Опубликовано 07.02.2017

"Келин" долбоору: үй-бүлөлүк зомбулукту пропагандалообу же салттуу баалуулуктарды сактообу?

Кыргызстандын башкы телеканалы - КТРКда “Келин” деп аталган жаңы долбоор башталганы турат. Шоунун авторлорунун ою боюнча катышуучулар чарба иштерин аткаруу жаатында өз ара жарышат. Келиндерди кайнене образындагы актриса баалайт. Шоунун анонсу коомчулуктун талкуусуна түштү. Соцтармактардагы көпчүлүк колдонуучулар долбоордо үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлүп жатат дешти. Алардын пикиринде, жакшы келин болуу биздин кыздар үчүн дагы эле актуалдуу, жаш келинди бүт үй-бүлө үчүн тейлөөчү адам катары көрүү кадимки көрүнүш.


Башкалар болсо телеберүү “чыныгы аялдын образын” жана салттуу үй-бүлөлүк милдеттерди (ага ылайык, аял - кожойке, үй-бүлө коломтосунун сактоочусу) жайылтат деп белгилешти. 



“Мейкин Азия онлайн” өнөктөшү  Zanoza.kg – бул боюнча пикирлердин таймашын өткөрүүнү чечти. 

Назгүл Кулова
социлдык илимдердин доктору

Бир тараптан, бул шоуну көргөн билимдүү, алга умтулган кыздар кыргыз жигитине турмушка чыкпай коюу тобокелдиги бар. Башкача айтканда, жаңы үй-бүлөдө аны эмне күтүп жатканын көргөн кыздар никеге туруудан баш тартат. А бирок бардык эле жигиттер же кайненелер каардуу эмес. 


Башка жагынан карасак, мындай шоу ансыз да бизде жайылган “келин күйөөсүнө жана кайын-журтуна кызмат кылып жагышы керек” деген көндүмдөрдү бекемдейт. А бул биздин кыздардын үй-бүлөдөгү абалын андан бетер төмөндөтөт.

 

Бул көйгөй бар экенин тана албайбыз. Мен үй-бүлөдө кайненеси кемсинткен көп кыздарды билем. Келинге бүт үй ишин жүктөп, ал кың этип, башкаларга арызданаар бекен деп текшерген учурларды да билем. Менин досум – мыкты кондитер жана ашпозчу. Бирок ал эмне жасабасын кайненесине жакпай турган. Мен бөйрөк оорудан ажал тапкан кыздын окуясын билем, аны күйөөсүнүн бүт үй-бүлөсү жумшачу. Анын дарыгерге барууга акчасы да, мүмкүнчүлүгү да болгон эмес.  Өз апасы кызынын ооруп жатканын көрүп, төркүнүнө алып кетип, дарыланууга жиберген, бирок өтө кеч болуп калган эле. Кыз 25 жашта болчу. Жакында эле ушуга окшош окуяны айтып беришти, ал кыз да бөйрөк оорудан каза болуптур. Ал айылда жашаган. Келин эч оорубай, үй иштерин жасаш керек деп эсептешкен ал үйдө.

 

Бул көйгөй көп үй-бүлөлөрдө бар. А шоу келин чарба иштерин кылууга милдеттүү деп көрсөтүп жатат. Ошондуктан, реалити-шоу Кыргызстандагы үй-бүлөлөрдөгү аялдын абалын начарлатат деп ойлойм. Бул кыргыз аялы күйөөсүнүн үйүндө баары үчүн  үй кызматчысы дегенди пропагандалоо. Кызды ушул максат үчүн алгандай. Жакшы келин күйөөсүнүн бүт жакындарына кызмат кылышы керек дешет.

Поддерживаю
Поддержало
1 чел.
Хадича Харсанова
“Келин” долбоорунун продюсери

Көп жыл мурун, тээ совет доорунда “Кана эмесе, кыздар!” деген берүү болоор эле. Анда кыздар бир нерсе жасап, балдарды жалайыкка ороп ж.б. аракет кылышчу. Биз катардагы көрарманга кызык болчу берүү тарткыбыз келди. “Жөнөкөй бол – адамдар сага өзү эле тартылат” деген принцип менен жашайбыз.

 

Биздин долбоор – чыныгы кыргыз жашоосуна бир аз өзгөртүү киргизүү менен жасалган көңүл ачуучу контет. Бул масстер-класс эмес. Бул социалдык-таанып билүүчүлүк контент эмес. Анын үстүнө зордук-зомбулукту жайылтпайбыз.

 

 Чын-чынына келгенде “жашоо кандай болсо, ошондой” кылып көрсөтөбүз, аймактарда көпчүлүктө аз гана шарттар, кайнене, чарба бар. Миңдеген аялдар үй-бүлө, турмуш-тиричилигин, жумушун, саякаттоо жана башка жашоо жыргалы менен айкалыштырып эле келатышат.

 

Долбоордо эки позиция бар: “ак көңүл” – алып баруучу Пазылжан Илимов, каардуу каарман – ал көбүрөөк карикутуралык “кайнене” образы. Биз бул ролго атайылап эле кесипкөй актриса Замира Сатыбалдиеваны алдык. Ал чыныгы жашоодо соонун аял жана үй кожейкеси. Ал бекем, бирок адилеттүү.

 

Катышуучулардын көпчүлүгү – шаардык кыздар, алар үчүн жаңы нерсени жасоо кызык. Баардыгы иштешет, окушат. Алардын арасында ЖК консультанттары, студенттер, стилисттер, моделдер, мамлекеттик кызматкерлер, банк кызматкерлери, окутуучулар ж.б. бар.

 

Долбоор катышуучуларында сөз эркиндиги бар: алар долбоор, тапшырмалар, “кайнененин” кылыктары тууралуу пикирлерин айтышат. Кыздар долбоорго чоң белек үчүн кызыгышты, жеңүүчү эки адамга саякат, мебель, идиш-аяк алат. Бул чынында эле кыздын ата-энеси үчүн чоң жеңилдик. Ошондой эле катышуучулардын арасында таланттуулары бар, алар үчүн ТВга жол ачылышы мүмкүн.

 

Берүүнү көрүү же көрбөө – ар бир көрармандын жеке иши. Бирок сынап жана талкуулаш үчүн жок дегенде берүүнүн бир нече чыгарылышын көрүү керек.

Поддерживаю
Поддержало
чел.
Редакция OpenAsia
Редакция OpenAsia
Автор материала

Читайте также

Вернуться в начало