Опубликовано 24.12.2019

БОРБОР АЗИЯНЫН ЭКОНОМИКАСЫН 2020-ЖЫЛЫ ЭМНЕ КҮТҮҮДӨ?

pexels.com

Ар бир жылдын аягында адаттагыдай жылдын жыйынтыгы чыгарылат. 2019-жыл Борбор Азияда саясий өзгөрүүлөрдүн жылы болду. Өкүнүчтүүсү, экономика аймактын тургундарынын ээсинде масштабдуу позитивдик жылыштар менен кала алган жок. «Мейкин Азия» (TheOpenAsia) финансы боюнча консультант Расул Рысмамбетов менен пикир алышып, Борбор Азиядагы үч мамлекеттин экономикасын 2020-жылы эмнени күтүшү зарылдыгы туурасында сөз кылдык. Эксперт Казакстанда, Кыргызстанда жана Өзбекстанда долбоорлорду ашырып келе жаткандыгына байланыштуу ушул үч өлкөгө басым жасады. 

КАЗАКСТАНДЫН, КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАНА ӨЗБЕКСТАНДЫН ЭКОНОМИКАЛАРЫ БИРИ-БИРИНЕ АТААНДАШ ЭМЕС. ОШОНДУКТАН САЯСИЙ ЛИДЕРЛЕРИ СҮЙЛӨШҮП БИР ПИКИРГЕ КЕЛЕ АЛЫШСА, ТЕСКЕРИСИНЧЕ ҮЧ ӨЛКӨ ТЫГЫЗ КЫЗМАТТАШТЫКТЫН ЖАРДАМЫ МЕНЕН ИНВЕСТИЦИЯЛЫК ИМИДЖИН КЫЙЛА ЖАКШЫРТА АЛАТ, – РАСУЛ РЫСМАМБЕТОВ
— Расул Рысмамбетов
КАЗАКСТАН

Импортко караганда экспорттун көбөйүшү улана берет. Бирок даяр продукцияны экспорттоо эмес, болгону сырье гана. Казакстан үчүн саясий транзиттин башталышына байланыштуу импорттун кымбаттоосу улана берет. Жаңы президент өнүгүүнүн жаңы программасын алдыга жылдыруу үчүн өкмөттүн экономикалык блогун жаңылатууга аргасыз болот. Реформанын логикасына таяна турган болсок, жаңы программаны жаңы башкаруучулар ишке ашырышы керек. Ал эми өкмөттүн курамы өзгөрүшү бара-бара аймактардагы акимдердин алмашуусуна алып келет. Мындай божомолдоо корпоративдик башкаруунун теориясына негизделген, ага ылайык жаңы стратегияларды жаңы адамдар ишке ашырышы керек. 

Керемет болбой калып, нефттин баасы бир баррель үчүн 70-80 долларга же анда дагы жогору баага өспөй калса – тенге күчтүү валюталарга [АКШ доллары, евро] каршы күчүн кетире баштайт. Эгер Улуттук банк учурдагы инфляциялык таргетин уланта берсе, экономиканы кредиттөө барган сайын кыскара берет. Анткени азыркы учурда бул акча-кредиттик саясаттын жалгыз варианты болууда. Бизнестин 2020-2025-жылдар үчүн “жол картасынын” ишке ашырылышы абалды тез арада оңдоого

жардам бере албайт. AQR (активдердин сапатын баалоо) жыйынтыгы боюнча бир нече баннкттарды жаба турган болсо, кредит берүү жаатында жылыш болот, бирок бул күзгө чейин эле. 

Казакстандык чакан жана орто бизнес менен көйгөйлөр улана бермекчи. Салык тармагындагы өзгөрүүлөр бизнести көмүскөгө түртүп, айлыктарды конветтерде берип, жашыруун иш алып барууга мажбурлашы мүмкүн. Казакстан азыркы тапта чет элдик түз инвестицияларга өтө деле муктаж эмес. Кеп бар нерсени башкаруунун эффективдүүлүгүн жогорулатуунун зарылдыгында болуп жатат. 

Жалпысынан Казакстандын экономикасы өчүп бараткандай көрүнөт. Олигархтардын эски командасы көчүүгө даярданып, өздөрүнүн камылгалык аэродромдорун калыбына келтиришүүдө. Жаңы олигархтар жок, мамлекеттик бюджет катып калды. 

Жарандарга түшүнүктүү жана так жаңы экономикалык программа керек. Эгер андай болбой турган болсо – психологиялык жактан пессимизм экономиканы кыса баштайт. 

Кыргызстан

Келерки жылы Кыргызстан өзүнүн бизнес моделин улунта бермекчи: Евразиялык экономикалык биримдиктин аймагына өзүнүн өндүрүшүн сатуу жана кытай товарларын реэкспорттоо. Өлкө инфраструктуранын жана негизги каражаттардын жаңылануусуна муктаж. Ошондуктан Кытай – Кыргызстан Өзбекстан темир жолунун курулушун, же бир катар эл аралык, шаар аралык жолдорду куруу боюнча долбоорлор эмки жылы башталышы мүмкүн. 

Кыргызстанда чакан жана орто бизнес жакшы өнүккөн, экономика үчүн жана жумуш орундарын түзүүдө маанилүү ролду ойнойт. Ошондуктан тамак-аш, даяр текстилдик продуктылары жана туризм экономиканын маанилүү, туруктуу компоненттери болуп кала берет. Кыргызстандын экспортунда (жалпы экспорттун 40-42%) алтын чоң орунду ээлейт. 

Кыргызстан эмки жылы Евразиялык экономикалык бирлигинин алкагында өзүнө өзгөчө шарт түзүү боюнча иш алып барышы мүмкүн деп болжолдосо болот. Себеби азырынча Евразиялык экономикалык бирликтеги мүчөлүк өлкөгө чет жактан инвестиция тартууга бир аз тоскоолдук кылууда. 

Кыргыз сомунун курсу, менин оюмча, кичине төмөндөшү ыктымал. Себеби кыргыз бизнеси ликвиддүүлүк жок кыйналууда. Чакан жана орто бизнес көбүрөөк ликвиддүүлүк алыш үчүн сомдун курсу бир аз төмөндөшү керек.

ӨЗБЕКСТАН

Өзбекстандан келген жагымдуу кабарларга карабастан – 2020-жылы кандайдыр бир керемет болуп кетип, өлкө бир заматта өнүгүп кете албайт го.

Жаңы президент кыйрап бараткан экономикага келди. Азыркы учурга чейин экономиканы калыбына келтирүү процесси жүрүп, көмүскө тобокелдерди издөөдө. Өзбекстан инфраструктураны жаңыртууга, бат жана эффективдүү социалдык программаларга өзгөчө муктаж болууда. Андын тышкары, өлкө азырынча сырттан  аз эле түз инвестиция тарта алды, бул экономиканын өнүгүшүнө керектүү көлөмдөн аз. 

Ошондуктан орус жана өзбек олигархтары тарабынан азырынча менчиктештирүү процесси даректүү жүрүүдө. Президент тигил же бул долбоордун баалуулугун түшүнүү үчүн инвесторлордун баардыгы менен эле жолугушууда десек болот. 

Өзбекстанда терс соода балансы байкалууда. Бул эл акчаны көп коротуп жатканын айгинелейт. Республиканын көмүскө резерви бар – ал башка өлкөлөрдөгү өзбек диаспораларынын колундагы чоң көлөмдөгү каражат, ал банк системасынын сыртында. Ошондуктан Өзбекстан өзүнүн инвесторлорун экономикалык жактан эркиндик берилет деп ынандыра алса, экономикасын кыска мөөнөттүн ичинде өнүктүрүп алышы ыктымал.

Өзбекстанда чакан жана орто бизнес ар дайым активдүү болуп келген, өзгөчө бизнестин микро сегменти. Азыркы учурда кредиттик ресурстарга болгон мүмкүнчүлүктөрдү эске алсак, Өзбекстандагы бизнес өсүп-өнүгүп Казакстандын, Россиянын жана Кытайдын рыногуна чыга баштайт деп божомолдосо болот. 

Соодадагы терс балансын эске алсак, өзбек сумунун курсунун төмөндөшү күтүлүп жатат. Бирок регулятор валюта курсунун өтө төмөндөшүнө жол бербеш керектигин түшүнүүдө. 

Айдана Токтаркызы
Айдана Токтаркызы
Автор материала

Читайте также

Вернуться в начало