт.

Май айында Ооганстандын энергетика мнистри  бул линиядан Кабул электр энергиясын албай турганын, Пакистан үчүн транзиттик кызматты гана аткараарын билдирди.

“Эгер биз CASA долбоору боюнча электр энергиясын колдонсок, анда Борбор Азия өлкөлөрүнөн көп жылдар бою энергетикалык көз карандылыкта калып кетебиз. Бизде гидроэнергетикалык ресурстар жана инвестиция бар. Азыр Кабул энергетикалык көз карандылыкка чыгуу боюнча стратегия иштеп чыкты”,- деди ооган министри.

Редакция OpenAsia
Редакция OpenAsia
Автор материала

Читайте также

Вернуться в начало