Опубликовано 27.11.2019

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев учурда кандай жагдайда?

Sputnik, Табылды Кадырбеков

Кыргызстандын мурдагы президенти АлмазбеК Атамбаев 2019-жылдын 8-августунан тарта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагында кармалууда. Азыркы учурда ал 14 оор жана өтө оор кылмыш кылганы тууралуу билдирүү алган. 15-октябрда кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошонушу боюнча баштапкы соттук угуу башталмак. Алмазбек Атамбаев бул иште шектүү катары өтүп жатат. Ага Жазык кодексинин 43-беренеси «Кылмышка кошо катышуу» жана 319-беренеси «Коррупция» боюнча айып тагылууда. Бирок, Кыргызстандын мурдагы президенти камерадан чыгуудан баш тартып, соттук отурумга барган жок.

Мурдагы президенттин жактоочусу Сергей Слесаревдун билдирүүсү боюнча, Алмазбек Атамбаев бийлик тарабынан сунушталган оюнга катышуудан баш тартты. «Ал өзүн күнөөлүү деп эспетебейт», — деди жактоочу. Алмазбек Атамбаев эгерде аны сотко күчтөп алып бара турган болсо, анда ачкачылык жарыяларын билдирген. Сот процесси жылып, ишти кароо Алмазбек Атамбаевсиз уланмакчы.

Эске салсак, кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгарылып, Кыргызстандан Орусияга учуп кеткен. Бул боюнча саясий жаңжал чыгып, бир катар адамдар кызматтарынан кетишкен. Бирок бул иш боюнча эч ким жоопкерчиликкке тартылган эмес.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулганы боюнча кылмыш ишин кайра жандантып, Ички иштер министрлигине 2019-жылдын апрелинде өткөрүп берген. Жалпысынан бул иш боюнча 19 адам өтүп жатат. Алардын арасында мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов, мурдагы башкы прокурор Аида Салянова, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы жетекчиси Зарылбек Рысалиев, мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагинбаева жана бир катар адамдар бар.

Кармоо мөөнөтүн узартуу

25-октябрда Бишкек шаардык Биринчи май районунун соту Кыргызстандын мурдагы президентин дагы эки айга камакта калтыруу тууралуу чечим чыгарган. Ал эми бир күн мурда, 24-октябрда, Конституциялык палата Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестик макамын алып салуу чечими мыйзамдуу деген чечим чыгарган.

Кыргызстан Социал-демократтар партиясынын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева Конституциялык палата чыгарган чечим тууралуу пикирин айтып, азыр соттор мындай айтканда «колго алынып», бийликке ыңгайлуу чечимдерди чыгарууда жана бул чечим ошону дагы бир ирет айгинелеп турат. Эске салсак, партиянын лидери – Алмазбек Атамбаев.

Саясат таануучу Игорь Шестаковдун айтымында, Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестик макамын алып салуу тууралуу сөздөр ал бийликтен кетери менен айтыла баштаган. «Биринчи жолу мындай сөздөр 2017-жылдын аягында эле башталган. Эсиңизде болсо, анын азыркы жактоочуларынын катарында кол тийбестик макамын эки жыл мурун алып салууну колдогон адамдар болгон», - деди Шестаков.

Шестаковдун пикиринде, Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестик макамын алып салуу августта Кой-Таш айылында болгон окуядан кийин болгон эң негизги меселелердин бири эмес. «Август айында болгон окуядан кийин Алмазбек Атамбаев күбө эмес, кылмышка шектүү катары болууда. Бирок ал соттун чакыруусун четке кагып, Кой-Ташта шоу уюштуруп жатып өзү баарын ушуга жеткизди. Азыр болуп жаткан окуянын сценарийин ал өзү жазды десек деле болот», – деген пикирде Шестаков.

Алмазбек Атамбаев өз үлгүсүндө мыйзам алдында баары бирдей экенин көрсөтө алды, – дейт Игорь Шестаков. «Алмазбек Атамбаев бийликте турган кезинде, президент укуктары жана милдеттери бар жөнөкөй эле жаран деп көп жолу айтып жүрдү. Азыр Атамбаев саясий режимдин курмандыгынын ролун ойногонуна карабастан, ал чынында мыйзам алдында баары тең экенин көрсөтүүдө», - дейт эксперт.

Ал эми ачкачылык жана камерадан чыгуудан баш тартканы тууралуу Игорь Шестаков – бул пиардын бир түрү деген ойдо. Атамбаев аны коомчулук унутуп калышын каалабайт жана ушундай жол менен өзүнө болгон кызыгууну козгоп турат.

 

Автор: Елена Агаркова

Редакция OpenAsia
Редакция OpenAsia
Автор материала

Читайте также

Вернуться в начало