Опубликовано 11.02.2020

ЭМНЕГЕ ЭРКЕКТЕРГЕ ДАГЫ ФЕМИНИЗМ КЕРЕК

tumblr.com

Феминисткалар эркектерге жини келип аларды жаман көрөт деген стереотип аябай кеңири тарагандай эле сезилет. Чындыгына феминист аялдар системалык басынтууларды жаман көрүшөт, ал өз учурунда дискриминациянын өсүшүнө алып келиши ыктымал. Эркектер дагы ушул эле системанын басымына кабылышы мүмкүн. Феминизмде эркектер үчүн кандай плюстары бар экенин бизге искусство тармагындагы адис Молдияр Ергебеков жана журналист Мади Мамбетов айтып беришти. 

ӨЗҮҢҮЗДҮН ЭМОЦИЯҢЫЗДЫ КӨРСӨТӨ АЛАСЫЗ
Фото: pixabay.com, HolgersFotografie

Эркек балдарда эмоционалдуулукту кичинекей кезинен эле басынтып турушат – “Эмнеге сен кыздардай болуп ыйлап жатасың”, “Кемпирлердей болуп кыңкылдабачы”, “Ыйлактабачы”, “Арыстана бербечи”, “Эмнеге аны өзүң урган жоксуң?”, “Эркек киши өзүнө турганды билиш керек”, – дейт журналист Мади Мамбетов. Жыйынтыгында, Мадинин айтымында, биз жагымсыз алфа-эркекти көрүп кылып жатабыз. Ал ичинде өзү дагы бактылуу эмес. 

Бир көрүнүп эле турган маанилүү нерсени эми ойлоно башташты – бул стресстен, жүрөк кан-тамыр ооруларынан, инфаркт жана инсульттан эркектердин көп каза болуп жаткан жогорку көрсөткүчү. Коомчулукка белгилүү дагы бир жыйынтык: эркектердин агрессияны башкара албагандыгы жана ошондой эле кызматташып, бир пикирге келүү аракетинин начардыгы. 

ЖАРДАМ СУРООНУ АЛСЫЗДЫК КАТАРЫ КАБЫЛ АЛБАЙ КАЛЫШАТ
Фото: pixabay.com, 5688709

Мади Мамбетовдун пикиринде, өзүнүн эмоцияларын көрсөтпөш үчүн чанда жардам сурап бирөөгө кайралат. Бул өз учурунда чоң кишилердин арасында жанын кыйган көп учурларга алып келет. “Ден соолуктун менталдык маселелерине байланыштуу маселерде өзгөчө катуу куугунтуктоо байкалат, болбосу бул абдан маанилүү маселе. Кайра эле өзүнүн алсыздыгын моюнга ала албагандыгы, жардам сурап кайрыла билүү кызматташуунун негизги өнөрлөрүнүн бири”, - дейт ал. 

Молдияр Ергебековдун айтымында, Казакстанда феминизмдин идеяларын колдогон жана гендердик теңдиктин эмнеге кереги бар экендигин түшүнгөн эркектер, коомдо калыптанып калган катуу стереотиптердин айынан өз оюн көп деле ачык-айкын айта беришпейт.

ДЕКРЕТКЕ ЧЫГЫП, БАЛАҢЫЗ МЕНЕН ЖАКЫН БОЛО АЛАСЫЗ
Фото: pixabay.com, skalekar1992

“Менин күйөө балам бир убакытта жумушуна байланыштуу бир жуманын ичинде 3-4 күн үй-бүлөсүнөн алыс жашап калган. Калган күндөрү ал карындашымды, өзүнүн аялын, балдарына байланыштуу маселелерге жакындатчу дагы эмес. Өзү тамак кылып берчи, уктатчы, сейилдечи, жомок окуп берчи. Ага жекшембиде бир күндүк эмес, толук кандуу ата болгон абдан манилүү”, - деп айтып берди Мади. 

“Ошол эле учурда анын дагы, карындашымдын дагы карьерасы абдан ийгиликтүү, балдары болсо бактылуу. Мунун баары Швейцарияда болуп жатат, мени кооптонтуп ойлонткону, Казакстанда мындай көрүнүштү таптакыр эч жерден көргөн эмесмин”, - деди эксперт.

Казакстанда эркектер мыйзам боюнча декретке чыга алышат. Молдияр Ергебековдун айтымнда, Казакстанда мындай учурлар деле кездешет, болгону коомчулук сын көз караш менен карап, баланы аял гана караш керек деп эсептелет. “Көпчүлүк адамдар феминизм тууралуу сөз кылганда “эркектер аялдарга үйдөгү жумуштарды кылганга жардам бериш керек” деп айтышат. Жардам бериштин деле кереги жок, себеби үйдү таза кармоо үй-бүлөдөгү ар бир адамдын милдети”, - дейт Молдияр. 

СИЗДИ КЕСИП ТАНДООДО ЭЧ КИМ СЫНДАБАЙТ
Фото: pixabay.com, bones64

Мади Мамбетованын айтымында, бул кайра эле кесиптик чөйрөдөгү аялдар кабылган дискриминациянын тескери жагы. Аял кишиги шахтер болуп иштеген жат көрүнүш болсо, эркекке мисалы бала багып же маникюр жасап иштеген таптакыр жарашпайт. 

Эксперттин пикиринде, бул жерде социалдык куугунтуктоодон тышкары башка маанилүү жана көйгөйлүү учурлар бар. Мисалы, коомчулуктун урматына барктуу билим берүү тармагы Казакстанда кызыктай эле абалда. Мугалимдик кесип кадырлуу деп айтылганы менен айлыктары аябай, аз анан милдеттери көп. 

“Финансы дагы, статус жагында дагы сөзсүз чоң ийгиликке жетиш керек деген тарбия көргөн эркекке биринчи кезекте мындай кесиптер кызыксыз. Мындай кырдаал кылымдардан бери келе жатат. Мындай абал ушунчалык көптөн бери келе жаткандыктан туруктуу стереотиптер пайда болуп калган. Эми ар бир эле ата-эне бала бакчада тарбиячы болуп иштеген жаш жигитти кандайдыр бир шек же күмөн саноосуз кабыл ала албайт”, – дейт Мади.

ПРОФЕМИНИСТ БОЛУП СИЗ АДАМДЫН УКУГУН ТААНЫЙСЫЗ
Фото: pixabay.com, OpenRoadPR

“Гендер бир топтун экинчи топтун үстүнөн басым кылуусуна жол берип, себеп болбош керек. Профеминист болуу – бул адамдын укугун тааный билүү”, - дейт SDU профессору Молдияр Ергебеков.

“Аялдардын укугу жалпы адамдардын укугунан ажыратылгыс. Ошондуктан биз казакстандык аялдардын саясий жана экономикалык жашоосунда эркектер менен тең катышуусуна жардам беришибиз керек”, - дейт Молдияр.

Молдияр Ергебеков үчүн профеминист болуу акыйкаттыктын тарапташы болууну түшүндүрөт. “Мисалы, феминисткалар жынысына карабастан адамдын укугун коргой турган үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча чараларды сунуштап жатышат. Алар үй-бүлөлүк зомбулуктун жоопкерчилигин күчөтүш керек деп жатышат. Запкы көргөн, жабыр тарткан адамдардын укугу бирдей корголот”, - деп түшүндүрүүдө ал.

Фото: pixabay.com, dkatana
ФЕМИНИЗМДИ КОЛДОГОН ЭРКЕК БОЛУУ КЕМЧИЛИКПИ? ЭМНЕ ЭРКЕККЕ ЗОРДУК КЫЛГАН АДАМ БОЛУУ ЖАКШЫБЫ?
— МОЛДИЯР ЕРГЕБЕКОВ

Феминистик көз караш менен төрөлбөйт, мындай сапаттар жашоонун ар кайсы этаптарында калыптанат. Канчалык адамда феминистик көз караш эртерээк пайда болсо, ал үчүн дагы, коомчулук үчүн дагы жакшы. 

Фариза Оспан
Фариза Оспан
Автор материала

Читайте также

Вернуться в начало