Опубликовано 14.04.2016

Күндүн сүрөтү. Колбасага жазылган чакыруу барагы

Бишкекте болочок жубайлар өз тоюна конокторду оригиналдуу түрдө чакырышкан. Алар чакырууну колбасага жазып таратып чыгышты. ZANOZA маалымдагандай, башкалардан айырмалуу чакырууну Фейсбуктагы барагына кыз-жигиттин досу жайгаштырган.

1.jpg


 Журналисттер байланышканда Елена Анпилова болочок күйөөсү колбаса чыгаруучу цехте иштей турганын айткан. “Кайсы бир учурда колбасага жазылган чакыруу жасоо тууралуу идея пайда болуп, муну ишке ашыра баштадык. Колбасанын сыртына негизги маалыматты жазып, ал эми ар бир конокко өзүнчө карточка даярдадык. Бул чакыруу барагы керектүү маалыматты да камтып, даамдуу да болду”, - деп түшүндүрдү кыз.

Сүрөт www.facebook.comimgpng.ru

Редакция OpenAsia
Редакция OpenAsia
Автор материала

Читайте также

Вернуться в начало