Опубликовано 24.12.2019

ЖАҢЫ ЖЫЛДЫ КАНТИП ЭКОЛОГИЯГА ЗЫЯНСЫЗ ТОСУУГА БОЛОТ?

Фото: pixabay.com, couleur

Биз жаңы жыл майрамында демейдеги күндөргө караганда өзүбүз үчүн көп нерсени жасайбыз: ашыкча соода, көп чыгым, ири көлөмдүү калдыктар. Экоблогер жана экотренер Юлия Валеева менен жаңы жылды кантип курчап турган чөйрөгө артыкча зыян келтирбестен белгилөөгө болорун талкууладык. 

БАЛАТЫНЫ ТАНДАЙБЫЗ
Фото: pixabay.com, sunnyfer

Эгерде корооңузда кооздоп койсо боло турган карагай өссө, анда сиздин жолуңуз бар, себеби бул - эң экологиялык тандоо. Ал эми жок болсо, былтыркы жылдагы балатыңызды издеп же жакындарыңыздан сураштырып көрүңүз, балким жаңысын сатып алып, эскисин белек кылууга даяр бирөө бардыр.

Сатып алууну чечсеңиз, ал сизге 10-20 жыл кызмат өтөшү керектигин эске алганыңыз маанилүү. Дал ушунча жыл балаты өндүрүштө же ташууда калтырган көмүртек изин актайт. Сертификатты эсиңерде туткула. ПВХдан жасалган арзан балатыларды албай эле койгон оң. Алар тез эле колдонууга жарабай калат, айрым маалыматтар боюнча токсиндүү келет.

Көмүртек изи - бул адамдардын же ишкананын белгилүү бир ишинин натыйжасында түзүлгөн парниктик газдардын чыгышы.

ҮЙҮБҮЗДҮ КООЗДОЙБУЗ
Фото: pixabay.com, xxolgaxx

Эсиңиздеби биздин чоң энелерибиз жана апаларыбыз үйүбүздү кандай кооздошчу. Алды менен сизде эмне бар жана кандай кошумча жасоону каалап жатканыңызды чечип алыңыз. Колуңузда болгон бардык материалдарды: тобурчакты, таштарды, бутактарды, корица таякчасын, бадьян, мүшөкчө же ар кандай таңгактоо кездемелерин колдонгула. Ошондой эле туздуу камырдан оюнчуктарды жасап, боёп койсо болот. Фонарик-гирляндылардын жарык диоддук түрүн тандаган оң, IKEA дүкөндөрү күн батареяларын сатышат.

Парафин шамдарын колдонбогула - бул мунай өндүрүштүк продукт жана күйгөндө ден соолук үчүн кооптуу бензол жана толуол бөлүп чыгарат. Аары жана соя момунан артык табигый шамдарды ойлоп табыша элек. Шартылдак (хлопушка) жана конфеттини гүл желекчелерине (гүл саткан дүкөндөрдөн алса болот) же кургак жалбыракка алмаштыргыла.

БЕЛЕК БЕРЕБИЗ
Фото: pixabay.com, freestocks-photos

Каалаган нерсе - мыкты белек, ошондуктан мыкты wish list (каалоолор тизмесин) түзгөн жакшы.

Эмоция жана ырахаттануу белек кылгыла: клубга абонемент, театр же салонго баруу, шаардан тышкары эс алуу. Китеп болсо, электрондук түрдө бериңиз дурус. Эсиңизде болсун: таңгакта эч кандай желим болбосун! Кагаз экологиялык жактан туура келгени менен аны даярдоого бир топ ресурс кетет. Эски гезит-журналдарды, тасмаларды, тобурчактарды, сынган оюнчуктардын бөлүктөрүн пайдаланса болот. Таштандыга кетирбестен, кайра жасап чыгып, жаңы жашоо тартуулоо эң экологиялуу вариант.

БАРДЫК БИР ЖОЛКУ КОЛДОНУЛУУЧУ НЕРСЕЛЕРДЕН БАШ ТАРТАБЫЗ
Фото: pixabay.com, silviarita

Аба шарларынан, бенгаль отунан, бир жолку идиштен жана бардык бир ирет колдонулуучу нерселерден баш тартууга туура келет. Тамакты жеткирүүгө тапшырык берсеңиз, көп ирет колдонулган идишке салууну макулдашып же өз идишиңизди алып барыңыз. Тамак-ашты көп жасабагыла, анын 30% ыргытылат. Фейерверк аттыруу салтыңыз болсо, балким аны башкага алмаштыруу туура? Мисалы, жакшы көргөн ырларыңарды ырдап, бий бийлеп же көчө карнавалын уюштуруп.

ЭКОЛОГИЯЛЫК БАШТАЛЫШТАРДЫ КОЛДОЙБУЗ
Фото: pixabay.com, pasja

Тамак-аш жана белектери сатып алууда, экофермаларды түзүүгө шарт түзгөн, эко таңгактарды пайдаланган, адилет соода жана эмгек акы эрежелерин карманган бренддерди колдогула. Бул аркылуу силер экобизнести колдоп гана тим болбостон, башка компанияларга мындай баштоолор кардарларды тарта тургандыгын көрсөтөсүңөр.

СИЗ ЭМНЕ ЖАСАСАҢЫЗ ДАГЫ, АНЫ КИЙИН КАЙДА КОЁ ТУРГАНЫҢЫЗДЫ ОЙЛОНУҢУЗ. БАЛАТЫНЫ ТУУРА ЖОК КЫЛУУ - БУЛ СИЗДИН ШААРДАГЫ БАК-ДАРАКТАРДЫ АЛГАН ЖЕРДИ ТААП, ОШОЛ ЖАККА ТАПШЫРГАНЫҢЫЗ, БИРОК ЭЧ КАЧАН ЫРГЫТПАҢЫЗ. ЭГЕРДЕ КОНФЕТТИ ЖАРАБАЙ КАЛСА, КАГАЗ, АЙНЕК АЛГАН ЖАЙГА ӨТКӨРҮҢҮЗ
— Валеева Юлия

Бардык эрежерлерди толук түрдө кармана албасаңыз капаланбаңыз. Жок дегенде булардын бирин аткарсаңыз сонун болот.

Фариза Оспан
Фариза Оспан
Автор материала

Читайте также

Вернуться в начало