Опубликовано 24.12.2019

2020-жыл: ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БЕЛЕКТЕР ҮЧҮН ЖАҢЫ ИДЕЯЛАР

pexels.com

Жыл өткөн сайын белек берүү улам-улам оор болуп баратат. Белектердин түрүнүн көптүгүнөн, айланадагы адамдардын хоббилеринин түрдүүлүгүнөн улам адамдарга жага турган туура нерсени тандоо кыйынга турат. Туура тандалган белек сиздин адамга болгон мамилеңизди көрсөтүп, сөзү жок сезимдериңиздин баарын көрсөтө алат деп айтышат.

«Мейкин Азия» (TheOpenAsia) Жаңы жылдык уникалдуу белектердин топтомун чогултту. Бул тизменин баары менен бөлүшүүнү каалап жатабыз. 

ӨНҮГҮҮ МААНИЛҮҮ БОЛГОНДОР ҮЧҮН
pexels.com

Глобализациянын дүйнөлүк франшизалардын коомдук тамактануучу жайларга жана дүкөндөргө гана эмес, башка чөйрөлөргө дагы терс таасирин  тийгизүүдө. Азыр билим берүү тармагы Coursera’га окшогон чоң сервистер өз тренддерин таңуулаган багытка айланып баратат. Бул жерде англис тилин билген адам өзүнө керектүү кесиптик курс, кругозорун кеңейткен сабактар, же болбосо дүйнөнүн алдыңкы университеттеринин биринде дистанттык билим аркылуу диплом алууга шарттар жаралууда. 

Ойлонуп көргүлө, жакын адамыңарга эмне туура келиши мүмкүн. Окуунун аягында сертификат бере турган курсту алып берсеңер болот. Ишенип койгула, жакыныңыз сизге чынында ыраазы болот. Балким, анын кесибине болгон көз карашы дагы өзгөрүп кетиши мүмкүн. 

Белекке шилтеме

СПОРТСУЗ ӨЗ ӨМҮРҮН ЭЛЕСТЕ АЛБАГАНДАР ҮЧҮН
pexels.com

Сүйгөнүңө фитнес залга абонемент берсең, ал сергек жашоо образынын фанаты эле болбосо, туура эмес түшүнүп калышы ыктымал. Эгер сиз жана белек бере турган адам Казакстандын аймагында болсоңуз, сизге 1Fit бирдиктүү абонементин алууну сунуштайбыз. Себеби, ал Алматы жана Астана шаарынын 100-дөн ашык фитнес залдарына жолдомо берет. Аны колдонуу үчүн болгону атайын тиркемесин жүктөш керек. Мобилдүү адамдар үчүн абдан ыңгайлуу. 

Белекке шилтеме

ЭКОЛОГИЯ ДЕГЕНДЕР ҮЧҮН
Арнела Даниярова, Open Asia

Оксфорддук сөздүк Climate emergency’ни [Климатикалык өзгөчө кырдаал] 2019-жылдын сөзү деп атады. Себеби азыр адамдар туура жашаганга аракеттенип, анын турмуш-тирчилиги айлана чөйрөгө терс таасирин тийгизерин эске алып жүрүшөт. Эгер сизден белек ала турган адам ушундай болсо, ага кайра иштетилген пластиктен жасалган интерьер белек бериңиз. Мындай белекти казакстандык Rocket Plastic компаниясы арыкылуу алсаңыз болот. 

Белекке шилтеме

ӨЗГӨЧӨЛӨНГӨНДҮ ЖАКШЫ КӨРГӨНДӨР ҮЧҮН
магазин «Тумар»

Чыгыш маданияты дүйнөнү багындырууда, ал эми Борбор Азия өлкөлөрүнөн аутенттик белектер сулуулукту баалай билгендер үчүн сөзсүз жагат. Кийизден жасалган баштык, улуттук оймолору бар жаздык, жибектен жасалган шарф же жоолук жана башка сонун сувенирлер. Мындай белек сөзсүз эсте калып, башкалардан айрымаланга мүмкүнчүлүк берет. Бишкекте жайгашкан «Тумар» дүкөнүндө ылайыктуу белек табып, тандап, буйрутма берүүгө шарт бар. Онлайн дагы буйрутма берип, сиз жашаган өлкөгө алдырсаңыз дагы болот. 

Белекке шилтеме

ЖАГЫМДУУ МАЙДА-ЧҮЙДӨ ЖАНА ЧЫГАРМАЧЫЛ НЕРСЕЛЕРДИ БААЛАГАНДАРГА
pexels.com

Чыгармачыл атмосферга кирип, өзүңүз түркүн белектердин топтомун чогултсаңыз болот. Бирок мындай белектерди дагы аны бере турган адамдын кызыкчылыгына карап чогултуш керек. Башында керектүү нерселерди чогултуу зарыл: коробка, крафт идиштерин, декоративдик кагаз алып, ар кандай таттуу нерселер менен толтуруп, кооздоп байлаңыз.   

ӨЗ ҮЙҮН ЖАКШЫ КӨРГӨНДӨР ҮЧҮН
madein.uz

Миллениалдардын аң-сезимин тренд жана минимализм менен кызыгуу ээлеп алды. А биз болсо Борбор Азияда чын дили менен жасалган белек берүүнү сунуштамыкчыбыз. Өзбекстанда тамчылама ыкмасы менен идиш жасоо кол өнөрчүлүгү белгилүү. Мындай ыкма эң оор жана өтө кымбат болуп эсептелинет. Мындай чай үчүн сервисин 150-200 долларга алсаңыз болот. Сиз ал адамдын эсинде өмүр бою калтырчу белек болот. 

Белекке шилтеме

СУЛУУЛУК ЖАРАТКЫСЫ КЕЛГЕНДЕР ҮЧҮН
Школа рисования Fantasy room

Чыгармачылыкты сүйүп баалаган адамга шедеврди өз колу менен жасоого мүмкүнчүлүк бериңиз. Арт-студиялардагы мастер-класстар – жөн эле жаңы бирдеме үйрөнүү үчүн мүмкүндүк эле эмес, стресстен арылуу үчүн дагы терапия. Убакыт жайлап, адам көңүлүнүн баарын кызыгуусуна бөлүп ырахат алат. Аяганда өз аракети менен жараткан чыгарманы үйүнө алып кете алат. Ойлонуп көрсөңөр, ушунун баарын силер белек катары берип жатасыңар. 

Белекке шилтеме

«Мейкин Азия’нын» (TheOpenAsia) редакциясы сиздерди Жаңы жылыңыздар менен куттуктап, жакындарыңыздын жанында жылуу көз ирмемдердин болушун каалайт.

Айдана Токтаркызы
Айдана Токтаркызы
Автор материала

Читайте также

Вернуться в начало