Опубликовано 18.11.2019

Эмоционалдык алсыроо эмнеге оору жана андан кантип айыкса болот – психотерапевт түшүндүрөт

jcomp, www.freepik.com

Уйкусуздук, мелатонин бар витаминдер, паникалык чабуулдар жана алсырап чарчагандык сезими. Кофе, йога, туура тамактануу, түркүн психология тууралуу китептер, аффирмация жана жайдары маанай күтүлгөндөй эффект берген жок. Белгиленген мөөнөткө ишти бүтүрүш үчүн күч топтоого бардык витаминдерди ичүүгө даяр болчумун. Убакыт соңуна чыгып баратты, ал эми ишти бүтүрүүгө алым деле калбай калган.

Эмоционалдык алсыроо – диагнозун психотерапевт койду, ал эми менин ар-намысым сандырак жана ишти үзгүлтүккө учуратуу деди. Кооз угулат бирок түшүнүксүз жана бул «иштериң кандай» деген суроого универсалдуу жооптой сезилет. Бирок мындай диагнозду стресс болуп жүргөн менин тааныш-досторумдун баарына эле коюшкан. .

Эгерде академиялык тил менен айта турган болсок, эмоционалдык алсыроо – бул өнөкөт стресстин айынан чыгып калыптанып калган синдром. Паникалык чабуул, стресс жана эмоционалдык алсыроо тууралуу биз психотерапевт Рашид Азизов менен сүйлөштүк. 

Рашид Азизов адамдын иштөөсүн бир учурда бир нече маанилүү тапшырма берилген компьютер же гаджеттин ишмердиги менен салыштырат. 

ӨНӨКӨТ СТРЕСС ЖЕ ЧАРЧАП ЧААЛЫГУУ ЖЫЙЫНТЫГЫНДА ЭМОЦИОНАЛДЫК АЛСЫРООГО АЛЫП КЕЛЕТ. БУЛ ПРОЦЕСС КОЮЛГАН ТАПШЫРМАЛАР ЭЧ ЭЛЕ ЧЕЧИЛБЕЙ ЖАТКАНДА БОЛОТ. СЕБЕБИ БУЛ ТАПШЫРМАЛАР КАНДАЙДЫР БИР ДЕҢГЭЭЛДЕ ООР, ТАТААЛ ЖЕ БОЛБОСО КАЙРА-КАЙРА ЖАҢЫ МААЛЫМАТТАР МЕНЕН ТОЛУКТАЛЫП ТУРГАН УЧУР. МУНУН АЙЫНАН МАШИНА ЫСЫП КЕТЕТ. МАШИНА ЫСЫП КЕТСЕ ЭМНЕ БОЛОТ? АЛ ТУУРА ЭМЕС ИШТЕП БАШТАЙТ, БЕРГЕН КОМАНДАРЛАРДЫ ТАК АТКАРА АЛБАЙ КАЛАТ ЖЕ КАТА КЕТИРЕ БАШТАЙТ. ӨНӨКӨТ ЧАРЧАП ЧААЛЫГУУ ДЕГЕН УШУ, МАШИНА ЫСЫП КЕТИП ТУУРА ЭМЕС ИШТЕП ЖАТКАН УЧУР
— Рашид Азизов

Башкачы айтканда, адамдар машина эмес, бирок машина дагы эс алат. Бирок менин ичимдеги отличник багынгысы келген жок. Тарыхка кайрылсак, биздин ата-энелерибизде эмоционалдык алсыроо деген болгон эмес. Негизи эле алар психилогдорго барган эмес. Улуу муун акчаны жана убакытты текке кетирүү катары сыпатташат. Бизде азыр алардыкына салыштырмалуу жашоо шарты кыйла жакшы.

Буга Рашид Азизов эмоционалдык алсыроо деген түшүнүк биринчи жолу америкалык психолог тарабынан 1970-жылдары жазылып колдонулган деп жооп берет. Мындай абал социалдык кызматта иштеген ыктыярчылардан байкалган. Алар күнүгө көптөгөн адамдар менен жолугушуп, ишмердигине байланыштуу башка адамдарга боору ооруп, аяп жүрүп ушундай абалга келишкен. Бара-бара ыктыярчылардын бардыгында бирдей симптомдор байкалып, алар кыжырланып, бат жини келип, ачууланып, өтө чарчашып, концентрациясы кетип, маанайы чөгүп калган. Бул диагноз кечээ пайда болгон жок, болгону адамдар буга өтө деле көп  маани беришчү эмес. 

Бүгүнкү күндө бул феномен бир аз өзгөрүлүп калды. Эмоционалдык алсыроо эки типке бөлүнөт: жумушка байланыштуу алсыроо жана мамилеге байланыштуу жеке алсырап-чарчоо. Эске салсак, 2022-жылдан тарта Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму эмоционалдык алсыроону эл аралык оорулар классификациясына которууда. Рашид Азизовдун айтымында, адамдардын көпчүлүгү азыркы учурда психотерапевтерге ушул диагноз менен кайрылууда.

АДАМДАР ӨЗДӨРҮНҮН АБАЛЫН ЖАКШЫ ТҮШҮНҮП, АНЫКТАЙ БАШТАШТЫ. БИРДЕМЕ БОЛСО АДИСТЕРДЕН ЖАРДАМ СУРАП КАЙРЫЛУУДАН УЯЛЫП ТАРТЫНБАЙ КАЛЫШТЫ
— Рашид Азизов
ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?
www.freepik.com

Кантип диагноз коюп, «уктап, шоколад жесең» деген кеңеш менен айыкса болбойт экенин кантип түшүнсө болот? Ушул маселеде жообу камтылат дейт Рашид Азизов. 

«Эмоционалдык алсыроо ар кандай симптомдор менен пайда болот. Эң көп жайылганы – астения абалы. Астенияны нерв системасынын чарчоо процесси десек болот. Бул учурда адам дайыма өзүн чарчагандай сезип, бат талып, тез кыжырланып, нааразы болуп, жини келип, түшүнүксүз жооп кайтарышы мүмкүн. Эң башкысы, бул абал эс алуудан кийин дагы кетпейт», - Рашид Азизов.

Эгер сиз: 

  • Жумуштан өргүү алып, эс алган болсоңуз, бирок андан кийин дагы абалыңыз өзгөрбөсө, кыжырлануу жана чарчануу сезимиңиз кетпеген болсо; 
  • Уктай албай кыйналсаңыз. Гаджеттердин баарын өчүрүп, эрте жатып эс алайын дегениңизге карабастан ар кандай ойлордун, чочулоонун айынан уктай албасаңыз; 
  • Эртең менен деле чарчап турсаңыз, кофе, ар кандай витаминдер жана энергетиктер жардам бербесе; 

Абалыңыз ушундай болсо сөзсүз чара көрүш керек, болбосо абалыңыз мындан ары дагы өрчүшө берет. Мындай учурда кимге кайрылуу керек: психологгобу же психотерапевткеби?

«Баштапкы этабында психологиялык коррекция методун колдонуу менен психолог жардам бере алат. Артыкчылыктарды туура коюп, чыныгы муктаждыктарды аныктоого жардамдашат. Бирок дене-мүчөсүнө тийиштүү болсо, анда албетте психотерапевтке баруу зарыл», – деп түшүндүрөт Рашид Азизов.

УБАКЫТТЫН ТААСИРИ

Биз азыр жетишкендик доорунда жашайбыз, ошондуктан сен өзүңдүн квалификацияңды жогорулатып, тренингдерде барып, марафондорго катышып турбасаң туура болбойт. Мына сен чуркап, максатыңа жеттиң бирок каалаганыңды ала алган жоксуң, тескерисинче эмоционалдык жактан алсырап калдың. Же биздин абалыбызга азыркы доордун таасири тийип жатабы?

Рашид Азизов бул көйгөй аябай кеңири тарап кетти дегенге кошулат. Социалдык тармактарда биз айрым профилдерде адамдар өздөрүн ийгиликтүү бизнесмен, спортсмен, үй-бүлөлүү жакшы адам деген көз карашта өзүн даңазалаганын байкайбыз. Же болбосо ар бир баласына көңүлүн бөлүп жетише билген көп балалуу эне, ошол эле учурда күйөөсү дагы сонун адам болгону аз келгенсип, көп китеп окуп, айнек текчесинде органикалык помидорлорду өстүрүп, балет, театрга барып, көл жээгинде эс алып, бардык жагынан ийгиликтүү өңүттө көрсөтүшкөнүн көрүп жүрөбүз. 

МЕНИН ПИКИРИМДЕ, КӨПЧҮЛҮК УЧУРДА БУЛ ЖӨН ЭЛЕ АМАЛКӨЙЛҮК. АДАМЗАТЫ ӨЗҮ НЕГИЗИНЕН ЭЛЕ УШУНДАЙ ЖАРАЛГАН. АДАМ БАЛАСЫ БИР УЧУРДА БИР НЕЧЕ ИШТИ КЫЛЫП ЖАТЫП БАРДЫК ТАРМАКТА 100% ИЙГИЛИКТҮҮ БОЛО АЛБАЙТ. БИРОК БИЗГЕ МУНУ ДЕМОНСТРАЦИЯЛАГАНГА ЭЧ КИМ ТЫЮУ САЛГАН ЖОК
— Рашид Азизов

Көпчүлүк адамдар ушун баарын көрүп жаңылыштык пикирде болгондуктан, ошонун баарын өз жашоосунда дагы ишке ашыргысы келет. Анан кайсы бир мөөнөттөн кийин аларда чарчоо, чаалыгуу сезими пайда боло баштайт. 

«Анан дагы субдепрессиялык мүнөздөгү кандайдыр бир ойлор келе баштайт. Өзүн кемситип, жемелеп, башкалардын колунан келди, менинкинен келген жок деп. Мен начар, лузер, менин колуман келген жок деген ойлор», – дейт Рашид Азизов.


Мындай көрүнүштөн арылыш үчүн социалдык тармактардан толугу менен баш тартуунун кажети деле жок. Рашид Азизов болгону критикалык ой жүгүртүүнү жогорулатууну сунуштайт. 

«Канчалык деңгээлде мунун баары болушу мүмкүн, бул чындыкпы, оюн эмеспи, фейк эмеспи, жөн эле демонстрациялоо эмеспи деген өңүттө караш керек. Өзүңдүн эмоционалдык абалыңды туруктуу абалда кармоону үйрөнүш керек. Билесиңерби белгилүү бир сөз бар, дубадай угулат: Мен эмнени өзгөртө алсам, ошону өзгөрткөнгө күч-кубат бер, мен эмнени өзгөртө албасам ошонун баарын көтөрүп кетүү үчүн чыдамкайлык бер, эң негизгиси биринчисин экинчиден айырмалоо үчүн акыл бер».

Акыл бир гана тынч, кандайдыр бир эмоцияга алдырбай жай турган абалда гана бардыгына объективдүү баа бере алат. 

Айнура Калдыгулова
Айнура Калдыгулова
Автор материала

Читайте также

Вернуться в начало