Опубликовано 26.04.2016

Чернобыль тууралуу балким сиз билбеген он факт

1986-жылдын 26-апрелинде дүйнө жүзү чоң кырсыктын күбөсү болду. Чернобыль АЭСиндеги аварияга ядролук окуялардын эл аралык шкаласы (INES) боюнча мүмкүн болгон 7 баллдын жетөө тең коюлган. Бул деген ошол маалдагы эң ири техногендик авария дегенди билдирет. Ушундай эле коркунуч деңгээли 2011-жылы Жапониядагы “Фукусима-1” АЭСине ыйгарылган.


"Мейкин Азия онлайн" Чернобыль кырсыгы тууралуу айрымдар билбеген он фактыны чогултту.


1. Чернобылдагы авариянын кесепеттерин жоюуга бүткүл Советтер Союзунан 800 миңден ашуун киши катышкан. Алардын 600 миңи ЧАЭСте авариянын кесепеттерин жойгон деген расмий статус алышкан. Алардын көбүнүн ден соолугуна олуттуу зыян келтирилген. Мындан тышкары радиоактивдүү булгануу зонасында калгандар да жабыркаган. “Гринпистин” жана “Ядролук согушка каршы дарыгерлер” эл аралык уюмунун ырасташынча, авариядан кийин анын кесепеттерин жоюуга катышкандардын арасынан он миңдеген адамдар көз жумду. Европада он миңге жакын бала тубаса майыптуулук менен төрөлгөн, 60 миңден ашык кишинин калкан безинде рак оорусу табылган. Ал эми Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 2005-жылы берген маалыматына ылайык, Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепети ушул күнгө чейин тийип жатат жана жалпы жонунан дагы 4000 киши көз жумушу мүмкүн.

0.jpeg

2. Аймак 200 миң чарчы метрге чейин булганган. Салыштыруу үчүн: мындай аймакка Алматыдай 7 шаар, же толук бир Тажикстан же бир Кыргызстан бата алат.

8.jpg

3. Чернобыль АЭСиндеги аварияда 1945-жылы Хиросима жана Нагасакиге ташталган атомдук бомбадан 100 эсе көп радиация тараган.

1430036178_3.jpg

4. 200 тонна радиоактивдүү материал ушул күнгө чейин Чернобыль АЭСинде кала берүүдө. Талкаланган реактордун үстүнө орнотулган саркофаг урай баштады. Ушул тапта ЧАЭСте жаңы саркофагды куруу иштери жүрүп жатат. Бул үчүн каражатты эл аралык донорлор – негизинен Батыш өлкөлөрү берүүдө. Бул долбоордун бир олуттуу кемчилиги бар: ал объекттин ичиндеги туруксуз курулмаларды демонтаждоону, радиоактивдүү отундуу массаны чыгарууну жана аларды талапка ылайык көмүүнү караштырбайт.

Без имени-1.jpg

5. Учурда Чернобыль АЭСиндеги радиациялык фондун картасы төмөнкүдөй болуп турат. Радиациянын саатына 0,2 мкЗв болгону адам үчүн коркунучтуу деңгээл катары каралат. Ал эми саатына 1,2 мкЗв адамдын өлүмүнө алып келген көрсөткүч деп эсептелет.


6. Ушул күнгө чейин кырсык болгон жерден 30 километр аралыкта дүйнөдөн обочолонуп калган адамдар жашап келишет. Алар жер жемиш өстүрүп, чарбакты иштетишет.

Без имени-2.jpg

7. Чернобылга Америкадан жана Европадан туристтер экскурсияга келип турушат. Атүгүл “чернобылдык туризм” деген түшүнүк да бар. Бирок мындай учурда коопсуздуктун бардык эрежелери сакталып, атайын коргоочу костюмдарды кийишет.

5.jpg

8. Фукусимада радиоактивдүү уулануу аянтынан жабыркагандар Чернобылдагы кырсыкка салыштырмалуу он эсе аз. Бирок Фукусимада күн сайын өтө көп көлөмдө радиоактивдүү цезий жана стронций сууга кошулууда.

9.jpg

9. Чернобыль кырсыгы келтирген зыяндын суммасы 300 миллиард доллар деп бааланууда. Бул болсо Кыргызстандын 150 бюджетине барабар дегенди билдирет.

06.jpg

10. Өзбекстанда “чернобылчыларга” берилген жеңилдиктер 2014-жылы алып салынган. Борбор Азия өлкөлөрүндө Чернобыль АЭСиндеги кырсыкты жоюуга катышкандарды бардык жеңилдиктерден ажыратуу сунушу маал-маалы менен жаңырып турат. “Силерди ал жакка биз жиберген эмеспиз, - дешет айрым аткаминерлер. – Жеңилдиктериңерди Украинадан сурап алгыла”.

памятник чернобыльцам.jpeg

Тажикстанда кырдаал андан да жаман. Бир нече жыл мурда “Мейкин Азия” программасынын кабарчылары Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышкандар тууралуу репортаж даярдаган. Көрсө, бул өлкөдө атүгүл Чернобылчылардын биримдиги да жок экен, ал эми оорулуулар эптеп өлбөстүн күнүн көрүшүүдө. Назарыңыздарга ошол материалды сунуштайбыз.

Редакция OpenAsia
Редакция OpenAsia
Автор материала

Читайте также

Вернуться в начало