Опубликовано 20.07.2016

Кыргызстандык чуулгандуу укук коргоочу тууралуу 10 факты

Кыргызстанда дүйнө коомунун көңүлүн бурган соттук процесс жүрүп жатат. Өлкөнүн Жогорку соту БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин сунушу менен өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин кайра кароодо. 2010-жылы Кыргызстандын бардык үч инстанциясынын соттору Аскаровду Кылмыш-жаза кодексинин ондогон беренелери боюнча айыптуу деп тапкан. Анын ичинде улут аралык касташууну козутуу, милиция кызматкерин өлтүрүүгө катыштык, курал-жарак жана экстремисттик адабияттарды сактоо, 2010-жылы Кыргызстандын түштүгүндөгү коогалаңдагы мыйзамдан тыш аракеттери бар. Укук коргоочуну өзбек диаспорасынын өкүлдөрү менен бирге жергиликтүү тургундарды тополоңго чакырып, унаа жолун тосууга катышып, жыйналган элди милицияга кол салууга түрткөн деп күнөөлөшкөн.


БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин кайрылуусунда кыргыз бийлиги Аскаровго сотто өзүн коргоосуна тоскоолдук жаратканы айтылат. Анткени укук коргоочу адвокаттары менен жеке жолуга алган эмес. Комитеттен кошумчалашкандай, өлтүрүлгөн милициянын жакындары жактоочуларга кол салып, “алардын өз милдетин толук аткаруусуна жолтоо болушкан”.


Жыйынтыгында Жогорку сот КРнын Конституциясынын 42-беренесине ылайык, жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу Азимжан Аскаровдун укук жана эркиндигин калыбына келтирүү үчүн чара көрүү чечимин кабыл алды. Адвокаттын жана соттолуучунун өзүнүн арызы менен иш кайрадан карала баштады.


“Мейкин Азия онлайн” бул чуулгандуу иш боюнча эң көрүнүктүү фактыларды чогултту.


1. Азимжан Аскаров кыйноо курмандыктарын коргогон 

Азимжан Аскаров -  кыргызстандык укук коргоочу, “Воздух” укук коргоо уюмунун башчысы, улуту боюнча өзбек. Ал 1996-жылдан бери укук коргоо менен алектенет, Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон райондук милициясынын катаал мамилесинен жабыркагандар менен иштешчү. Аскаров кармалгандардын укук-эркиндиктери бузулган учурларды каттап, бул тууралуу ачык айтып чыккан.


Жергиликтүү күч түзүм өкүлдөрү укук коргоочуну жалган жалаага айыпташкан. 2006-жылдын жайында Базар-Коргон районунун прокурору Расул Умаров  кыйноо жана кызмат абалынан кыянат пайдалануу боюнча бардык макалаларды прокуратура менен макулдашуу керектигин Аскаровго билдирген. Буга кошумча анын материалдары “бир тараптуу жана улут аралык касташууну козутууга багытталган” деп түшүндүрүшкөн.  


2. Тергөөнү Базар-Коргон районунун кызматкерлери жүргүзүшкөн


2010-жылдагы коогалаңга катыштыгы бар деген айып менен кармалган укук коргоочуну Базар-Коргон РИИБнин убактылуу кармоо жайына алып барышкан. Аскаров дал ушул мекеменин кызматкерлерине көп жолу каршы чыгып жүргөн эле. Анын иши боюнча процесс формалдуу түрдө коңшу райондо өткөн менен, иш жүзүндө отурумдар Базар-Коргондон 15 чакырым алыстагы айылда болгон. Аскаровдун адвокаты соттолуучуну башка кармоо жайына, ал эми ишти башка сотко которууну талап кылган, анткени шектүү мындай шарттарда өз коопсуздугу жана адилеттүү өкүмгө үмүт арта алган эмес. Жактоочунун өтүнүчү канааттандырылган жок.


Төмөнкү тайм-линияда Азимжан Аскаровдун иши боюнча окуялар топтому менен тааныша аласыз. 

 ТАЙМ-ЛИНИЯ


3. Аскаров тергөө маалында токмоктолгон


Укук коргоочу кармалган маалда токмоктолгон. Муну ошол маалда убактылуу кармоо жайына барган Кыргызстандын Акыйткачы аппаратынын өкүлү тастыктаган. Ур-сокку изолятордо да уланган. Шектүүгө бир канча күндөн кийин гана кире алган адвокат ур-токмок издерин сүрөткө тартып алган.


Башында прокуратура кармалган жаранга келтирилген жараатты четке какты. Кийин ур-токмокко алуу фактысын моюндап, бирок укук коргоочу камералаштарынан муш жегенин билдирген.

 

4. Эл аралык укук коргоо уюмдары өкүмдү өч алуу деп эсептешет


Азимжан Аскаровдун кесиптештери ал өч алуу курмандыгы болгонун,  кылмыш иши анын укук коргоо ишмердүүлүгүнө байланыштуу дешет. Абакка барган Human Rights Watch (HRW) уюмунун укук коргоочулары милиция Аскаров тууралуу эмнде дегинин айтып берген. “Силер аны аппак деп ойлоп атсаңар керек, бирок биз анын кандай айбан экенин билебиз”, - деди бирөөсү. Дагы башкасы болсо укук коргоочуну эч кандай териштирүүсүз эле өлүм жазасына тартыш керек деп айтты. “Тытып салганга даяр милициянын курчоосунда кала берсе, Аскаровдун өмүрү жана саламаттыгына коркунуч бар”, - деп билдирген HRW уюмунун кызматкери Анна Нейстат.


АКШнын жана Евробиримдиктин өкүлдөрүнүн пикиринде, Аскаров жыйналган элди тополоң чыгарууга үндөгөн эмес, тескерисинче милициянын мыйзамсыз аракеттери боюнча маалымат чогултуп жүргөн. Сот процессине катышкан эл аралык байкоочулар Аскаровдун күнөөсүн айгинелеген бир да жүйөөлүү далил келтирилбегенин айтууда.

 

5. Өлтүрүлгөн милициянын жакындары Аскаров күнөөлүү дешет


2010-жылдын июнунда өлтүрүлгөн милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановдун бир тууганы Гүлнара Жусупова болсо Азимжан Аскаровдун ишин кайра кароо чечимине макул эмес.


“Мен карапайым кыргыз элин коргой албаган президентке жана 120 депутатка наалат айтам. Менин агам июнь окуяларында тартипти сактап жүрүп өлдү. Бүт Базар-Коргон району сот чечимин күткөн. Эми эмне болоорун билбейм. Аскаровду качанга чейин коргой беришет?” – дейт ал.


6. Аскаров БУУга арыз жазып,  зарыл процедуранын баарын басып өттү

“Аскаров БУУга кайрылып, арызды кароонун бардык этабын басып өткөнү үчүн уюм анын ишине кийлигишти”,- деп түшүндүрдү укук коргоочу Нурбек Токтакунов. – Адам укуктары боюнча комитеттин процедуралары өз укугун жан талаша коргогондорго багытталган. Алардын критерийлеринин бири – жаран өзүн коргоо үчүн улуттук мыйзамдын бүт мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп бүткөндүгүндө. Арызды алган соң комитет эң алгач жаран өлкө мыйзамы жол берген бүт мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп көрдүбү деп кызыгат. Бул суроону алар өлкө өкмөтүнө жиберишет. Эгер өкмөт арыз ээси тигил же бул мүмкүнчүлүктөрдү колдонбогонун көрсөтсө, анда комитет авторго арызыңыз жөндүү эмес деп, маселени жабат.


2003-жылдан бери Кыргызстанда 6 эле адам, анын ичинде Аскаров Адам укуктары боюнча комитеттин оңдуу чечимин алган.  Азимжан Аскаров 5 жыл мурун суроо-талап жиберген, 2016-жылдын мартында гана комитеттин жообун алды.


“Комитеттин бүтүмүнө ылайык, Кыргызстан Азимжан Аскаровду токтоосуз бошотуп тим болбой, ага келтирилген зыянды да төлөп бериши керек. Жаңы соттук териштирүү башталса, процесс “объективдүү жана адилет териштирүү принциптерин, айыпсыздык презумпциясын жана башка процессуалдык кепилдиктерди сактоо менен өтүшү керек”, - деп билдиришти комитет мүчөлөрү.

 

7. Аскаров абакта отуруп өзүнүн сүрөт көргөзмөсүн өткөрдү


2014-жылдын июнунда Кыргызстан Сүрөтчүлөр союзунун залында Азимжан Аскаровдун эмгектеринин көргөзмөсү өттү. Биринчи бөлүгүндө 1977-1992-жылдары тартылган живопись, портрет, пейзаж, натюрморт топтомдору коюлду.


Көргөзмөнүнүн экинчи бөлүгү - абак артында тартылган сүрөттөр. Аскаров жаза мөөнөтүн өтөп жаткандардын жүзүн, өзүн кагаз бетине түшүргөн. Бул негизинен кыл калем менен тартылган сүрөттөр.

 

8. Аскаров Кыргызстан менен АКШ ортосундагы макулдашууларды жокко чыгарууга себепчи болду


2015-жылы Азимжан Аскаров АКШнын Мамдепартаментинин адам укуктарын коргоо жаатындагы сыйлыгын алды. Бул сыйлык бийликтин куугунтугуна карабай, адам укугун жана демократияны коргогон укук коргоочуларга жана бейөкмөт уюмдарга ыйгарылат.


“Азимжан Аскаров – укук коргоочулар жамаатында бириктирүүчу фигура. Ал кыргыз менен өзбектердин ортосунда туруктуу тынчтыкты орнотууда Кыргызстан өкмөтүн натыйжалуу чечим кабыл алууга аргасыз кылуу үчүн бардык улут өкүлдөрүн бириктирип турат”, - деп түшүндүргөн Мамдепартамент өз чечимин.


Кыргызстандын бийлиги муну чагымчылдык деп баалады. Каршылык билдирип, өкмөт Кыргыз Республикасы менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосунда 1993-жылы түзүлгөн Кызматташуу боюнча макулдашууну бир тараптуу жокко чыгарды.

 

9. Аскаровдун ишине Ангела Меркель байкоо салууда


2012-жылы Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев Германияга иш сапары менен барганда Ангела Меркель Азимжан Аскаровдун ишине байланыштуу адам укуктарынын сакталышы боюнча маселе көтөргөн.


“Азимжан Аскаровго карата сот чечими мен президент болгонго чейин эле кабыл алынган, бирок бардык укуктук маселелерди сот чечиши керек”, - деп жооп берген Атамбаев Кыргызстанда сот реформасы болоорун белгилеген.


“Кыргызстандагы этникалык азчылыктарга байланыштуу абал дүйнө коомчулугунун назарында, мамлекет башчы муну түшүнүп турат”, - деген Меркель журналисттерге интервью берип жатып.


Ушул жылдын 13-июлунда Меркель Кыргызстанга келди. Ал Атамбаев менен адам укуктары жана Азимжан Аскаровдун иши боюнча сүйлөшкөнүн билдирди.


“Сот иши кайра жанданганы, ага эл аралык эксперттер, анын ичинде германиялыктар чакырылганы боюнча президенттен так жооп алдым. Сот процесси ачык өтүшү керек”.

 

10. Президент Атамбаев сот процесси ачык-айкын өтөөрүн убадалады


“Аскаровдун иши кайрадан өтө дыкаттык менен каралат. Буга мейли жарым жыл, бир же эки жыл кетсин. Абакта кыйноо болгон, тергөө жана сот процесстери бейтарап өткөн эмес деген БУУ Комитетинин  чечими бар. Андыктан сот Комитет чечимин, биздин Конституцияны эске алуу менен ишти кайрадан карайт”, - деди Атамбаев Меркель менен өткөргөн жолугушуусунан кийинки маалымат жыйында.


Президент БУУнун Баш катчысы Пан Ги Мунга кат жөнөткөнүн, процесске катышууга эксперттерди чакырганын белгиледи. Атамбаев  өлкө эксперттерди кабыл алууга, ал тургай алардын жатаканасын төлөп берүүгө даяр экенин да кошумчалады.

Редакция OpenAsia
Редакция OpenAsia
Автор материала

Читайте также

Вернуться в начало