Опубликовано 28.04.2016

Талаштуу аймакта өткөн турмуш

Кыргызстанда жаңы премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун жетекчилиги алдында алгачкы отурум өттү. Кызматына киришип жатканда Жээнбеков “чек ара, чек аралаш участокторду делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулуп, чек аралаш райондорго жардам күчөтүлөрүн” убада кылган. Бул маселелерди Кыргызстан эгемендик алгандан бери чечүүгө аракеттенип келатат. Өзбекстан менен чек арада кырдаал өзгөчө чыңалган бойдо кала берүүдө. Бул өлкө ортосундагы чек аранын жалпы узундугу 1378 километрди түзөт, анын 320 километри талаштуу. Эки өлкө ортосунда 58 талаштуу участок бар. “Мейкин Азия онлайндын” кабарчылары бул аймакта адамдар кандай турмуш көрүп жатканын билип келди.


Ала-Бука


Ала-Бука району Кыргызстандын борборунан 530 км аралыкта жайгашкан. Облус борбору Жалал-Абадга чейин 310 километр, Өзбекстандагы Наманганга чейин болгону 70 километрди түзөт. Кыргызстандын шаарларына деле алабукалыктар дайыма кошуна республиканын аймагы аркылуу жетчү – анткени бул жол жакын. Бирок расмий Ташкент бир тараптуу тартипте чек араларын жаап салган. Атүгүл өзбек тарап аңдарды казып салгандыктан, кыргыздар да, өзбектер да чек араны кесип өтүүдөн коркушат.

вырытые траншеи на границе 2.jpg

Жергиликтүү тургундардын көбүнүн туугандары кошуна өлкөдө жашайт. Алар менен учурашып келүү үчүн бир топ кыйынчылыктарды башынан өткөрүшөт. Жергиликтүүлөр өзбек чек арачылары виза гана эмес, конокко чакырган тараптан телеграмманы да талап кылышарын айтышат. Телеграммада кыргызстандык кандай себептер менен бул тарапка өтүп жатканы жазылыш керек. Туугандардын бири ооруп калса, же көз жумса, ошондой эле той өткөрсө – булар жүйөлүү себептер болуп эсептелет.


фотосело1.jpg

Эгерде документтер болбосо, чек арачылар кеп-сөзгө да келишпейт экен. Атүгүл чек аранын эки бетинде жашаган туугандар эки өлкөнү бөлүп турган жерден жолугуп, куралчан жоокерлердин жанында туугандарына куран окуп, тарап кетишкен учурлар да болгонун айтышат. “Биз – бир тууган эл ушундай жол менен байланышып, ортодо дубалды сезип турганыбыз өтө жаман” дешет алабукалыктар.


Биздин картадан чек арадагы өзгөчө талаштуу участокторду көрө аласыз.

    

Орто-Токой же Касансай


Бул райондо эң эле талаштуу объект деп суу сактагыч эсептелет. Кыргыздар аны Орто-Токой деп атап, аларга тиешелүү болгонун ырасташат. Анткени суу сактагыч республиканын аймагында – Өзбекстан менен чек арадан 13 километр аралыкта жайгашкан.


Өзбектер да суу сактагычты өзүнүкү деп эсептешет. Анткени ал өткөн кылымдын 40-жылдары Өзбек ССРинин эсебинен бул республиканын пахтачылары үчүн курулган.

орто-токой.jpg

Орто-Токой айылында миңге жетпеген адам жашайт. 70 жаштагы Алиакбар Музапаров ушул жерде төрөлүп, өмүр бою ушул айылда жашап келатат. “Бул жер дайыма тынч болчу. Мындан ары деле ушундай кала берет деп ишенгим келет, - дейт ал. – Мени башкасы тынчсыздандырууда: жумуш жок, жер участоктору өтө аз бөлүнөт, баары иш издеп туш тарапка кетип калган. Мен аялым жана неберелерим менен жашайм”.


Ушул тапта Кыргызстандын өкмөтү суу сактагычты өз балансына өткөрүү чечимин кабыл алды. Буга байланыштуу айылда чек арачылар пайда болушту. Аларга эч ким азык-түлүк ташыбагандыктан ортотокойлуктар кезектешип күнүнө үч маал тамак алып барып турушат.

жители орто-токой.jpg

"Биз үчүн алардын курсагын тойгузуу кыйын эмес. Алыс жолду басып өткөнгө көнүп деле бүткөнбүз. Алар бизди күтүүсүз кырдаалдардан коргоп жатышпайбы. Анын үстүнө жапжаш балдар, жакшы тамактаныш керек да”, - дейт айыл тургундары Жасмин менен Гүлбара.


Орто-Токой суу сактагычын дайыма Өзбекстан гана колдонуп келген. Жергиликтүүлөр сууну кошуна айылдан ташып ичишет. Айылда электр жарыгы да көйгөйлүү маселе.


"Көп жыл мурда жергиликтүү молдо Мекеге барыш үчүн трансформаторлорду сатып жиберген. Ошондон бери кыйналып жашайбыз. Лампалар эптеп жарык берет. Электр энергиясы чектелүү болгондуктан тамакты отко жасап калганбыз. Куурай терип, кышка отун камдайбыз”, - деп даттанышат аялдар.


Унгар-Тоо


Дагы бир талаштуу аймак – Унгар-Тоо. Бул жерде СССР маалында эле курулган радиорелейлик станция жайгашкан. Бишкек менен Ташкенттин Унгар-Тоого байланышкан талашы 2013-жылдын сентябрында эле чыккан. Ошондон бери бул жерде жаңжалдар тез-тез болуп турат.


Кыргызстандын аймагындагы тоонун боорунда бир нече чакан айыл бар. Үйлөр ылай менен чөптөн тургузулган, короолор тосулган эмес, дээрлик эч нерсе деле өстүрүлбөйт. Жергиликтүү тургундар мал кармап жан багышат. Балдар кошуна айылдагы мектепке жөө барып келишет.


Бул жерде да башкы көйгөй – суу. Элеттиктер сууну кошуна айылдардан ташып келишет. Кээде сууну бир нече күнгө бууп койгондо, элеттиктер сууну арыктан алып ичишет.


"Суу тунуп, бир аз тазарганга чейин бир нече саат күткөн күндөр да болот. Оозеки да, кат жүзүндө да жергиликтүү бийликке кайрылганбыз. Бирок андан бери эч нерсе өзгөрө элек”, - деп кейишет тургундар.


Суу маселеси


Суу менен камсыздоо маселесин чечүү үчүн жергиликтүүлөр кыргыз-кытай KGMLtd компаниясына да кайрылып көрүшкөн. 2014-жылы компания Ала-Бука районундагы Соломо алтын кенин иштете баштаганда жергиликтүү тургундар миң гектар жерге сугат системасын өткөрүп берүүнү талап кылышкан. Бирок компания бул өтө кымбат долбоор деп, андан баш тарткан.


Таза сууну Ала-Бука районунун тургундары Ак-Балтыркан дарыясынан алат. Бул дарыя алтын кен аркылуу өтөт. 2016-жылдын февраль айында Ак-Балтыркан кени сатууга коюлган. Бирок Ала-Буканын тургундары нааразылык акциясына чыккандан кийин аукцион өтпөй калган эле.


Ала-Бука облусунда Чанач-Сай суу сактагычынын курулушу жанданды. Биринчи этабы 15 жыл мурда башталган эле. Ошондон бери курулуш иштери токтоп турду. Ала-Бука районунун акими Сонунбек Акпаралиев суу сактагычтын курулушу жанданганы менен, бул тууралуу толук маалымат берген жок.


Маал-маалы менен өкмөт жана эл аралык донорлор регионду суу менен камсыздоо маселесин чечүүгө аракеттенип келет. Ага-Хан фонду, Евробиримдик, Дүйнөлүк банк ири каналдардын курулушуна же реконструкциясына акча бөлүп турат. Жергиликтүү калк да өз чөнтөгүнөн акча чыгарат. Бирок суу менен камсыздоо маселеси аймактагы курч көйгөйлөрдүн бири бойдон кала берүүдө.


Аксы


Эгемен Кыргызстандын тарыхындагы эң трагедиялуу окуялардын бири Аксыда болгон. 2002-жылдын март айында аксылыктар жердин Кытайга сатылышына каршы митингге чыккан эле. Милиция менен жергиликтүүлөрдүн ортосунда кагылыш болуп, милиция кызматкерлери ок ачкан. Айрым булактардын маалыматтарына ылайык, октон отуздан ашык киши жараат алып, алты киши көз жумган, жүзгө жакын киши кыйноого алынган. Ошол окуялардан кийин 50гө жакын адам майып болуп калган.


Бул трагедия үчүн эч ким өзүнө жоопкерчилик албаганы ушул күнгө чейин жергиликтүү тургундарды тынчсыздандырып келген маселе.


Гүлбара Ашированын айтымында, ошл күнү аны башка аялдар менен кошо машинеге отургузуп, жергиликтүү райондук ички иштер башкармалыгына алып келишкен. Гүлбара ал күнү адамдарды акимиаттын имаратына киргизбеш үчүн милиция туш келди ок ачып, аларды ур-тепкиге алышканын ырастайт.

вторая женщина.jpg

Гүлбара Аширова өлгөн алты адамдын арасында окуучу болгонун да айтып берди. Аны 18-мартка караган түнү атышкан экен. 16 жаштагы Элдар Үмөталиев үйлөнүп жаткан тайкесине бараткан жана митингге эч тиешеси болгон эмес.


- Биз ушул күнгө чейин байкуш баланы эмне үчүн атып салышканын түшүнө албай келебиз. Ал түнү башка адамдарды да атышкан, бирок алар аман калган. Ооруканага жараат алып түшкөн тууганынан кабар алып, үйүнө кайтып келаткан дагы бир кишини сабап салышкан. Андан кийин дарактан кулап кетти деп арыз жаздырышкан. Эч ким жазасын алган жок. Кийинчерээк бизге ким ок ачканын сөөмөйүбүз менен көрсөтүп бергенбиз, бирок алар ушул күнгө чейин эркиндикте жүрүшөт. Атүгүл айрымдары Ак үйдө да иштеп жатышат.


Гүлбара Аширова 2005-жылдагы жана 2010-жылдагы ыңкылаптарга себеп болгон митингдерге да катышкан. “Эгерде азыркы бийлик биздин үнүбүздү укпаса, дагы бир митингге чыкканга мажбур болобуз. Бирок аткаминерлер мурдагы бийликтин каталарын унутпай, элге жакын болот деп үмтөтөбүз”, - деп сөзүн жыйынтыктады ал.


Жалпы жонунан айтсак, аймактагы эл өтө чыңалган кырдаалда жашап келатат. Бир жагынан аларды чек ара маселелери ойго салса, экинчи жагынан аларды эгемендик алгандан бери топтолгон социалдык көйгөйлөр да убара кылууда.
Редакция OpenAsia
Редакция OpenAsia
Автор материала

Читайте также

Вернуться в начало