Опубликовано 20.02.2020

СИЗДИН БАЛДАРЫҢЫЗ СЕКС ТУУРАЛУУ ЭМНЕЛЕРДИ БИЛИШИ ЗАРЫЛ

Tyler Spangler

Казакстандагы жаш өспүрүмдөрдүн үчтөн бир бөлүгү сексуалдык жактан активдүү. Бул тууралуу БУУнун Калкты жайгаштыруу фондунун (ЮНФПА) 2018-жылдагы изилдөөсүндө айтылат. Ошол эле учурда сурамжылоого катышкан өспүрүмдөрдүн 91% ВИЧ жана СПИД тууралуу толук маалыматы жок. Сексуалдык жактан активдүү өспүрүм кыздардын 16,7% мурда боюнда болгонун билдиришкен. Алардын көпчүлүгү (62%) көз жарышкан.

Мындан тийиштүү тыянак чыгарса болот – сиз балаңыз менен секс тууралуу сөз кылыш үчүн анын чоңоюшун күтүштүн кереги жок. Интимдик жашоо тууралуу өз убагында керектүү маалымат алуу менен жаш бала кандайдыр бир оорунун жана кескин турдө толкундануунун алдын алат. 

Биз БУУнун Калкты жайгаштыруу фондунун (ЮНФПА) адептик жыныстык жетилүү тарбия, балдарга секс тууралуу эмнени билиши керек жана алар менен кантип сүйлөшүш керек деген курстун авторлорунун бири Любовь Дорожкина менен пикир алыштык.

Фото: pixabay.com, yairventuraf
7-11 ЖАШ

«7-11 жаштагы мектеп окуучусун жыныстык тарбиялоо – бул биология, жашоодо керек боло турган кооптуу жүрүм-турум тууралуу билим. Бул куракта алардын денесинде боло турган өзгөрүүлөр тууралуу сөз кылыш керек», - дейт эксперт. 

Башында балдар жыныстык органдардын аталышын билиши керек. Кийинчерээк кыздарга этек кир (менструация), эркек балдарга поллюция деген эмне экенин түшүндүрүш зарыл. Өз убагында жана так айтылган маалымат өспүрүмдөргө келбети, дене түзүлүшүндөгү өзгөрүүлөргө байланыштуу кандайдыр бир комплекстерди алдын алууга жардам берет. Ошондой эле өзүн жана башкаларды сыйлап, өзүнүн пикиринин коргоп, кодулоого туруштук берип, башкаларга каршы дагы кодулоо көрсөтпөө. 

«Балдарды эч ким сексуалдык мамилеге мажбурлай албай турганын түшүндүрүп, көңүлүн буруш керек. Ошондой эле балдар менен адамдын жеке мейкиндиги, аны кучактап же кармаса болобу же болбойбу, бирдеме болсо эмне кылып, кимге кайрылуу керек деген маселелерди талкуулоо дагы зарыл», - дейт Любовь Дорожкина.

Фото: aboutkidshealth.ca
11-13 ЖАШ

Эксперттин айтымында, 11-13 курагында этек кири (менструация) башталган кыздар өзүнүн жыныстык органдарынын түзүлүшү, гигиена тууралуу маалыматы жана түшүнүгү болуш керек. Гигиенаны сактоо эркек балдар үчүн дагы абдан маанилүү. Жетинчи класстын окуучулары эркектердин жана аялдардын жыныстык мүчөлөрү кандай болору тууралуу маалыматы болушу зарыл.

Фото: pixabay.com, pexels
13-16 ЖАШ

13-16 курагынан тарта Любовь Дорожкинанын айтымында, өспүрүмдөргө адамдын анатомия жана физиологиясы тууралуу дагы бир ирет айтып, түшүндүрүп берген оң. Жыныстык катнаш, боюнда бүтүү, контрацепция тууралуу айтып берген туура болот. Антпесе балдар деле кыздар деле өспүрүмдөрдүн арасындагы туура эмес түшүнүктү чындык катары кабыл алышы ыктымал. 

«Өспүрүмдөр маалыматты досторунан угуп көрүп, интернетте издешет. Ал жакта порнография дагы жол ачык эмеспи. Өз кезегинде порнография туура маалыматтын булагы деп айтканга болбойт. Ошондуктан мындай маалыматтын айынан өспүрүмдө сүйүү жана жыныстык мамиле жөнүндө туура эмес түшүнүк пайда болуп, ага терс таасирин тийгизиши ыктымал», - дейт педагог.

Любовь Дорожкинанын пикиринде, жаш өспүрүмдөргө сексуалдык зомбулук, сексуалдык ыдык тууралуу түшүндүрүп, баардыгы алардын каалоосу менен гана болуш керектигин айтып, чоң класстагы кыздарга боюнда бүтүп калуу коркунучу бар экендигин унутпоону эскертүү абзел. 

Фото: pixabay.com, Anqa
МЕКТЕПТЕРДЕ БАЛАКАТКА ТАРБИЯЛОО САБАГЫ КЕРЕКПИ?
Фото: pixabay.com, Free-Photos

Мектептерде балакатка тарбиялоо сабагы керекпи деген суроого эксперт мындай деп жооп берүүдө: азыркы учурда коом саламат жашоо мүнөзүн тандап, туруктуу үй-бүлө курууга даяр жаштарга муктаж болуп турганда, билим берүү тармагынын алдында чынында иштей турган жыныстык тарбиялоо системасын өнүктүрүү, жаштарды социалдык жана психологиялык жактан үй-бүлө курууга даярдоо тапшырмасы турат.

Бул тууралуу кепти эртерээк баштагыла, чынчыл болгула, көптөгөн ыңгайсыз суроолорго жооп берүүгө даяр болгула. Ушундай учурда гана жаш балага мындай темада сүйлөшүү комфорттуу болуп, сизге ишене алат.

Фариза Оспан
Фариза Оспан
Автор материала

Читайте также

Вернуться в начало