Опубликовано 09.08.2016

Кыргызстандагы референдум тууралуу эмнелерди билүү керек?

Эмне болуп жатат?

Кыргызстандын парламенти – Жогорку Кеңеш Конституцияга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр боюнча маалыматты ачыктап, “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР мыйзамы боюнча “Референдум (жалпы элдик добуш берүүнү) дайындоо” тууралуу мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Акыркы ирет Баш мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилгенде, Конституцияны 2020-жылга чейин өзгөртүүгө тыюу салынгана карабай бул демилге көтүрүлдү. 

“Референдум тууралуу” мыйзам долбоорунун жана Конституцияга өзгөртүүлөрдүн автору ким?

Долбоордун авторлору – спикер Чыныбай Турсунбеков, КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов, “Республика-Ата-Журттун” лидери Өмүрбек Бабанов, “Кыргызстан” фракциясынын башчысы Канатбек Исаев, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын башчысы Бакыт Төрөбаев, “Бир Болдун” лидери Алтынбек Сулайманов жана башка депутаттар. 

Конституция боюнча референдумду эмне үчүн өткөргөнү жатышат?

Расмий себеби мындай: Баш мыйзамдын акыркы редакциясы 2010-жылдын 27-июнунда кабыл алынды. Бирок акыркы 6 жылда дүйнөдө көп өзгөрүүлөр болду. А бул нерсе ошол маалда эске алынган эмес. Авторлордун пикиринде, Конституциядагы карма-каршылыктарды, кемчиликтерди баш мыйзамдын негизине доо кетпегидей кылып жоюуга мезгил келди. Мындан сырткары жаңы коркунуч, чакырыктарга оңдуу аракеттенүү боюнча база да түзүлүшү керек.

Өзгөртүүлөрдүн бейрасмий себеби: премьер-министрдин ыйгарым укуктарын күчөтүү, Жогорку Кеңешке басым көрсөтүү мүмкүндүгү пайда болот, а өкмөт башчы эң күчтүү фигурага айланат.

Конституциянын эмнесин өзгөрткөнү жатышат?

·Бардык мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнүн мааниси, маңызы боло турган жогорку баалуулуктарды Баш мыйзамда көрсөтүү;

· жогорку баалуулуктар (адам укуктары, жарандык, кылмыш куугунтугу) боюнча Конституциянын айрым нормаларына өзгөртүү киргизүү;

· өкмөттүн Жогорку Кеңеш менен алакасындагы макамын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын дайындоо процедурасын өзгөртүү;

· азыркы Баш мыйзамдын мамлекеттик (кыргыз) жана расмий (орус) тилдердеги тексттериндеги дал келбей калган жерлерин оңдоо. 

Баш мыйзамга кайсы жаңы баалуулуктарды сунуштап жатышат?

КР Конституциясынын 1-беренесиинин редакциясы:

Кыргыз республикасы - суверендүү, демократиялык, укуктук, светтик, унитардык, социалдык мамлекет. 

Сунушталып жаткан редакция:

Кыргыз Республикасы (Кыргызстан) - эгемен, демократиялык, укуктук, мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган, унитардык, социалдык мамлекет, анын улуу дөөлөттөрү болуп төмөнкүлөр эсептелет: 

1) адам, анын өмүрү, бакытка умтулуусу, ден соолугу, укуктары жана эркиндиктери, Мекенди сүйүүсү, коопсуздугу, билими, намысы жана аброю;

2) Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгы, мамлекеттик эгемендиги, улуттук кызыкчылыктары; 

3) Кыргыз Республикасынын аймактык бүтүндүгү; 

4) Кыргызстан элинин биримдиги, өлкөдөгү тынчтык жана ынтымак; 

5) адилеттик, укуктун үстөмдүгү жана мыйзам алдындагы теңдик; 

6) улуттук маданиятты, тилди сактоо жана өнүктүрүү, тарыхка этият мамиле; 

7) адеп-абийир, үй-бүлө, балалык, аталык, энелик, ата-энеге камкордук, улууну урматтоо, каада-салттар менен прогрессти айкаштыруу; 

8) инсандын гармониялуу өнүгүүсү үчүн жагымдуу экономикалык, социалдык жана башка шарттарды түзүү; 

9) жагымдуу айлана-чөйрө.

Адам укуктары боюнча эл аралык нормалар эске алынабы?

Абалга жараша. 

КР Конституциясынын 6-беренесинин азыркы редакциясы:

Адам укуктары боюнча эл аралык келишимдердин ченемдери түздөн-түз колдонулат жана башка эл аралык келишимдин ченемдерине караганда артыкчылыкка ээ. 

Сунушталып жаткан редакция:

Эл аралык келишимдерди, эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптерин жана ченемдерин колдонуу тартиби жана шарттары мыйзам менен аныкталат.

Кыргызстандыкты жарандыгынан ажыратса болобу?

Ооба. Өлкөнүн Баш мыйзамында кыргызстандык үчүн жарандык макамы өзгөрөт.

КР Конституциясынын 50-беренесинин азыркы редакциясы:

Бир дагы жаран өзүнүн жарандыгынан жана өзүнүн жарандыгын өзгөртүү укугунан ажыратылышы мүмкүн эмес.

Сунушталып жаткан редакция:

Бир дагы жаран конституциялык мыйзамда белгиленген учурлардан жана тартиптен тышкары өзүнүн жарандыгынан жана өзүнүн жарандыгын өзгөртүү укугунан ажыратылышы мүмкүн эмес. 

Конституциядагы өзгөртүүлөр КР президентинин макамына да тиешелүүбү?

Ооба, тиешелүү. 

КР Конституциясынын 68-беренесинин азыркы редакциясы:

Президенттин ыйгарым укуктарын аткарып жаткан кызмат адамдары Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындоого, Өкмөттү кызматтан кетирүүгө укуксуз.

Сунушталып жаткан редакция:

Президенттин ыйгарым укуктарын аткарып жаткан кызмат адамдары Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындоого, Өкмөттү отставкага кетирүүгө, мөөнөтүнөн мурда Президенттик шайлоодо Президенттин кызмат ордуна талапкер болууга укуксуз.

Мындан сырткары мамлекет башчысы Конституциялык палатанын судьялыгына талапкердерди сунуштайт, аларды кызматтан бошотот, баш прокурорду Жогорку Кеңештин макулдугу менен дайындайт, мыйзамда каралган учуруларда баш прокурорду депутаттардын жалпы санынын жарымынан кем эмесинин макулдугу менен кызматтан алат. 

Жогорку Кеңештин жана депутаттардын макамы өзгөрөбү?

Эми Конституцияда парламенттик көпчүлүк коалициясынан фракциянын чыгышы көрсөтүлөт, бул мурда болгон эмес. Парламенттик көпчүлүктүн коалициясынан чыгуу жөнүндө чечим фракциянын депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес добушу менен фракция тарабынан кабыл алынат. Фракциянын чечими фракциянын токтому менен таризделет жана чыгуу үчүн добуш берген фракциянын ар бир мүчөсү ага кол коёт.

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! Жогорку Кеңештин депутаты депутаттык мандатын жана Жогорку Кеңештин пленардык жыйналыштарында добуш берүү укугун сактоо менен Премьер-министрдин же вице-премьер-министрдин кызмат ордуна дайындалышы мүмкүн

Жогорку Кеңештин депутатынын Премьер-министрдин же вице-премьер-министрдин кызматынан отставкага кетсе, бошотулса жана милдеттерин аткарууну токтотсо анын депутаттык ыйгарым укуктары толук көлөмдө калыбына келет.

ЖК төрагасы парламентке баш ийет, ал Жогорку Кеңештеги депутаттардын үчтөн биринин  чечими менен  кызматынан чакыртылып алынышы мүмкүн. Фракциялардын коалициясы парламенттик көпчүлүк макамынан ажыраганда, ЖК төрагасы отставкага кетет.

Жаңы коалция түзүлгөндө премьерди шайлоого азыркыдай 15 күн эмес, 25 күн берилет. Мурда депутаттардын жарымынын чечими менен өкмөткө ишенбөөчүлүк билдирүүгө мүмкүн болсо, эми Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө токтом Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмесинин добушу менен кабыл алынат.

Премьер-министрди кызматы кантип өзгөрөт?

Премьер-министр өкмөткө ишеним көрсөтүү маселесин Жогорку Кеңешке алып чыга алат. Парламент баш тартса, президент беш күн ичинде өкмөттүн отставкасын кабыл алат же Жогорку Кеңешке мөөнөтсүз шайлоону дайындайт.

Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышынын биринчи отурумунан тарта өкмөт отставкага кетет. 

Фракциялар коалициясы парламенттик көпчүлүк макамын жогткондо, өкмөт отставкага кетет.

Өкмөт мүчөсү, коргоо жана улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген мамлекеттик органдардын жетекчилерин – Өкмөт мүчөлөрүн кошпогондо, Премьер-министрдин сунушу боюнча ээлеген кызматынан бошотулушу мүмкүн. Аталган сунушту алгандан кийин 5 жумушчу күндүн ичинде Президент Өкмөт мүчөсүн ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө жарлык чыгарбаса, Премьер-министр парламенттик көпчүлүктүн фракцияларынын лидерлери менен консультациядан кийин өзүнүн чечими менен Өкмөт мүчөсүн ээлеген кызматынан бошотууга укуктуу. 

Өкмөт мүчөсү отставкага кеткен же кызматынан бошотулган учурда Премьер-министр бош кызмат ордуна талапкерди 5 жумушчу күндүн ичинде Жогорку Кеңешке киргизет. Жогорку Кеңеш жактырган талапкерди Президент Өкмөттүн мүчөсүнүн тиешелүү кызмат ордуна дайындайт. Талапкерди жактыруу жөнүндө Жогорку Кеңештин чечимин алган күндөн баштап 3 жумушчу күндүн ичинде Президент Өкмөт мүчөсүн дайындоо жөнүндө жарлыкты чыгарбаса, ал дайындалды деп эсептелет.

Премьер-министр жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын дайындоо жана бошотуу укугуна ээ болот. 

Жаңы Конституцияда соттор жана Конституциялык палата үчүн эмне өзгөрөт?
Долбоордо мыйзамдын конституцияга каршы келер-келбеси боюнча чечим кабыл алуунун эки тепкичтүү системасы сунушталууда. Бул боюнча бүтүмдү алгач Конституциялык палата кабыл алат да, аны парламент жана президент менен макулдашат. Ушундан кийин гана Конституциялык палата добуш бере алат.

Президент же ЖК тарабынан каршылык болсо, судьялардын төрттөн үчүнүн добушу менен менен кабыл алынат.

Ошондой эле соттор кат жазышуу, телефон жана башка сүйлөшүүлөрдүн купуялуулугунан жазуу түрүндө баш тартышы сунушталууда.

Референдум качан өтүшү мүмкүн?

“Референдум тууралуу” мыйзамдын долбоору азырынча коомдук талкууда. Ал бир айга созулат. 29-августта долбоорду Жогорку Кеңештин кароосуна чыгарса болот. Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан парламенттеги депутаттардын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмесинин добушу менен кабыл алынат. Андан мурун үчтөн кем эмес окуудан (ар бир окуунун аралыгы 2 ай) өтүшү керек. Башкача айтканда, кароого дагы 60 күндөй кетет. Эгер кабыл алынса, референдум ноябрдын жекшемби күндөрүнүн биринде өтөт. Аймакчы, ноябрда жергиликтүү кеңештерге да шайлоо болот. 

Референдум өттү деп эсептелиш үчүн канча добуш керек?

“Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” конституциялык мыйзамынын 2007-жылдын 23-октябрындагы редакциясына ылайык, референдум катышуучуларынын (добуш берүүчүлөрдүн) жарымынан кем эмеси добуш берсе, референдум өттү деп эсептелет.

Редакция OpenAsia
Редакция OpenAsia
Автор материала

Читайте также

Вернуться в начало