Опубликовано 02.01.2020

2020-жылы сизге керек боло турган 10 адат

pexels.com

Баардыгыбыз Жаңы жылды майрамдык маанай үчүн гана эмес, жаңыча жашоо баштоого мүмкүнчүлүк үчүн жакшы көрөбүз. 2020-жыл деле мурунку жылдардан башкача болбойт го. Убадаларыбыздын жарымы жөн гана убада бойдон калса дагы, алардын кээ бирлери биздин адаттарыбыздын бири болуп калышы ыктымал. Психологияда “21 күндүн эрежеси” деген бар. Анда адам бул ыкма боюнча кандайдыр бир кыймыл аракетти 21 күн бою кайра-кайра кайталай берет. Бул ыкма абдан жөнөкөй: сиз кандайдыр бир чечим кабыл аласыз, бир жолу ишке ашырасыз, анан кайра-кайра кайталай бересиз. Ал эми аң сезим (подсознание) болсо бул кыймыл-аракетти автоматизмге жеткирет. 

The Open Asia өз окурмандарына 2020-жылы пайдасы тие турган 10 адатты сунуштап, айлана чөйрө жана өзү менен гармонияда болууга жардам берет деген ишенимде.

1. Дайыма бир убакытта уктаганды үйрөнүңүз
pexels.com

2020-жылы биринчи кезекте эмнеден башташ керек десеңиз – уйкуну тартипке келтириңиз. Уйку кандай маанилүү экенин кайталаштын кажети жок. Эгерде уйку менен көйгөйүңүз болсо, жашооңуздагы башка жагдайлар дагы минуска кетиши ыктымал. Заманбап адамга уйку ашкере байлык болуп калды десек болот. Азыр адамдар уйкунун алдында телефонго алаксып, Интернет чукулап, чочулоо сезими бар. Эртең менен болсо чарчоо сезими менен ойгонгондуктан, кайра-кайра кофе ичип, кечке чейин чыдоонун амалын гана көрөт. 

Өзүңүздүн нерв системаңызды талкалоону токтотууңуз зарыл. Эгер дароо уктап калуу сиз үчүн кыйын болсо, уйкуга чейин бир саат мурун баардык гаджеттерди,светти өчүрүп, өзүңүзгө ыңгайлуу шарт түзүңүз. Медитация кылып, жагымдуу бир нерсени ойлонуңуз. Айрым адамдарга уйкунун алдында күч коротуп бирдеме кылып же таза абага чыгып, кечке маал сейилдеп келүү эң сонун чечим болот. Бул адаттын эң негизгиси – дайыма бир убакытта уктоо, мүмкүн болушунча 23.00дө. Ден соолукка керектүү уйку – 8 сааттан кем эмес тынымсыз уйку.

2. Акылды жана денени тазалоо
pexels.com

Ай сайын өзүңөргө менталдык жана физикалык тазалоо уюштургула. Ал үчүн бир күн ден соолукка зыян тамактан, жаман адаттан баш тартуу же көп сааттык медитация кылуу зарыл. Баардык диндерде бир жыл ичинде бир ай орозо кармаш керек деп айтылат. Сиз үчүн мындай ыкма туура келбесе же бир ай өтө эле көп десеңиз, анда бир айда бир күн орозо кармоодон баштасаңыз болот. Детоксикациянын негизги максаты жашоо темпин жайлатып, ээндикти кабыл алып, өзүңүздүн ден соолугуңузду, ички сезимиңизди, ойлоруңузду угасыз. Өзүңүз менен болгон диалог физикалык жактан гана эмес, кайда баратасыз, эмнени каалап жатасыз деген сыяктуу маанилүү суроолорго жооп табууга, түшүнүүгө жардам берет.

3. Дене тарбиялык активдүүлүктү кошуңуз
pexels.com

Ашыкча салмак, кант диабети жана гиподинамия азыр адамзаты үчүн чоң көйгөйлөрдүн бир болуп калганы сыр эмес. Мунун баары адамдар аз каймылдап, комфортко көнүп калгандыктан аябай пассивдүү болуп калышкан. Бүгүн спорт бизнесмендер үчүн алтын кен болуп калды. Көптөгөн спорт секциялары, тренажердук залдар, машыгуу үчүн онлайн курстар адамдарды кошумча мотивация алуу үчүн акча төлөтүүдө. Жөө сейилдөө, велисипед тебүү, эртең мененки машыгуулар – баштапкы этапта сизге жетиштүү болот жана акча коротуунун дагы кажети жок. Эгерде кызыгып кетсеңиз спорттун кайсы бир түрүн тандасаңыз болот. Ага чейин дивандан туруп, жогору айтылгандарды адатка айлантыңыз.

4. Экологияга жакын болуңуз
pexels.com

Ооба, биз баарыбыз билебиз адам жерге зыян келтирип, өзүнүн өчпөс изин калтырууда. Бирок көпчүлүгү үчүн глобалдык экологиялык проблемалар алыс жакта, анын жашоосуна таптакыр тиешеси жок көйгөйдөй сезилет. Элестетип көрсөңөр, силердин тамак бышырган бөлмөңөрдө канча пластик баштык бар? Кафеде же кинотеатрда суусундук ичүү үчүн өмүрүңөрдө канча пластикалык түтүкчө сатып алдыңар? Кубанычтуу учурларда асманга канча шаарды учурдуңар? Канча таштандынын бөлүштүрбөй туруп ыргыттыңар эле? 

Айлана чөйрөнү баскан сызыкты үзө турган мезгил келди. И баса, планетаны коргоп калуу тарыхы сизден башталат: көп жолу колдонуучу айнектен жасалган идиш, дүкөн же базарга өзүңөрдүн баштыгыңар менен барганда, майрамдар үчүн шариктерди албай калып, таштадыларды сорттоп баштаганда. Мунун баарын жыл башында эле баштаса болот.

5. Кайрымдуулукту кичинеден баштаңыз
pexels.com

Кайрымдуулук – дайыма эле материалдык жардам тууралуу сөз эмес. Көптөгөн адамдар барган сайын башкалар волонтердук тажрыйбасы же башкаларга жардам бергени тууралуу окуяларын айтып баштаганда өздөрүн ыңгайсыз сезип калышат. Жакын адамдарына жардам берүү жалпы дүйнөлүк тренд болуп баратат. Башкаларга жардам бергиси келгени менен, баарынын эле коомчулукка кошулуп же байланыш түзгүсү келе бербейт. Сиздин акыбылыңыз ошондой болсо онлайн кайрымдуулук ыкмасын колдонуңуз. Көрсөтүп жаткан жакшы адатыңыздан жылуу сезимде болгуңуз келсе, сизге маанилүү маселени тандап ошону чечишүүгө көмөк көрсөтүңүз. Океанды болобу, адамзатын коргоо болобу туура түшүнүү менен жасашыңыз керек.

6. Баарына жарык боекторду кошуңуз
pexels.com

ХХ кылымдын 30-жылдарында Индиялык окумуштуу Гхадиали адамдын ден соолугуна ар кандай түстөр терапевттик эффект берерин аныктап, жазып чыккан. Анын пикиринде, адамдын ден соолугундагы органдар жана ситемалар айрым түстөргө сезимтал, ошондуктан алардын иштешин тездетиши же жайлатуусу ыктымал. Муну билген соң, ар кандай түстөрдүн касиетин дарылануу максатында колдонсо болот. 

Ушу себепке байланыштуу, 2020-жылы сиздерге өзүңүздүн гардеробуңузду жагымдуу жарык түстөрдөгү кийимдерде гана эмес, тамак-аш, интерьер жана аксессуарларга дагы кошууну сунуштайбыз. Чынында эле жаңы адат менен маанайыңыз дагы өзгөргөнүн сезесиз.

7. Бактылуу учурларды эсиңерде гана сактагыла
pexels.com

Биздин жашообуздагы өзгөчө, сонун учурлардын баалуулугун гигабайттап эсептелген фото–видео менен санаса болот. Эмне болбосун азыр адам дароо телефонун алып чыгып, гаджеттине тартып сактайт. Мындай адат телефон менен эмес, өз көзүң менен көрүп, учур менен суктанганга тоскоолдук кылат. 

Балаңыздын биринчи кадамын, сүйгөнүңүздүн колун жана жүрөгүн сураган учур же күндүн батышын тезирээк сүрөткө тартып калуу бизди лайктардын, комментарийлердин кулуна айландыруу, башкача айтканда виртуалдык колдоого алууга муктаж кылууда. Башкаларды карабай, өзүңүздүн жаркын тараптагы реалдуу жашооңузду унутпаңыз.

8. Көбүрөөк кучакташыңыз
pexels.com

Кучакташуу ден соолукка жакшы таасирин берери далилденген. Себеби биздин денебизде көптөгөн рецепторлор бар, аларга кандайдыр бир таасир богондо пульс жайлап, кан басымы дагы төмөндөйт. Андан тышкары, кучакташуу стресс гармонун, чочулоо сезимин дагы азайтат. 

Стрессти азайтып, күнүгө жакындарыңардан жылуу сезимдерди алгыла. Көбүрөөк кучакташкыла, ден соолукта болгула.

9. Жаныңызга көңүл кош карабаган адамдарды чогултуңуз
pexels.com

Тоого сөзсүз түрдө жалгыз батыраак чыгасыз. Бирок тоонун чокусуна чейин жолдошуңуз менен чыгуу жагымдуу жана жеңил. Спорттук командалар болобу, саясий кампаниялар же коммерциялык ишканалар болобу чыныгы ийгиликтин тарыхы – кызматтушуу жана биргеликте иш алып баруу. Атактуу Микеланджело деле Сикстин капелласын тартууда аттары чыкпай калган көптөгөн жардамчылары болгон. 

Сизге бирөөгө лидер болуп алууну сунуштаган жокпуз. Бирок кооптонуу, чочулануу, жалгыздык сезимдерин басууга жакын адамдарыңыздын колдоосу, жаныңызда болуусу жардам берет. Сиз өзүңүз иштеген коллективге кошулууга милдеттүү эмессиз, анткени башка тармакта иштеген, кызыкчылыгына, максаттарына жараша адамдар менен жакын болсоңуз болот.

10. Ыраазычылык билдиргенди үйрөнүңүз
pexels.com

Сиз менен күнүгө болгон жакшы үч учурду сүрөттөп туруңуз. Өзүңүздүн ыраазычылык күндөлүгүңүздү ачыңыз. Акыркы он жылдагы изилдөөлөр ыраазычылык билдирүүнүн жакшы таасири тиерин аныкташкан. Адамдар атайлап жакшы көз ирмемдерди эстеп турушканда, бактылуу болушат. 

Көңүлүңүздү жакшы учурларга буруңуз, бул сиздин энергетикаңызга жакшы таасир берет жана аларды андан ары дагы көбөйтүүгө өбөлгө түзөт. Бул ыкма чынында эле иштейт.

Айдана Токтаркызы
Айдана Токтаркызы
Автор материала

Читайте также

Вернуться в начало