Опубликовано 30.12.2016

Кышында Борбор Азияга баруунун беш себеби

Борбор Азия өлкөлөрүндө жайкы туризм тынымсыз өнүгүп жатат. Жылдын жылуу мезгилинде аймактагы мамлекеттер сууга түшүү, тарыхый, тамак-аш жана экологиялык турларды сунуштоого даяр. Жайындасы Борбор Азияга альпинисттер да кезектеги чокуну багындыруу үмүтү менен келишет. Кышкысын туристтердин бул жакка агымы азая түшөт.


“Мейкин Азия онлайн” кышкысын Борбор Азияга эс алууга барыштын беш себебин чогултту.


Тоо лыжа базалары


Кышкысын Борбор Азияга тоодо лыжа тебүү үчүн барганга болот, анткени аймактын ири бөлүгүн тоолор ээлеп жатат. Кайсы бир катардагы дөңсөлөр эмес, Тянь-Шань менен Памир-Алайдын улуу чокулары. Албетте, инфраструктура жагынан Альпыдан артта, бирок жергиликтүү тоо лыжа базалары курорт деген наамга талапкер боло алышат. Анын үстүнө баалар кымбат эмес. Лыжаны укмуш тебе алгандар үчүн да, биринчи жолу лыжага тургандар үчүн да тоо боорунда бирдей кызыктуу болушун табият өзү камсыздаган.


Forbes журналынын версиясы боюнча КМШдагы эң мыкты 15 тоо лыжа базаларынын катарына "Шымбулак" (Казакстан) жана "Каракол" (Кыргызстан) кирген. Туристтер арасында Борбор Азияда дагы бир катар курорттор популярдуу. Алар менен инфографикадан таанышыңыз.   Фрирайд


Акыркы жылдары Борбор Азияда фрирайд аябай популярдуу боло баштады. Бул сөз “даярдалбаган тоо боорунда же бут баса элек карда лыжа же сноуборд тебүү” дегенди түшүндүрөт. Фрирайд трассалары айрым лыжа базаларында да бар (мисалы, “Караколдо”). Бирок чыныгы эр жүрөктүүлөр шарты жок жактарда фрирайд таасирлерин издешет.


Сервис жүктөлгөнчө бир аз күтө туруңуз.



Албетте, тоо боорлорун жалгыз багынтууга теңдешсиз экстремалдар гана багынтат. Калгандары үчүн ар кандай багыттагы турлар уюштурулат. Бул – тик учак кызматынан пайдалануу же хэлт-ски, мында лыжачандарды өйдөгө адаттагы аркандар эмес, тик учак жеткирет.  Мындай көңүл ачуу арзан турбайт. Ары-бери ташуу, жашоо, тамак-аш, тик учакта 9 саат учуу, гиддердин кызматы жабдуулардын бир апталык баасы $4500 кем эмес турат.


Бэккантри өз күчүн текшерип көрүүнү каалагандар үчүн кызык болот. Мында чокуга техниканын жардамысыз эки бут менен чыгууга туура келет.


Коньки


Кышкысын Борбор Азияга бийик тоодогу “Медеу” (Казакстан) муз аянтында коньки тебүү үчүн келүү керек. Учурда “Медеу” – эң көлөмдүү – 10,5 миң чарчы метр муз аянты.  Бийикте жайгашышы дүйнөлүк рекорд жасоого жардам берет, ачылгандан бери мында 170 рекорд коюлган.


Баса, “Медеу” кышындасы эле иштебейт. Мындагы музду жасалма тоңдуруу системасы дүйнөдө башка жок, муз катмары жылдын 6-8 айында ээрибей тура берет.


Жайкысын болсо арена эң сонун концерт аянтчасына айланат. “Азия добушу”  ("Азия Дауысы") эл аралык музыка фестивалы ушул жерде өткөн.  


Жылуу булактар


Тажрыйбалуу “морждор” жылдын суук мезгилинде сууга түшүү кооптуу эмес дешет. Бирок баары эле ызгаар суукта эч ойлонбой ачык сууга бой таштай албайт. Абалдан чыгуунун жолу бар – кышында муз тешигинде эмес, кайнак булакта жуунууга мүмкүнчүлүк бар. Албетте, алар жыл бою “иштейт”. Бирок анда кышкысын чөмүнүү өзгөчө жагымдуу. Элестетиңиз, айланын баары ак кар, а сиз табият өзү даярдап койгон жылуу “ваннада” жатасыз. Борбор Азия мындай эс алууну сүйгөндөр үчүн ар кандай сунуштарды даярдаган.


Мисалы, Гарм Чашма (Тажикстан) деген жердеги ысык булактар аябай белгилүү. Булакка жакын жерде “Гарм Чашма” деген санатория бар. Мында тери, гинекологиялык, дем алуу, жүрөк-кан-тамыр ооруларын дарылашат. Эгер бейтаптын дарты оор болбосо, ванналардан сырткары гелиотерапияны колдонушат. Жылуу булактардан сырткары Гарм-Чашмада муздак минералдык булактар  (Хосгуни, Чурш, Зунд) бар, анын даарылык касиети күчтүү.


Ден соолукту чыңдаганча эс алуу


Дарылоо менен коштолгон эс алуу – заманбап туризмдин популярдуу багыты. Борбор Азияда  бул үчүн шарттар түзүлгөн. Тээ совет доорундагы санаторийлер сакталып калган. Аларды башкалардан табигый байлыгы айырмалап турат. Мисалы, Кыргызстандын аймагында минералдык суунун 250дөн ашык булагы бар. Алард минералдуулугу, химиялык курамы боюнча ар түрдүү. Курортологияда белгилүү болгон минералдык суунун 40 түрүнөн Кыргызстанда 30ду пайдаланышат. 


Сервис жүктөлгөнчө бир аз күтө туруңуз.

Редакция OpenAsia
Редакция OpenAsia
Автор материала

Читайте также

Вернуться в начало