Опубликовано 14.04.2016

Казакстандык окуучу Билл Гейтстин грантын алды

Казакстандын Караганда шаарынын окуучусу Дарья Андрейченко дүйнөдөгү эң абройлуу жогорку окуу жайы – Дьюк университетинин стипендиясын алды. 17 жаштагы кыз – Билл Гейтс грантын (болжол менен миллион доллардын үчтөн бири) алган алгачкы казакстандык. Билл Гейтс стипендия программасынын негиздөөчүлөрүнүн бири, - деп кабарлайт "Хабар" телеканалы. Дарья америкалык тестирлөөгө өз алдынча даярданып, онлайн-интервьюдан өткөн.


“Бул университетке 32 миң киши арыз берип, болгону 1700 киши өтөт. Ал эми бул стипендияны дүйнө жүзү боюнча 8 гана адам алат. Мен университетке да өтүп, стипендияга тандап алуу турунун финалына чыкканым тууралуу мага кат келгенде чынын айтсам шок болдум. Мен аларга: “бул тамашабы?” деп кат жазгам, - деп эскерет Даша.


Эки жылдан бери окуучу кыз мектеп – үй режиминде жашап келатат. SATка өзү катышты. SAT – Казакстандын бирдиктүү улуттук тестирлөөсү. Ал англис тилинен экзамен тапшырып, онлайн маектешүүдөн өттү. Натыйжада ага дүйнөдөгү эң абройлуу жогорку окуу жайда билим алууга чакыруу келди. Дарьянын тырышчаактыгына суктанса деле болот. 17 жашында престиждүү америкалык окуу жайдын стипендиясына гана ээ болбостон, Казакстандын жана Орусиянын фигуралык муз тебүү боюнча бир нече жолку чемпиону.


“Эки жыл мурда кыялдана баштаганда мага баары эле “сен жаман энесиң, анткени кызыңды курулай үмтөттүрүп койдуң. Бул мүмкүн эмес, кимге карапайым казакстандык кыз керек болмок эле, эч кимге керек эмес” деп айтышкан. А биз экөөбүз муштумубузду бекем түйүп алып, алга умтула бердик. Ошондуктан баарына айтат элем: балдарыңыз мыкты, эч кимге ишенбеңиз, эч кимди укпай, максатыңызга жетиңиз. Биздин кыялыбыз орундалды, сиздин да колуңуздан келет”, деди кыздын апасы Марина Андрейченко.

Редакция OpenAsia
Редакция OpenAsia
Автор материала

Читайте также

Вернуться в начало