Опубликовано 07.03.2018

Көндүмдөрдү талкалап: 8-Мартта аялдарга эмнени каалабаш керек?

8-Март “жаздын, сүйүүнүн жана назиктиктин” майрамыбы?

Адатта адамдар бири-бирин майрамы менен куттуктап жатып, кайталанма каалоо-тилектерди айтышат. Бирок Санкт-Петербургдагы активисттер куттуктоо үлгүлөрү 8-Марттын концепциясына каршы келет деп эсептешет. Андыктан алар аялдарга дайым айтылчу каалоолордун каталарын таап, анын ордуна кооз, бирок, сексизмден алыс тилектерди сунушташты.


“Мейкин Азия онлайн” өнөктөшү -  Kaktus.media – ал куттуктоо барактарын чогултуп, биз баарыбыз көнүп калган каалоо-тилектер эмне үчүн орунсуз экенин активисттерден сурап көрдү.


- Мага жана миңдеген аялдарга “назиктик, сүйүү жана сулуулук” тилеген толтура кат келерин элестетип отуруп, ушул идея жаралды. Анан 8-Марттын түпкү маанисин түшүндүрүп, орундуу каалоолорду сунуштаган эскертме баракча даярдасак сонун болмок деп ойлодум, - дейт активист Ася Саничева.


Асядан сырткары карточкалардын үстүндө Любовь Чернышева, Дарья Холодова, Ксения Чапкевич, Анастасия Головнева жана Евгений Софронов иштеген. Жети куттук баракчасы даярдалып, «ВКонтакте» жана Facebook социалдык тармактарына жарыяланды.


- Сулуулук, назиктик жана сүйүү каалоо-тилектеринде жаман нерсе жок экенине басым жасап айтуудабыз, болгону  8-Мартта – өз укугу  жана коомдогу теңдик үчүн күрөштөгү аялдардын тилектештик күнүндө ал каалоолор орунсуз. Акыркы кезде бул майрамдын маани-маңызы унутулуп, карама-каршы өңүт алууда: 8-Мартты “жаздын, сүйүүнүн жана назиктиктин” майрамы деп атай башташты. Бул укук жана эркиндиктен өтөт эле алыс, - дейт Сеничева.

8-Мартта эмнени каалабаш керек? Сулуу болууну

Аял жат көздөр үчүн зер буюм болууга жана сулуулук стандарттарына төп келүүгө милдеттүү эмес. Ал сырткы келбетин каалагандай алып жүрө алат.


“Өзүңдү сүйүп, сырткы келбетиңден эч тартынба!” – деп кааласа болот.

8-Мартта эмнени каалабаш керек? Назик болууну

Назик болуу – лидердик сапаттарды, бекемдикти көрсөтпөй, ийкемдүү жана эпке көнө коюу. Бул аялдын өзүнө караганда анын курчап тургандар үчүн ыңгайлуу. Мунун ордуна аялга өзүңө ишенип, көздөгөнүңдөн кайтпа десе болот.

Каалаганы бол!

Бул эркектердин  сексуалдык муктаждыгын жакшы канааттандырчу объекти бол деген эле сөз.


Мунун ордуна сергек жана теңата сексуалдык мамилени кааласа болот.
Аялдык бакыт

“Аялдык бакыт” – адатта күйөө жана балдар. Бирок бактылуу болуш үчүн ар бир аял үй-бүлөлүү болушу шарт эмес.


Өзүң эңсеген бакытка умтул десе орундуу болот.  


Жылмайып жүр

Жылмаюу – бул аядын эмоциясынын чагылышы, ал жасалга эмес. Аял башкалар үчүн жагымдуу болуш үчүн өз маанайын жашырууга аракеттениши шарт эмес.


Өзүңө, саламаттыгыңа жана маанайыңа кам көр десе болот.

Коломтонун отун өчүрбө!

Чарбаны көзөмөлдөп, үйдү кароо аялдар менен эркектердин колунан бирдей келет.


Аялга өз көздөгөнүңө жетүүгө үйдө болобу же башка жактабы, айтор, жагымдуу шарт кааласа болот.

Татыктуу эркек

Ар бир эле аялды эркектер жана романикалык мамиле кызыктырбайт. Өз эңсегенин таппаганы үчүн эмес, негизи эле эркектер жөнүндө ойлобошу мүмкүн. 


Башкалардын пикиринен жана көз карашынан көз каранды болбо десе жарашат.

Редакция OpenAsia
Редакция OpenAsia
Автор материала

Читайте также

Вернуться в начало