Опубликовано 18.02.2020

КЫРГЫЗ МЕКТЕП СПУТНИК КУРУУЧУЛАРДЫН КОМАНДАСЫНЫН АКЫРКЫ АГЫМЫН ТАНДООДО

The Open Asia буга чейин аялдар командасынан турган Кыргызстандын алгачкы көз карандысыз спутниги тууралуу баяндап берген. 

Келечектеги спутник космостон түстүү сүрөттөрдү тартууга арналган. Кыздар CubeSat менен иштешет, бул белгилүү бир көрсөткүчтөрү (10X10X10см) бар, куб түрүндөгү наноспутник.

Спутник менен негизги команда иштейт, бирок космостук мектеп бардык каалоочулар үчүн негиздик курстарды өткөрөт. Спутник куруу мектебинин башкы максаттарынын бири - өзүнүн мисалында кыздарды жана айымдарды STEM жолуна (илим, технология, инженерия, математика) шыктандыруу болуп саналат. 

Айта кетсек, аялдар дүйнөлүк коомчулукта изилдөөчүлөрдүн 30% кемин түзүшөт. Негиздик курстарда бишкектик кыз-келиндерди эмнеге үйрөтүшөт? 3D-моделдөөгө, каңдоого, Ардуинодо программалоого. 

Бул топко кабыл алуу акыркы болот. Негизги критерийлер: Бишкек шааарында жашаган 14 жаштан жогору кыздар жана айымдар. Билдирмени бул жерге калтырууга болот. Орундар чектелген, билдирме калтыруу мөөнөтү – 20-февраль, саат 14:00 чейин. Тандоонун жыйынтыгы 20-февралда жарыяланат. 

Окуулардын убактысы:

18:00 дөн 20:00 гө чейин 

Башталышы жана узактыгы:

Курстар 24-февралда башталып 6-мартка чейин уланат. Дүйшөмбүдөн жумага чейин.

Дареги:

«Клооп Медиа» кеңсеси, Горький көчөсү 48/1.

Редакция OpenAsia
Редакция OpenAsia
Автор материала

Читайте также

Вернуться в начало