Опубликовано 14.04.2016

Казакстанда өспүрүм компьютер үчүн өз жанын кыйды

Казакстандын Акмола облусунда 17 жаштагы өспүрүмгө апасы интернетке кирүүгө тыюу салып койгондон кийин өз жанын кыйган, - деп кабарлайт ИА Новости-Казахстан. Окуя Зеренде шаарында болгон. Полицияны өспүрүмдүн апасы өзү чакырган.


Аял баласы акыркы катты жазгандан кийин ваннадагы батареяга асынып алганын билдирген. Эч жерде окубаган жана иштебеген бала социалдык тармактарда өзүнөн 7 жаш улуу кыз менен таанышкан экен. Кырсыктан бир күн мурда интернетти колдонууга тыюу салганы үчүн эне-баланын ортосунда уруш чыккан.


"Полиция бала менен сүйлөшүп жүргөн кызды тапты. Таанышканы чын экенин, бирок өзүнөн кичүү болгонун билген соң кыз аны менен байланышты үзгөнүн, ага карабай өспүрүм аны кайра таап алганын айтты", — деп билдиришти полициядан.


 Бул окуяга байланыштуу 105-берене боюнча (“Өз жанын кыюуга жеткирүү”) кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Сүрөт news.ivest.kz
Редакция OpenAsia
Редакция OpenAsia
Автор материала

Читайте также

Вернуться в начало