Опубликовано 20.09.2017

Кыргызстанда оң рулдуу таксилерге тыюу салуу керекпи?

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги жаңы жылдан оң рулдуу таксилерге тыюу салууну көздөп жатат. Жаңы өзгөртүүлөр тиешелүү мыйзамдарга киргизилген. Буга чейин оң рулдуу унаалар менен жүк же жүргүнчүлөрдү ташууга тыюу салуу 2020-жылга жылдырылган эле. Айдоочулар арасында демилге тынчысыздануу жаратты, анткени өлкөдөгү таксилердин көбү оң рулдуу.


ИИМ өзгөртүүлөрдү тез арада кабыл алуу керек деп эсептейт. Алардын пикиринде, оң рулдуу автоунаалар (негизинен япон өндүрүшүндөгү) – авариялардын башкы себепчиси.

 

Жергиликтүү таксисттер буга караманча каршы: аларда жаңы унаа сатып алууга акча жок.

 

“Мейкин Азия онлайн” бул жаатта пикирлер таймашын өткөрүүнү чечти. 

Нур Сатыбалдиев
Патрулдук милициянын ишмердигин жөндөө жана көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы

Бизде оң рулдуу таксилерге 2020-жылга чейин уруксат. Бирок жолдордо катталып жаткан көп кырсыктардан улам оң рулдуу таксилерге жаңы жылдан тыюу салуу мүмкүндүгүн талкуулоого аргасызбыз. 8 айда жол кырсыктарынан 504 адам каза болду. Жалпы кырсыктардын 30%ы оң рулдуу унаалардын катышуусунда болгон. Оң рулдуу унаалар кабылган авариялардан  151 адам каза болгон. 2020-жылга чейин биз дагы канча адамды жоготобуз?

Сол тараптуу кыймылда оң рулдуу унаалар авариялык учурларды жаратышат, анткени айдоочуга баары көрүнбөйт. Каршы тилкеге чыгып жатканда айдоочулар көп учурда аларды карай унаа келе жатканын көрүшпөйт да, кырсыкка кабылышат. Адатта, мындай авариялар айдоочу жана жүргүнчүлөрдүн өлүмүнө алып келет.

Өзгөрүүлөрдү кабыл алуу мене биз аварилардын саны азаят деп ишенебиз. Демилге колдоо тапса, оң рулдуу унааларды такси катары колдонууга 2 миң сом  ($29) айып пул салынат. Бир жыл ичинде мыйзамды кайрадан бузушса, айдоочуга 3 миң сом ($44) айып пул салынып же айдоочулук укугунан 6 айга ажыратылат. 

Поддерживаю
Поддержало
76 чел.
Айбек Баратов
Жарандык активист, Facebook`тагы «Туура айдоочулардын биримдиги» тобунун катышуучусу

Рулдун кайда жайгашканы автоунаага коркунуч жаралган кырдаалда чечүүчү фактор эмес. Жабдылышы, конструкциясына карабай, унаанын коопсуздугу айдоочусунан көз каранды. Мисалы, Аудинин рулу  оң же сол жагында жайгашканы  анчалык маанилүү эмес, башкысы, айдоочусунун башкаруу тажрыйбасы болуп, жолдогу абалды тыкыр баалап, жол эрежелерин сакташы керек.

 

Оң рулдуу автоунааларга каршылардын негизги аргументи – унаалардан оозуп өтүүгө ыңгайсыздыгы. Бирок, эгер айдоочу  өз өмүрүнө кайдыгер болбосо, ал тобокелдиктерди азайтууга аракет кылат, мисалы керек жерде алдыңы жолду көрүүнү жакшырткан “оозуп өтүү камера” кызматынан колдонот.

 

Өкмөт, президент, ИИМ жана кызыктар тараптарга көйгөй рулдун кай жакта жайгашканында эмес, айдоочу кантип күбөлүк алганы, эрежелерди канчалык билип жана сактаганында жатканын жеткиргим келет. Азырга чейин оң рулдуу унаалардын коркунучтуулугун тастыктаган ишенимдүү далилдер жана статистика жок.

 

Өзгөртүүлөрдү кабыл алуу патрулдук милиция башкармалыгында коррупциялык схеманы жаратат. Алардын колдоосу таксисттердин салык төлөбөй, көмүскөгө кетишине алып келиши мүмкүн. Жаңы өзгөртүүлөр миңдеген жарандарды кирешеден ажыратат.  Алардын көбүндө унаа насыяга келип жана жалгыз киреше булагы болушу мүмкүн.

 

 

Поддерживаю
Поддержало
101 чел.
Редакция OpenAsia
Редакция OpenAsia
Автор материала

Читайте также

Вернуться в начало