Опубликовано 08.01.2020

Борбор Азия үчүн жыл жыйынтыгы

Казахстан

2019-жылы Казакстандын талаалары бир топ эле чайкалды – адамдардын өмүрүн алган трагедиялар, саясий орун алмаштыруулар, митингдер жана атын өзгөртүү да орун алды. Кайгылуу окуялар аз болгон жок, эң чоң кайгы Жаңы жылдын алдында болду.

Алматынын жанындагы авиакырсык

27-декабрда аэропорттун аймагынан эми эле учуп чыккан жүргүнчү ташыган учак кулап түшкөн. 15 адам каза болду. Жергиликтүү Bek Air авиакомпаниясына таандык Fokker-100 учагы Алматыдан Нур-Султанды көздөй сапар алган. Учактын ичинде 93 жүргүнчү жана экипаждын беш мүчөсү болгон.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, учак асманга көтөрүлгөндөн кийин көп убакыт өтпөй кулап баштап, бетон дубалды сүзүп өтүп, курулуп жаткан эки кабат имаратты сүзгөн. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 15 адам каза болуп, 47 адам ооруканага жеткирилип анын ичинен 18 өтө оор абалда.

Fokker үлгүсүндөгү учактарды колдонууну жана Bek Air авиакомпаниясынын ишмердиги окуянын бардык жагдайларын аныкталганга чейин токтотулган. 28-декабрь Казакстанда жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланган.

Нур-султанда 5 бир тууган кыз бир түндө көз жумду

4-февралга караган түнү Астана шаарынын (азыркы Нур-Султан) Коктал-1 калктуу конушундагы жеке үйдө өрт чыгып, беш бала күйүп кеткен. Жаш балдардын эң кичүүсү бир жашта болсо, улуусу 13 жашта эле (2006, 2009, 2014, 2016 жана 2018-жылы туулган). 

Мерт болгон жаш балдардын ата-энеси кырсык болгон күнү түнкү сменага жумушка чыгышкан. Себеби көп балалуу үй-бүлө бир аз тартыш абалда жашап, көптөгөн кредиттерди төлөп келген. Баардыгы чакан үйдө жашашып, жөнөкөй эле мешти колдонушкан. Мына ошол меш кайгылуу окуянын себепкери. Балдардын баары каза болуп, 5-февралда жерге берилген. 

Бул окуядан кийин Ситерлердин үй-бүлөсүнө батир белекке берип, кредиттеринин баары кечирилген. Өлкөдө көп балалуу үй-бүлөлөрдүү колдоо, аларды үй менен камсыздоо жана социалдык төлөмдөр менен камсыз кылуу сыяктуу маселелер көтөрүлө баштаган. Мындай маселелерди байма-бай көтөтрүүнүн жыйынтыгы катары 2019-жылдын жайында көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө кредиттери кечирилген.

Арысдагы жарылуу жана шаарды эвакуациялоо

24-июнь күнү Чымкент шаарына жакын жайгашкан шаарчанын тургундары Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскер бөлүгүндөгү ок-дары сакталган кампасындагы жарылуудан улам чочуп турушкан. Кампада жардыргыч заттар жарылып, жакынкы аймактарга чейин учуп, турак үйлөргө тийген. Жарылуудан шаардагы үйлөрдүн 85% эшик-терезелери, чатырлары талкаланганы кабарлаган. Бир жергиликтүү тургун жана 2 аскер кызматкери каза тапкан.

40 миң тургуну бар шаар толугу менен жакынкы Чымкент шаарына көчүрүлгөн. Казакстандын бардык аймактарынын Арыстын тургундарына акча каражатын жана гуманитардык жардам жөнөтүшкөн. 

Шаарды калыбына келтирүү облустардын акиматтары жана республикалык маанидеги шаарлардын ортосунда бөлүштүрүлгөн. Азыр күндө шаар толугу менен оңдолуп, калыбына келтилирди.

Кыргызстан

Казакстандын түштүктөгү кошунасы 2019-жылы саясий чатакка батып, паракорчулук, кызматтан кетүү жана тууганчылык тууралуу сөздөр көп болду.

Экс-президенттин үйүнө штурм

7-август күнү кечинде атайын кызматтын кызматкерлери өлкөнүн мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин резиденциясына штурм баштаган. Атайын операция Бишкек шаарына жакын жерде жайгашкан Кой-Таш айылында өткөн. 

Атайын кызматтын бир кызматкери каза болду. Ошондой эле штурм учурунда 45 адам ар кандай жарат алып, алардын 15 укук коргоо органдарынын кызматкерлери. Атайын операция башталганда резиденциянын аймагында Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары чогулуп тургандыктан эки тараптын кагылышына алып келген. 

Мындай катуу чаранын колдонулушуна Кыргызстандын мурдагы мамлекет башчысынын 2011-2017-жылдары президент кезинде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча суракка баруудан бир топ жолу баш тартканы себеп болгон.

Баары балдар үчүн – контейнер мектеп
asattyk.kg

Сентябрдын башында Интернетте Нарын облусунун администрациясынын кызматкерлеринин темир контейнерлердин жанында тартылган сүрөтү жарыяланган. 

Нарын облусунун администрациясы сүрөттүн чындыгын далилдеп, жаңы окуу жылында контейнерден жасалган мобилдик мектеп орнотулуп, анын ачылышы өткөнүн, ошол учур сүрөткө тартылганын кабарлаган. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кеңеш айылындагы мектептин имараты авариялык абалда экенин билдирип, балдарды ал жакта окутуу кооптуу деген корутунду чыгарган. Бул маселени чечүү үчүн алты контейнер жылууланып, орнотулган. Ал жакта балдар суук түшкөнчө деп эки сменада убактылуу билим алышкан.

Коомчулук жана социалдык тармактардын колдонуучулары чуу болуп, сүрөттү мамлекеттеги “чындыктын далили” деп аташкан. Кыргызстандын Акыйкатчысы мындай мектеп талаптарга жоп бербейт жана кадимки мектепти алмаштыра албайт деген пикирин билдирген. Активисттер жаңы мектеп куруу үчүн каражат чогултуп башташып, анын долбоорун мамлекеттик экспертиза жиберишкен.

Түркиянын элчисине муфтият өткөргөн ифтардын коноктору жакпай калган

2019-жылы Кыргызстандагы катуу талкууга түшкөн темаларды бири Түркиянын элчиси уюштурган чыр болгон. Баары Бишкектеги ресторандардын биринде Орозо айында Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгы уюштурган ифтарда орун алган. Элчи Женгиз Камил Фырат же Түркия же террористтер деп жогорку кызматтагы аткаминерлерди тандоо алдына койгон. Орозо айында силер террористи чакырдыңыр, бул эмне деген муфтият? Мен силерге 35 миллион долларга мечит куруп бердим, силер болсо мени террорист менен бир жерге коюп жатасыңар. Эмнеге бул жерге ФЕТО уюмунун жетекчисин чакырдыңар? Силер тандоо жасашыңар керек, же Түркия же террористтер”, - деп билдирген Түркиянын элчиси Женгиз Камил Фырат. 

Ооз ачууга ФЕТО уюмунун өкүлү дагы келген. Бул түрктөрдүн коомдук кыймылы Фетхуллах Гүлен идеясынын негизинде негизделген. Түркияда 2016-жылдагы мамлекеттик төңкөрүш аракетинен кийин бул уюм террористтик деп табылган.

Өзбекстан

Өзбекстанда болсо 2019-жыл тынч, ийгиликтүү болду десек болот – келген туристтердин саны өсүп, байланыштар жакшырып, Россиянын менен болгон кызматташтык дагы бекемдеди. Мирзиеевдин бийлиги үч жылдын ичинде өз түшүмүн берди. Бирок айрым кемчиликтер дагы жок эмес.

Тышкы карыз 24% өсүп – эми $21,5 млрд түздү

Өзбекстандын Борбордук банкы жыл башынан бери өлкөнүн жалпы тышкы карызы 4,2 миллиард долларга өскөнүн кабарлаган. Өсүү тенденциясы 2020-жылдын башына чейин сакталууда. 2019-жылдын тогуз айына сумма тез арада өскөн. 

Эми карыздын жалпы суммасы 21 миллиард долларды түзөт, анын 13,8 миллиард доллары мамлекеттик секторго туура келсе, дагы 7,7 миллиард доллары – жеке секторго туш келет.

Жеке сектордогу каражат тартуу негизинен банктарга туура келет (1,0 миллард доллар), нефтегаз жана энергетика тармагындагы ишканалар тарабынан (207,4 миллион доллар).

Өлкөнүн тышкы карызынын негизги бөлүгү нефтегаз жана энергетика тармагына, банк сектору, телекоммуникация жана текстиль өнөр жайына келет.

Медиктер курулуш гипсин колдонушкан

Республикалык коррупцияга каршы ведомстволор аралык комиссиянын жыйынында калктын саламаттыгын сактоо тармагындагы кемчиликтер тууралуу маалыматтар угулган. Декабрда өткөн жыйында оорукана ар кандай жаракат менен кайралган жарандарга врачтар курулуш гипсин колдонушканы маалым болду. 

Эки жылдын ичинде Ташкент шаарында 48 тонна гипс, Самаркандда – 43 тонна, Бухарада – 33 тонна гипс колдонулган. 

Аткаминерлердин маалыматы боюнча, медиктердин мындай акыбалын өлкөдө медициналык гипс чыгаруу мүмкүнчүлүгү жоктугу менен байланыштырышып, бул маселе эч качан каралган жана пландалган эместингин билдиришкен. Курулуш гипстерин колдонууда жаракат болгон сөөктүн жылып кетүү же аллергиялык реакция болуп кетүү коркунучу бар.

АКШ Өзбекстанды диний ишенимдин эркиндигин бузгандардын катарына кошту

Массалык маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө таянсак, АКШ Мамлекеттик департаменти Өзбекстанды диний эркиндикти бузган өлкөлөрдүн тизмесине киргизүү тууралуу чечим кабыл алган. Бул жылы тизмени Тажикстан, Түркмөнстан, Куба, Нигерия, Судан жана Никарагуа толуктаган. 

Негизинен тизмеге адамдардын диний маселедеги эркиндигин чектеген же кемсинткен мамлекеттер кирет. АКШ Мамлекеттик департаментинин пикири боюнча, Өзбекстанда жүргүзүлгөн реформаларга карабастан диний жаатында дагы деле либералдуулук жок.

Тажикстан

Тажикстанда теракт болду. Андан тышкары, өлкөнүн жарандары чет өлкөдө маал-маалы менен сводкаларда аталып жатты.

Чек ара заставасына кол салуу – 17 адам мерт кетти
smi.kg

Ноябрдын башында 20га чукул куралчан адам “Султанбад” чек ара заставасына караган “Ишкобод" №4 бекетине кол салышкан. Бул окуя Өзбекстандын мамлекеттик чек арасында орун алган. 

15 согушкер жок кылынып, дагы бешөө колго түшүрүлгөн. Атышуудан бир аскер кызматкери менен бир милиционер каза тапты.

Кармалган согушкерлер сурак учурунда Ооганистандан келген "Ислам мамлекети" деп аталган террордук уюдун мүчөлөрү экенин моюндап, бир катар теракт жасоону жана туруктуу абалды бузуу пландары болгонун билдиришкен. Тергөө учурунда чек ара бекетине кол салган согушкерлердин тобу Согди облусунун аймагында түзүлүп, согушкерлердин катарында 11 аял жана 13 өспүрөм болгону аныкталган.

БУУнун жардамы Внуководо кармалган

Москванын Внуково аэропортундагы Бажы кызматкерлери жалпы суммасы 5,8 миллиард рублга бааланган метадондун ири партиясын кармашкан. 2400 бир литрдик бөтөлкөлөр убактылуу кармоочу складда табылган. Ири партиядагы метадон транзит менен Германиядан Тажикстанга бараткан. 

Тажикстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, дары-дармектер Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) жардамынын негизинде сатып алынып, өлкөдөгү баңгизаттарга көз карандыларды дарылоого арналган. 

Жүк ташуучу тарап жүктүн декларациясын туура эмес толтуруп, этикеткасында такталбаган маалымат көрсөтүлүп калган. Внуково аэропортундагы Бажы кызматы баңги заттарды контрабандалык жол менен ташуу боюнча кылмыш ишин козгогон.

Истравшандагы жалган жылдыз

Декабрдын аяганда тажиктердин Истравшан шаарында өзбек жылдызы Юлдуз Усманова концерт берген. Күйөрмандар кызыктын баарын концерт башталгандан кийин гана байкашкан, сахнага атагы чыккан ырчыга таптакыр окшобогон аял чыккан.

Уюштуруучулар белгилүү ырчынын ордуна башка аткаручу чыгарын элге маалымдабай, концертке өзбек жылдызы келет деп айтылган. Юлдуз Усманова ошол учурда Өзбекстанда болуп, жаңы альбомдун бет ачарына даярдык көрүп жаткан. “Концертке” билеттин баасы 300 сомони турган. Уюштуруучу 10 миң долларга жакын каражат чогултууга жетишкен.

Түркмөнстан

Түркмөнстандын жана Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин негизги каарманы – президент Гурбангулы Бердымухамедов. Аттар тууралуу ырлар, реп жана курман болгону тууралуу маалымат анын аты менен байланыштуу.

Президенттин каза болгону тууралуу маалымат – калп
tass.ru

2019-жылдын июль айында массалык маалымат каражаттарында Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун дүйнөдөн кайтканы тууралуу маалымат тарай баштаган. Ошол кезде, 15-июлдан тарта ал өргүүдө болчу. 

Түркмөнстандын Москвадагы элчилиги бул маалыматты төгүндөп, абсолюттук жалган деп атаган. Бердымухамедов президенттик кызматты 2007-жылдан бери аркалап келет.

Түркмөнстанда Википедия чектелди

Ноябрдын орто ченинен тартып Түркмөнстанда Википедия сайтын ачуу мүмкүнчүлүгү чектелген. 

Интернет-энциклопедияга кирүү мүмкүнчүлүгү президент Гурбангулы Бердымухамедов тууралуу маалымат жаңыртылгандан кийин чектелген. Макала мамлекет башчы тууралуу 2010-жылгы Wikileaks жайылткан маалыматтар менен толукталган. 

Макала Түркмөнстандын президентин көп деле мактабаган маалыматтар менен толукталган, ошондон кийин энциклопедия өлкө аймагында жабылган.

Канадалык экологдор талаада метандын агып чыккан жерин аныкташкан

Ноябрдын аягында канадалык GHGSat Inc. уюму экологдордун изилдөөсүнүн жыйынтыгын жарыялаган. Анда түркмөн талааларында ири көлөмдөгү табигый газ агып жаткан жер аныкталганы айтылат. 

Вулкандарды изилдеп жатып, эксперттер Корпедже нефтегаз кенине жакын аймакта метандын сызылып чыккан жерин байкап калышкан. Газдын сызылып чыгышы бирдиктүү болгон эмес жана бир жылга созулган. Уюмдун өкүлдөрү АКШ, Канаданын, Евробиримдигинин өкүлдөрү менен байланышкан кезде метандын агып чыгуусу токтогон. 

Эсепке салсак, агып чыккан газдын көлөмү бир миллион автоунаа корото турган газ менен барабар. Өлкөнүн расмий бийлиги болсо экологияны коргоо мамлекеттик саясаттын маанилүү бөлүгү экенин баса белгилешүүдө.

Мына ушундай окуялар менен 2019-жыл эсте калды. 2020-жыл Борбор Азия үчүн кайрымдуу болот деген үмүттөбүз.

Жибек Карасаева
Жибек Карасаева
Автор материала

Читайте также

Вернуться в начало