Опубликовано 01.05.2016

Көп улуттуу Казакстан. Депортация таржымалы

1-майда Казакстанда Эл биримдиги күнү белгиленет. 150дөн ашуун улуттун өкүлдөрү жашаган өлкөдө бул майрам тынчтыктын, мунасанын жана биримдиктин символу болуп калды. Казакстандын чоң үй-бүлөсүнө казактар, өзбектер, орустар, украиндер, немистер, гректер, корейлер, уйгурлар, кыргыздар, кытайлар, жөөттөр, армяндар, грузиндер, азербайжандар жана көптөгөн башка улуттар кирет. Бул этностордун ар бири өз-өзүнчө уникалдуу, бирок Казакстандын аймагында алардын баары – бир ынтымактуу эл. Биринчи майдын маңызы мына ушунда. Казакстандын Эл биримдиги күнү ушуну менен онунчу жолу белгиленүүдө.


Казакстан постсоветтик мейкиндиктеги башка өлкөлөрдөй эле репрессиялардын жана мажбурлап депортациялоолордун натыйжасында көп улуттуу курамга ээ болгону жашыруун эмес. Региондон регионго толук бир эл көчүрүлүп турган. Адамдарга зарыл буюмдарын чогултууга бир нече саат берилип, андан соң эшелондор менен бейтааныш аймактарга көчүрүшкөн. “Мейкин Азия онлайн” депортацияланган айрым үй-бүлөлөрдүн окуяларын сунуштайт.


Зэхрэ Нагиева – Еревандан чыккан азербайжан ханбийкеси


Ал бир күндө эле балалыгы менен кош айтышкандай болду. 8 жаштагы Зэхрэ Нагиева ата-энесинин сүймөнчүктүү жана эрке кызы болчу. Ал чоң бакчасы бар жакшы үйдө жашачу. Ата-энеси эки кабаттуу мейманкананы иштетип, бул бизнестен жакшы киреше табышчу. Бул азербайжандык үй-бүлө Арменияда бакубат жана оокаты тың деп эсептелчү. Атасынын 500 төөсү бар эле. Ал сабаттуу жана көп окуган адам эле. Көп саякаттачу – Түркияда, Иракта, Иранда болуп, кызына дайыма кымбат баалуу белектерди алып келээр эле. 1937-жылдын күз мезгилинде дал ушул нерсе Таги Нагиевге каршы колдонулган. Аны камакка албаса да, мекенине экинчи келгис кылып кууп чыгышкан.

Зэхрэ Нагиева.jpg

Атасын НКВД алып кетти, Нагиевдердин үйү курчоого алынып, кошуналардын эч кимисин киргизишкен эмес. Үй-бүлөгө кийим-кечесин чогултууга бир сутка убакыт беришип, өтө зарыл буюмдарды гана алууга уруксат берилген. Кийинки күнү жүк ташуучу унаа келип, апасын үч баласы менен темир жол станциясына жеткирип койгон. Кыз абдан таң калат: эл жайнайт, адамдардын арасында аймактагы ар бир айылдан адамдарды көрүүгө болот – 300гө жакын үй-бүлө чогулган экен. Ал жерде аларды үч сутка кармашып, андан кийин жуп жөнөөрдүн алдында Зэхрэнин атасын алып келишет. Баары товар ташыган вагондорго отургузулуп, белгисиз маршрут боюнча сапарлары башталат. Пенсионер бул жол канчалык татаал болгонун мындайча эскерет. 


Адамдардын баары коркуп алган. Кимдир бирөө аларды деңизге алып барып, чөктүрүп саларын айтты. Муздак вагондордо балдар энесине жабышат, аялдар ыйлап баратты, кары-картаңдар болсо акырын келме келтирип баратышты. Жолдо кырсык болду. Катуу кайгыдан Зэхрэнин апасынын сүтү жоголуп, жаңы төрөлгөн баласын эмгизе албай калган. Көп өтпөй ымыркай көз жумат. Аны станциялардын биринде жерге беришип, андан ары жолун улантышат. Эшелон жолдо үч апта болду. Бир нече жолу токтоп, вагондон депортациялангандарды улам бирден түшүрүп калып жатышты. Нагиевдерди Алматы облусундагы Ысык шаарында түшүрүп коюшат.

депортация в Казахстан.jpg

Келгиндер үчүн жаңы турмушка көнүп кетүү абдан кыйын болду. Алар өздөрүн чоочун сезген аймакта жашаганды үйрөнүш керек эле... Бирок башында гана ушундай сезим болгон. Көп өтпөй келгиндер түшүнөт – казактар жүрөгү кенен жана абдан меймандос эл экен. Мына ушул нерсе көптөрдү сактап калган.

Биздин эл кенен кавказ көйнөктөрдү кийчү. Ал эми биздин көчөдө балдар үйү бар эле жана анын тарбиялануучулары бизди сөөмөйлөрү менен көрсөтүп, “Лөлүлөр!” деп кыйкырышчу. Ушундан улам апам уялып, көчөгө чыкчу эмес. Биздин көчөдө Жандосовдордун үй-бүлөсү жашачу, алар бизди конокко чакырган. Биз 8 үй-бүлө элек. Алар көрсө жылкы союп, бешбармак жасап коюшкан экен. Биз, азербайжандар, эч качан жылкынын этин жеген эмеспиз да. Адаттан тыш болду. Айтор, алардын үйүндө ичип, жеп, сыртка чыксак, короодо жылкынын башы турат. Биз, балдар, абдан корктук. Ал эми улуулар күлүп тим болушкан…

Депортациялангандарды барак тамдарга, сарайларга, уйканаларга жайгаштырышат. Ошол жылдардагы жашыруун документтерде – сандар, пландар, курулуштар. 39-жылы Эл комиссарлар кеңеши жер которгондор үчүн Казакстандын 9 облусунда 3718 үй курууну тапшырган! Бирок бул да аз эле – өлкөгө мажбурлап жер которгондорду ташыган жаңы эшелондор келип жатты.


Кулактар жана “ишенимден чыккандар”


Кулак – бакубат жашаган дыйкан, эрежеге ылайык, өз чарбасы жана жалданма жумушчулары бар. Совет бийлиги келгенден кийин мындай адамдарды соттоп, үй-мүлкүн конфискациялап, өздөрүн түрмөгө отургузушкан. Айрымдар сүргүнгө айдалган. Ошентип алар депортациянын биринчи курмандыктары болушту. Айрымдарын Сибирге алып кетишсе, башкаларын Өзбекстан менен Казакстанга айдашкан. Биздин регион да кокустан тандалып алынган эмес – аймак чоң болгону менен, эл аз отурукташкан. Казакстандын чарбачылыгын бутуна тургуза турган адамдар такыр жетишпей жаткан. Ушундан улам арзан жумушчу күч абадай зарыл эле.


- Депортацияланган эл аймакты өздөштүрүүдө олуттуу роль ойноп, өнөр жайдын өнүгүүсүнө көмөктөшкөн, - деп айтат Казакстан Республикасынын Президентинин Архивинин илимий документтер башкармалыгынын жетекчиси Евгения Чиликова. – Калктын депортацияланган бөлүгү баш көтөрбөй иштеген. Анткени депортация – бул ката болгон жана алар ушундай жол менен режимге каршы эместигин далилдөөгө аракеттенишкен.

депорт.png

30-жылдардын ортосунда депортация мурда болуп көрбөгөндөй масштабга жеткен. Совет бийлиги кулактарды гана эмес, “ишенимден чыккандарды” да айдай баштаган. Болгондо да сөз айрым бир адамдар тууралуу эмес, чоң өлкөнүн чек аралаш аймактарында жашаган бир эл тууралуу жүрүүдө.


- Бийлик өлкөнүн чек аралаш аймактарында отурукташкан элди келечекте чыккынчылык кылышы мүмкүн деп эсептей баштады, - деп айтып берди тарых илимдеринин кандидаты Елена Грибанова. – Башкача айтканда, логика мындай болгон: алардын этникалык мекени СССРге каршы согуш баштаса, бул адамдар журтташтары тарапка өтүп кетет. Ошондуктан 1935-жылдан тарта, ошол маалда ички иштер боюнча элдик комитет (НКВД) айтмакчы, “тазалоолор” башталган. Украинанын батыш чек араларынан немис, поляк, фин улутундагы адамдар көчүрүлгөн.


Турмуш кыстаганда Иринага айланган Эрна Майбах


Ал Волга боюндагы чоң айылда жашачу. Ата-энеси чарбачылык менен алектенип, абдан бакубат жашашчу. Анын жашоосун түп тамырынан бери өзгөрткөн “согуш” жана “депортация” деген эки жаман сөздү укканда Эрна Майбах болгону 7 жашта эле. 

Эрна Майбах.jpg

41-жылы СССРдин аскер бийлиги Волга боюндагы райондордо жашаган немис улутундагы калктын арасында он миңдеген диверсанттар менен тыңчылар бар деген маалыматты алат. Германиядан белги берилээр замат алар өздөрү жашаган райондордо жардырууларды уюштурары кабарланат.

депортация немцев.jpg

30-августта “Большевик” гезитинде Волга боюндагы немистерди көчүрүү тууралуу буйрук чыгат. Ошентип Эрна Сибирге келет. Бул жерден ал биринчи класска барат. Мектепте мугалим ысымын өзгөртүү кеңешин берет. Мына ошентип Эрна Ирина болуп калган. Бирок балдардын таш боордугунан бул куткара алган эмес. Өз маегинде Эрна Вильгельмовна согуш маалында жаңы жерге көнүп кетүү канчалык кыйын болгонун айтып берди.


41-жылдын күз мезгилинде Волгадан Казакстанга жана Сибирге 400 миңден ашык немис депортацияланган. Эрна өз үй-бүлөсү менен барак үйгө көчүп келген. Эжеси заводдо, 12 жаштагы агасы өтүкчү болуп иштешкен. Атасын эмгек армиясына алып кетишсе, апасы катуу ооруп калып, көп өтпөй көз жумган. Ачарчылык күч алып турган согуш жылдары балдар токойдон чогултуп келген чөп-чарларды жешсе, кээде кошуналар жана жергиликтүү ашканада иштегендер курсактарын тойгузуп турушкан. Ошентип согуш да аяктап, Эрна үчүн таптакыр башкача жашоо башталган.


Мен 57-жылы турмушка чыккам, ал эми күйөөмдүн атасы согуштан кийин Казакстанда жашап калган экен. Ошентип биз бул жакка конокко келгенде кайын атам көчүп келүүнү сунуштады, - деп эскерет Эрна Вильгельмовна. – Биз эркин болчубуз жана ошентип 1961-жылы Алматыга көчүп келдик. Бизге баары жакты. Сейил бакка да алып барышты, шаарды да кыдырдык. Бул жерде үйлөр абдан кооз, сейил бактары сонун, ал эми абасын сөз менен жеткире албайм! Адамдар да жакшы болчу. Казактар абдан меймандос болушат.


Жолу болбогон улут


1937-жылдын 21-августунда Кремль жапон тыңчылыгына бөгөт коюу максатында Ыраакы Чыгыш крайынан бардык корей улутун башка жакка көчүрүү тууралуу жашыруун буйрук чыгарат. Ал маалда Корея Жапон империясынын бир бөлүгү болгондуктан корей улутун мына ушундай тагдыр күтүп турган.


- Айрым этносторду жарым-жартылай көчүрүшсө, Ыраакы Чыгыштан корейлердин дээрлик баарын Борбор Азия аймагына, анын ичинде Казакстанга көчүрүп салышкан. Аларды театры, институту менен кошо көчүрүшкөн. Арасында комсомолдор, сабаттуу адамдар абдан көп болчу, - деп айтты Президенттик архивдин директору Борис Жапаров.

корейцы.jpg

Эшелон орточо 50 вагондон туруп, ар биринде отуздан киши болгон. Приморьеден Казакстанга жана Өзбекстанга дээрлик 40 суткада жетесиң. Чогуу отурукташууга тыюу салынган. Корейлерди Кызыл-Ордо, Түштүк Казакстан, Караганда жана башка облустарга топ-тобу менен жиберишкен. Алардын көбү өздөрүнө жупуну кепе тамдарды куруп алышкан.


- ХХ кылымдагы Ыраакы Чыгыш – бул жапайы айбанаттарга, канаттууларга бай аймак болчу. Демек бул жерде аңчылар жана балыкчылар көп эле. Ал эми корейлерди мына ушул иштерде колдонушчу, - деп түшүндүрөт Евгения Чиликова. – Мындан тышкары корейлер күрүч өстүрүү боюнча тажрыйбалуу болчу. Аларга ушуну менен алектенүүнү сунушташты. Бирок мунун баары өлкөдө толгон-токой көйгөйлөр болгон шарттарда жасалгандыктан бул иштер өтө кыйынчылык менен ишке ашчу.


Корейлер түрктөр, армяндар, күрддөр, азербайжандар, немистер жана поляктар өңдүү сүргүндөгү башка элдей эле жаңы жерде жаңы турмуш башташ керек эле. Бара-бара алар бөтөн жердеги турмушка көнө башташат.


Спиридон Космериди – манаптардын тарбиясын көргөн архитектор


Согуш башталып, душман Новороссийскти бомбалай баштаганда ал 12 жашта болчу. 42-жылдын жайында Спиридон Космеридинин жана башка гректердин үй-бүлөсүнө көчүрүлө  турганын кабарлашты. Айрымдарына 2 саат, башкаларына 3 күн убакыт берилген. Бул 37-жылы Сталин баштаган “грек операциясынын” эпкини эле. Кызыгы, “Элладанын уулдарынын” арасында чет өлкөнүн жарандары да бар болчу. Екатерина II убагында да келгендер, ХХ кылымда Осмон империясынан качкандар да бар эле. Согуштун оту каптаган аймактан Космеридинин үй-бүлөсүн белгисиз жана алыскы Казакстанга алып келишкен. Чемолган станциясында түшүрүп, кинотеатрдын имаратына жайгаштырышкан.

Спиридон Космериди.jpg

Космеридинин үй-бүлөсүндө баарын апасы башкарчу. Ал жергиликтүү калк менен тез эле тил табышып, казакчаны бир заматта үйрөнгөн. Жергиликтүү калк станцияга келип, ач балдарга майы алнган сүт (обрат) жана кызылча берип турганы Спиридон Георгиевичтин эсинде өмүр бою калды. Бул алардын өмүрүн сактап калган экен. Пенсионердин айтымында, өмүрүндө эч качан мынчалык даамдуу тамак жеген эмес.

Атам абдан динчил киши эле. Тамеки чекчү эмес, ичимдик иччү эмес, сөгүнгөнүн бир да жолу уккан эмесмин. Тилекке каршы мына ушунун баары апама мүнөздүү болчу. Мен болсо кээде жумушта тамашалап калчум. Мага “Спиридон Георгиевич, сиз өзүңүздү манаптардай алып жүрөсүз, жүрүм-турумуңуз да ошондой” дегенде, мен: “Силер билген эмес белеңер? Мен манаптардын тарбиясын көргөм. Бирок көчөнүн тарбиясын да алгам!” дечүмүн. Баары каткырып эле жатчу.

44-жылы Спиридондун атасы көз жумат. Өспүрүм үй-бүлөсүнө жардам болсун деп ишке чыгат. Ал жүк ташуучу, барсканчы, бухгалтерияда эсепчи болуп иштеди. 15 жашында аны кызылча жыйноо боюнча башчы кылып дайындашат. Жети жылдык мектеп билими бар Космериди Архитектуралык-курулуш техникумуна, андан кийин Архитектура институтуна тапшырат. Дал Космеридинин долбоорлору боюнча Казакстанда Тиричилик үйү, административдик имараттар жана көп кабаттуу үйлөр курулган. Бүгүн ал – Казакстандын эмгек сиңирген архитектору. Эмне үчүн 90-жылдары башкаларга окшоп Грецияга кетип калбаганын Спиридон Георгиевич өз маегинде айтып берди.



“Жасмык” операциясы


1944-жылдын 23-февралында түнкү саат экиде Чечен-Ингуш АССРинин жашоочуларын депортациялоо боюнча тарыхта белгилүү операция башталган. Чечен-Ингуш АССР мунун алдында он жыл мурда Чечен жана Ингуш автоном облустарынын биригүүсүнөн кийин пайда болгон эле. Бул тууралуу чечимди СССРдин Жогорку Кеңешинин Президиуму мындайча түшүндүргөн: “Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде, өзгөчө немистик-фашисттик күчтөрдүн Кавказдагы аракеттери маалында көптөгөн чечендер жана ингуштар Мекенине чыккынчылык кылып, фашисттик оккупанттардын тарабына өтүп, диверсанттардын жана чалгынчылардын катарына кошулган”.


- Кимдир бирөө согуштук аракеттерге катышса, башкалары Мекени үчүн иштеген. Бирок аны саткын, чыккынчы, душман катары көнгөн чөйрөсүнөн чыгарып, өзүн чоочун сезе турган жакка көчүрүп жиберишкен, - деп айтты Елена Грибанова.

операция Чечивица.jpg

Чеченстандан 180 эшелон жылды. Анда 493 000 айдоодогу киши бар болчу. Жолдо 56 бала төрөлгөн, 1272 киши көз жумган. Тартынчаак чечен кыздары эркектердин көз алдында заара ушата албай, табарсыгы жарылып кеткен учурлар да болгон.


Депортациялар 53-жылга чейин Иосиф Сталин көз жумганга чейин уланган. Окумуштуулардын эсебинде, 1920-жылдан Сталин өлгөнгө чейин Советтер Союзунда 52 депортациялык өнөктүк жүргүзүлгөн!


Көп улуттуу Казакстан


Депортациянын оор жылдарында Казакстандын ынтымактуу эли куралган. Адамдар республика мындай статусту кандай кыйынчылык менен алганын абдан жакшы түшүнөт. Албетте көчмөндөр өз Мекени катары эсептеген өлкө үчүн көп нерселерди жасады. Депортацияланган элдер аймакты өздөштүрүүдө олуттуу роль ойноп, айыл чарбанын жана өнөр жайдын өнүгүүсүнө чоң салым кошушкан. Көчмөндөрдүн көбү билимдүү болчу. Алар мугалим, дарыгер, инженер болуп иштеп, өлкөгө пайда алып келүүгө умтулушкан.

ассмблея.jpg

Бүгүн өлкөдө Казакстан Калк ассамблеясы деп аталган уникалдуу орган иштейт. Ал конституциялык статуска ээ жана улуттар аралык диалогдун инструменти катары эсептелет. Республикада калк аралык ынтымак үйлөрү иштейт, ар бир облуста улуттук-маданий борборлор түзүлгөн. Бул борборлор элдик чыгармачылык жана тил фестивалдарын үзгүлтүксүз өткөрүп турушат.

Редакция OpenAsia
Редакция OpenAsia
Автор материала

Читайте также

Вернуться в начало