Опубликовано 19.07.2017

Кыргызстандагы президенттик шайлоо тууралуу эмнелерди билүү керек?

Эмне болуп жатат?

2017-жылдын 15-октябрында Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. Мамлекет башчысын алдыңкы алты жылга шайлашат. Жаңы президенттин ант тапшыруу аземи 1-декабрдан кечиктирилбей өтүшү керек. Анткени дал ушул күнү азыркы президент Алмазбек Атамбаевдин ыйгарым укуктары бүтөт. 


Бул шайлоо эмне үчүн маанилүү?
Азыр респбуликаны эми ким башкарарын эч ким айта албайт. Анткени Конституция Алмазбек Атамбаевге экинчи мөөнөткө барууга жол бербейт. 

Мындан сырткары эгемендүү Кыргызстанда жакында бешинчи президент шайланарына карабай, өлкө жарандары бийликтин тынч жолу менен өткөрүлүшүнө экинчи жолу күбө болушат. Тунгуч ажо аскар Акаевди 2005-жылы кулатышкан. Кийин Курманбек Бакиев келди, ал 2005-жылдагы революциядан кийин өлкөдөн качып кетти. Ал окуялардан кийин өткөөл мезгилдин президенти деп эсептелген Роза Отунбаева бийликте болгону 1,6 жыл отуруп, бийликти Атамбаевге өткөрүп берди. 

2011-жылдын 1-декабрында Алмазбек Атамбаевдин ант берүү аземи өттү. 


Атамбаев бийликте калууга аракет кылбайбы?
Бул суроону азыркы президентке көп эле жолу беришкен. Ал: "2017-жылдын 1-декабрында ыйгарым укуктарымды тапшырам" деп кесе жооп берип келет.

Бирок өткөн жылдын декабрында Кыргызстандын жарандары жаңы Конституция үчун добуш беришкен. Бир топ өзгөртүүлөрдүн катарында президенттин мүмкүнчүлүктөрү азайып, премьер-министрдин ыйгарым укуктары кеңейди. Бул президенттин оппоненттерине Атамбаев өкмөт башчылыкка барышы мүмкүн деп айтууга негиз берди. Бирок Атамбаев президент да, премьер да, спикер да болбой турганын айткан.  


Демек, Атамбаев саясаттан таптакыр кетеби?
Ушул жылдын 24-мартындагы маалымат жыйында Атамбаев президенттик мөөнөтү бүткөн соң, жогорку саясий кызматтарды ээлебей турганын, бирок саясатта каларын журналисттерге айтты. "Эгер сен саясат менен алектенбесең, саясат сени менен алектенет", - деген Атамбаев. 

"Мен кайсы бир креслодо отуруп же жөн эле өз өлкөсүн ойлогон адам болгонума карабай, алар менин үнүмдү угушат деп ишенем", - деди Атамбаев. 

"Эң жогорку мамлекеттик үч кызматты ээлегиси келген көп саясатчылар бар. Мен өз партиям - КСДПнын маселелери менен алектенем. Мен партиям тазаланып, жаңыланышы үчүн көп күч короттум, ал үчүн кайсы бир кызматка баруу зарыл эмес", - деп белгилеген Атамбаев. 

"Саясатта калуу үчүн кайсы бир кызматты ээлөө шарт эмес. Эгер мен ушуну кааласам, анда башкача референдум өткөрмөкмүн", - дейт ал. 

Шайлоо эмне үчүн 15-октябрда өтөт?
Депутаттар 2011-жылы президенттик шайлоо күнүн аныктаган мыйзам кабыл алышан. Ага ылайык, добуш берүу 19-ноябрда өтүшү керек эле. Бирок кийинчерээк "Ата Мекен" оппозициялык партиясындагылар: "мындай болсо жаңы президентти 1-декабрга чейин шайлоого үлгүрбөй калабыз (айрыкча экинчи тур да өтсө), а бул болсо Атамбаевдин бийликти узурпазиялашына жол ачылат", - дешти. 

Жыйынтыгында "Шайлоолор жөнүндө" мыйзамын көп талкуулагандан кийин тиешелүү өзгөртүүлөрдү кабыл алышты да, шайлоо октябрдын үчүнчү жекшембисине, башкача айтканда, 15-октябрга белгиленди.


Ким президент боло алат?
Кыргызстандын 35-70 жаштагы жараны президент боло алат. Ал кыргыз тилин билиши жана өлкөдө 15 жылдан кем эмес убакыт жашашы шарт. Соттолгондор же соттуулугу бүтө электер ажолукка ат салыша алыпайт. Жогорку Сот талапкер болгусу келген Ахматбек Келдибековдун соттуулугу ноябрда гана бүтөрүн айтууда. 



Президенттикке ким ат салышып жатат?
17-июлга карата Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясына 30 адам документин тапшырды. Бул чек эмес: Боршайком күн сайын 2-3 талапкерди каттап жатат. Өткөн жолкусунда 83 киши документ берген. 

Алардын катарында тажрыйбалуу саясатчылар, аракети талкуу жараткан инсандар, мисалы, "Зима не будет" деген сөзү менен белгилүү Арстанбек Абдылдаев, "Шматрица" ЖЧКсынын башчысы Руслан Жунусов, баңгизат сактоо үчүн соттолгон  Шерикул уулу Мирлан; абактагы Игорь Трофимов бар. 
Бул адамдардын президент болууга мүмкүнчүлүгү барбы?
Көпчүлүгүндө жок. Шайлоо күрөөсүн төккөнү келгенде талапкерлердин бир тобу иргелет деп болжолдонууда. Азыр шайлоо күрөөсү мурдагы 100 миң сомдон 1 млн сомго көтөрүлгөн. Мындан сырткары дагы бир бөлүгүн конституциялык талаптарга туура келбегени үчүн каттоого алышпайт. 

Серепчилер күрөш бир нече талапкерлердин ортосунда болот деп болжошот. Алар - экс-премьер-министр Темир Сариев, экс-премьер-министр, депутат Өмүрбек  Бабанов, депутат Бакыт Төрөбаев, азыркы өкмөт башчы, бийликчил КСДП партиясынын талапкери Сооронбай Жээнбеков жана башкалар. 

Баса, талапкерлиги катталагандан кийин Жээнбеков кызматтан кетиши керек болот. Андыктан Кыргызстанды дагы бир өкмөт алмашуу күтүп жатат. 

Президентти ким шайлайт?
18 жашка толгон, биометрикалык маалыматтарын тапшырган Кыргызстандын жарандары. 2015-жылдан тарат Кыргызстанда шайлоочуну атайын жабдыктын жардамында тааный турган биометрикалык система колдонулууда. 

Чет жерде жүргөн кыргызстандыктар да добуш беришет, бирок алар деле биометрикалык маалыматын тапшыргандар болушу шарт. Жалпысынан 2 млн 939 миң кыргызстандык шайлоо укугунан пайдалана алат. 


Бул шайлоо Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн өз ара мамилесине кандай таасир этет?
Чоң өзгөрүү болбойт. Бардык талапкерлер (президенттикке чыныгы талапкер болуп жаткандар) аймактагы бардык өлкөлөр менен кошуналык мамилени өнүктүрүүгө кызыктар экенин көп эле жолу айтышкан. 





Редакция OpenAsia
Редакция OpenAsia
Автор материала

Читайте также

Вернуться в начало