Опубликовано 20.02.2020

МЕН КАНТИП АЛЛАГА ИШЕНИП ЖАНА ТӨЛГӨЧҮГӨ БАРЫП ЖҮРДҮМ

pinterest.com

Экстрасенстер тууралуу шоуларды көрүп, жылдап төлгөчүлөргө барып жүрүп, динди карманган үй-бүлөдө кантип чоңоюуга болот. The Open Asia порталына анонимдүү автор бала чагы, психологиялык травмалары, диний күнөөсү жана өзүнүн жоруктарын кайрадан ойлонуп чыкканы тууралуу баян жөнөткөн.

Мектепте окуп жүргөн жылдары менин жашыруун алсыздыгым бар болчу, россиялык телеканалдардын мистикалык шоуларын көрчүмүн. Бул аракетимдин мистикалуулугун жана сырдуулугун ата-энемдин аны көрүүгө тыюу салуусу күчөткөн. Эмнеге экендигин эч ким түшүндүргөн жок. Бирок россиянын алыс аймагындагы көзү ачык киши өлтүрүү болгон жерде жүрүп, тышкы күчтөр менен байланыша албай жатканда атам шаша пультту басчу. «Харам» — деп ата-энем күбүрөнүп калар эле. А менин ичимде кызыгуум артып, экинчи телевизор бар бөлмөгө жүгүрчүмүн. Көгүлтүр экрандан чыныгы детектив боло турган: болгону жөнөкөй адамдар эмес, ар кандай буюм-тайымдары бар айымдар же мырзалар иштин бетин ачышат. Туякча, шарлар, ширенкелер, мистикалык айланалар, антенналар башка бир дүйнө менен байланыштырган кандайдыр бир звеного айланган.

«ХАРАМ» — ДЕП АТА-ЭНЕМ КҮБҮРӨНӨТ

Кээде экстрасенстер үйдө жүргүзүлгөн диний агартуучулукка карата менин тымызын өспүрүмдүк каршылыгым болгон экен деп ойлойм. Ар жума сайын ата-энебиз бизге Курандан алынган аяттар менен пайгамбардын жашоосу тууралуу чакан баяндарды айтып беришчү.

Мен атам мечитке кеткен учурду жакшы көрчүмүн, анткени апам диний эрежелерди жумшагыраак түшүндүрүп, Жараткан бардык жаратууларын жакшы көрөрүн айтчу. Бирок жыл сайын апамдын үнү акырын чыга баштады. Атамдын риторикасы үйдө башкы болуп калды жана ал жазалоо философиясынан келип чыкчу. Кичүү иним жайында ошол мезгилде тартыш болгон «Каракум» конфеттерин жаздыктын алдына катып коюп, ал эзилип ээрип калган. Ошондо атам билмексен болуп коюп, эртеси Аллах жоруктарыбыз үчүн бизди тиги дүйнөдө отко салып кыйнай турганы тууралуу дарс окуп берген. Алан ушунчалык коркуп калгандыктан азыркыга чейин чоңойсо дагы тартууларды, айрыкча конфеттерди жебейт. 

Жалпысынан биздин үй-бүлө радикалдашкан эмес. Бизден үч метр ары жашаган коңшуларыбызды атам "адашкандар" деп коё турган. Алар телевизор көрүшчү эмес, балдары короонун ичинде гана сейилдешчү. Ал эми алардын апасы көчөгө күйөөсүнүн коштоосунда, көзү гана көрүнгөн кара кийим кийинип гана чыкчу. Кээде мен коңшумду мечиттен көрчүмүн, сакалы ага 10 жаш кошуп көрсөтчү. Ошондуктан анын атырынынжытына таң калчумун. Картаң киши атымды мынча эмнеге себинет?

Жылдар өтүп, кесип тандай турган мезгил жетти. Атам дароо тынчсызданып, шаардан мага КТЛ мурдагы тарбиялануучулары ижарага алып жүргөн батирди таап берди. Чоогу жашагандарым менен дээрлик сүйлөшпөй турганымдан шек санабай, ата-энем сүйүнүп жүрүштү. Эми менин жаңы курбуларым пайда болду. Шаардык жана эркин - мен алардын жашоосуна жана ой жүгүртүүсүнө абдан суктанчумун. Экинчи курста алар мени өз чөйрөсүнө кошушту.

Нургуль, Айман, Махаббат жана мен. Ажырагыс төртөөбүз. Кыска көйнөк жана ачык макияждарга карабастан кыздардын бир да эркектер менен мамиле курганды билишчү эмес. "Сүйөт/сүйбөйт" оюну астро төлгө, нумерология жана башка эзотерикаларга алмашкан. Мен эки түрдүү жашоодо жашаганга көнүп калгам, ошондуктан динге ишенген коңшшуларым менен жашаган үйгө келген жакчу. Бир ирет мен ка1да жашай турганымды эске албай, жанымдагы кыздарга Меркурийдин таасирине байланыштуу мени менен бир нече күн сүйлөшпөй турууну өтүндүм. Буга жооп катары исламда Алладан башка нерсеге ишенүү күнөө экендиги тууралуу көп сөз уктум. Триггер. Ата, жазалоо, түбөлүк кыйноо.

Ушул окуядан кийин коңшуларымдын мага болгон мамилеси өзгөрдү. Алар менин астро төлгө журналдарымды ыргытып, кеч келсем, батирди ичинен бекитип алышчу. Бир күнү бирөөсү көчүп кетпесем, атама айта турганын билдирди.

Нургүл мени шаардын борборундагы батиринде кубанып тосуп алды. Мунайзат менен иштеген адамдын кызы жакшы жашоодо жашачу. Бирок 4-курста окуган баланын көңүлүн бурдурду албай жүрдү. Бир күнү ал көз жашын төгүп, Майы деген бир аялга бирге барып келүүнү өтүндү. Нургүл жол тандабасын өзүнө ишенбей айдап, алтын чапчыган чыктык. Коркуудан жана начар иштеген навигатордон көздөрү чекчейип чыкты. Эски конушту эки саат айланып чыккан соң, кайталы деп чечтик. Бактыга жараша өтүп бара жаткан аял Майя деген атты укканда мыйыгынан жылмайып, жолду көрсөтүп берди.

Издеп жүрүп мен анын образын түзүп алгам. Сырдуу көрүнүш. Шарлары же шамдары бар көзү ачык. Бирок Майя кавказ улутундагы, кызыктай акценттүү карапайым аял болуп чыкты. Ал бизди ритуалдык кызматтардын дүкөнүнө окшогон бөлмөгө алып кирди. Дубалда иконалар илинип, үстөлдө Куран жаткан экен жанында карта жана тесме. Бөлмөнүн ичинде Майя дароо өзгөчө түштү, ал менин телеберүүдөгү шоулардагы каармандарыма окшоп чыга келди.

– ЭТЕК КИРИҢ КЕЛИП ЖАТАБЫ? - ДЕП СУРАДЫ АЛ МАГА ЖАКЫН КЕЛИП.
– ЖОК, БҮТТҮ. -ДЕДИМ МЕН ЧОЧУЛАП.

Көрсө, кан Майянын күчүн алсыратат экен, ошондуктан этек кири келген аялдарды ал кабыл алчу эмес. Нургүл араң дем алып, өзүнүн көйгөйүн айтып жатты. Майя дароо картаны ачты. Ал үч картаны ачып, курбума анын оюн алган адамга тиешеси жок нерселерди айта баштады. Нургүлдүн бактылуу жашоосу бир заматта бузулчудай сезилди: атасынын ойношу бар, үй-бүлөлүк бизнести банкрот болуу күтүүдө, жакынкы беш жылда Нургүл күйөөгө тийбейт. Бирок бир ай бою Майына тазалоого келсе, мунун баарын оңдоого болот экен. Нургүл тамчы күмөнсүз макул болду.

Алдыдагы ритуалдардын баасын угуп, менде экстрасенстердин өзгөчө күчүнө шек пайда болду. Нургүлгө кеп-кеңешин берип, ал мага колун сунду. Венамды кармап көрүп, жаңыдан карта ачып, мага карап жылмайды. Нургүлдүкүнө караганда менин келечегим жакшы экен. Болочок күйөөм менен жолугушуу, жакшы жумуш, ата-энем көп жашап, мен тагдырдын белектерин гана кабыл алам. Үйдү карай үн-сөзсүз кайттык. Сеанстан кийин Нургүл да жолду жаттап калды. Жашоо чындап эле жакшы жагына бурулганын байкай баштадым.

Түнкүсүн мен дуба окуп, Жаратканга бергени үчүн ыраазычылык айтам: жаңы жигитим, жакшы иш. Нургүл менен жашап жатканымтууралуу жаңылык ата-энемди тынчсыздандырган жок.

Ал эми курбумдуку айтылган оор сценарий менен дал келип чыкты. Тазалоо жардам берген жок. Салттуу түрдөгү ыкмалар менен жардам суроо да пайда алып келбеди. 10 жылдан кийин Нургүл турмушка чыгып, мен экинчи күйөөгө тийдим. Биздин сүйүктүү Майябыздын көзү өтүп кеткен, бирок ушул күнгө чейин мен көптөгөн көзү ачык, табып жана сыйкырчыларга бардым. Алар менинжакшы жашоом жана жакынкы мезгилдеги өзгөрүүлөр тууралуу айтышчу. Мен Аллага ишенбей койгон жокмун, бирок бул адамдар менин каалоолорумдун ишке ашуусун тездетип жатышты. Алар жер астын-үстү болуп турган, оор учурларда мени тынчтандырып турушту. Ата-энемдин өлүмү, ажырашуу – деп айтышчу алар, бирок менин катачылыктарым үчүн айыптап жана түбөлүк кыйноо менен коркутушчу эмес.

Балким мен сыйкырга эмес, качандыр бир кезде атамдан укпаган жылуу сөздөргө ишенем.

Редакция OpenAsia
Редакция OpenAsia
Автор материала

Читайте также

Вернуться в начало