Опубликовано 05.12.2017

Улан Үсөйүн: айылдагы алгачкы TEDx же тоолук жигиттин окуясы

Улан Үсөйүндүн энергиясы ашып-ташып турат, өз ойлогонун ишке ашырууга даяр. Ал Нарындын тоолорундагы айыл чарба бизнесин Бишкектеги жарандык активдүүлүгү менен айкалаштырып келет. Анын портфолиосунда ондогон маданий долбоорлор бар. Уландын арты менен калпак Инстаграммда хитке айланса, бүт дүйнө кара жорго бийин тааныды, а кыргызстандыктар болсо байыркы кыргыз арибин үйрөнүштү. Ал айылда TEDx уюштурган алгачкы адам. Каарманыбыз өлкөдөгү туризмдин, анын ичинде ички туризмдин өнүгүшүнө күйгөн жан. Бир жыл мурун уникалдуу эксперимент өткөргөн. Өзү тууралуу ал: “Мен – адамдардын ойлонуусун өзгөрткүсү келген жөнөкөй айылдык жигитмин” дейт.


Улан Үсөйүн ким? “Мейкин Азия онлайн”  өзүнөн сурап көрдү.


Айыл турмушунун өзгөчөлүктөрү


Улан Үсөйүн Нарын облусунун алыскы Таш-Башат деген айылында төрөлгөн, ошол жакта жашайт. Кышындасы мында жашоо да муздай тоңуп калгансыйт. Андыктан жергиликтүү эл кышы бою Нарын дарыясынан алтын издейт. Ондогон кишилер уюуган алтын издеп, муздак  сууга белчесинен түшөт. Нарын суусунан алтынды кышта гана алууга болот. Май айына барып аймакка жаз келет. Жайындасы эч ким дарыяга жакын жолобойт. Суу агымы күч болгон үчүн жээгинде басуу да кооптуу.


Улан бала кезинде тепкичтен кулап, эки тишинен айрылган. 11-класска чейин тиши жок жүргөн үчүн классташтары аны “абышка” деп коер эле. Бирок дал ошол өзгөчө жылмаюсу кастингден өтүп, кыска метраждуу тасмада башкы каармандын ролун ойноого жардам берди. Мектепти бүткөн соң Улан тиш салдырган, бирок тез-тез мушташып, анысы бат эле түшүп калчу. Анан ал стоматолог менен кеңешип, алтындан тиш салдырмай болот, болгондо да анысы Нарындын баалуу металлынан жасалды.


Уландын өз айылында фермасы бар, азырынча 40 уй жана 30дан ашык бээ кармашат. Анда бүт үй-бүлөсү эртеден кечке иштейт. Баарын караш үчүн так план керек, - дейт Улан. Атасы ага топоз, уй, козу, иши кылып бардык малды кароону үйрөткөн.  Быйыл короого кошулган таза кандуу жылкы -Уландын сыймыгы. Кышында деле фермада жумуш толтура. Жергиликтүү тургундар үйдө отургандын ордунда, анын колунда иштесе болмок. Бирок адамдар аны каалабайт.


- Чынын айтсам азыр айыл эли жалкоо. Түштүк жакта жумушчу кол табуу оңой болсо, түндүктө, тагыраагы Нарын менен Ысык-Көлдө өтө кыйын. Эмне үчүн мындай экенин билесизби? Анткени баары өзүнчө текебер! Эгер мен кошунамды жалдасам, ал өзүн кул, а мени манап деп ойлойт. Ферманы башкарууга дайым эле убактым жетпейт. Иштерман кишилерди издеп жүрөм, жакшы акча төлөгөнгө даярмын, бирок андайларды айылдан таба албай жатам.


Улан Таш-Батта сүттү кайра иштетүүчү завод ачууну кыялданат. Кыялына жакындаш үчүн ал кийинки жылы дагы жүз уй сатып алганы жатат.


Долбоорлор тууралуу


Үсөйүн мал чарбасын коомдук ишмердик менен айкалыштырып келет. Ал «Көчмөн Nomad»  коомдук фондунун негиздөөчүсү жана жетекчиси. Акыркы үч жылда Улан салттуу көз карашты заманбап жашоо ыргагы менен бириктирүүдө. Ыктыярчылар менен биргеликте көптөгөн маданий долбоорлорду ишке ашырды.


-Алгачкы долбоор - Ак калпак күнүн белгилөө болду. Ала-Тоо аянтындагы флэшмобго 3,5 миң адам чогултканыбыз эсимде.


Ушундан кийин баш кийим Инстаргамда чыныгы хитке айланды. Мушкер Рой Джонс, ырчы Крейг Дэвиддин калпакчан сүрөттөрү чыкты. Азыр  Улан көп учурда  улуттук баш кийимди чечпейт, бирок анысы  кыргыздар көнгөндөй ак түстө эмес, мисалы, кызыл. Мунусу менен ал баш кийим заманбап дизайнда жасалгаланышы мүмкүн экенин далидейт.


Азыр бүт дүйнөгө белгилүү болгон кара жорго бийин кайра жаратуу  идеясы да Уланга таандык. Аны шоу катары эмес, өткөндө тамыры, олуттуу келечеги бар бүт эл бийлеген бий катары жандантуу максатын коет.


Ушундан кийин Улан маданий долбоорлорду биринин артынан бирин ишке ашыра баштады.  Ал  кыргыз тарыхын кыйын билген Назикбек Кыдырмышев менен чогуу бүгүн жоголуп калган “битик” кыргыз сабаттуулугун активдүү сүрөп жатат.  Улан - өз ысымын социалдык тармактарда битикче жазуу эстафетасынын демилгечиси. Ошентип, учурда өлкөнүн ар бирн онунчу жараны болбосо да, ар бир жузүнчүсү ушундай арип бар экенин билет,– дейт Улан Үсөйүн.


- Биз калпакты жайылта баштаганда мени теңирчи дешти. Бийди колго алсак, шаман дей башташты. Мен дайыма жаңыны үйрөнүүгө умтулам, ошол эле учурда өз тамырымды унутпайм. 


Улан өлкөдөгү туризм, анын ичинде ички туризмге жан үрөгөн адам. Бир жыл мурун жай мезгилинде ал “Мурас” деп аталган Кыргызстанга саякат боюнча сынамак тур өткөрдү. Бул шаар турмушун айылдыкына алмаштыруу эле. Жыйырма шаардык  уникалдуу экспериментке катышышты. Алар кыргыздын тиричилиги менен таанышып, уй саашты. Ат минип, түндүк көтөрүштү жана улуттук тамактарды жасоонун сырларын үйрөнүштү.


Бардык эле катышуучулардын айылдык тургундар тууралуу пикири жакшы жакка өзгөрдү. Айрымдары кыргыз тилин үйрөнө баштады. Нарындан күйөө тапканы да болду. Бир ай мурун долбоор катышуучусу айылдык жигитке турмушка чыкты. Ал кыргыз тилин таптакыр билчү эмес. орусча гана сүйлөчү. Долбоор башында дал ошол кыз эч качан айылдыкка турмушка чыкпай турганын айткан эле.




Улан бир жылдай мурун маданий долбоорлордон алыстап, шыктандыруучулукка ооп кетти. Азыр күн тартибинде  - “Айылдык сүйлөт”, мунун милдети айылдык тургундарга өз мүмкүнчүлүктөрүн  ишкке ашырышына жардам берүү. Ал  айылда деле ийгиликке жетип, жакшы акча тапса болорун далиледөөнү чечти.


- Мен ийгиликтүү айылдыктарды кыштак тургундары үчүн TEDx сыяктуу форматта сөзгө чыксын деген идеяны алга сүрөдүм. Биздин спикерлер окуудан өтүп, өздөрүнүн ийгилик баяндарын аймактарда айтып бере башташты.  Алардын катарында, мисалы, топоз бакан Замира эже бар. Ал трактор, комбайн айдап, ат минет, көпчүлүк айылдаштарын иш менен камсыздайт.  Кыргызстан гүлдөп өсүшү үчүн ички миграция эмес, аймактар өнүгүшү керек.  Башкалардын окуяларынан шыктанган адамдар бар. Мага айылдык кыздар англис тилин үйрөнгүсү келерин жазса, жигиттер күнөскана ачып, айыл жана мал чарбачылыгында  жаңы технологияны киргизүүну каалашат. Өзүм кылып жаткан иштердин маанилүүлүгүн көрүп турам.


Эми феминизм тууралуу


2011-жылы  кырк-чоро сыяктуу ура-патриоттордон элем. Кезинде кумсаларга каршы чыгып жүргөм. Англис тили жаман, ансыз да жашайм дечүмүн. Кыргыздар эң жакшы эл деп ойлочу элем.  Анан жашоого болгон көз карашымды бүтүндөй өзгөрткөн доско жолуктум. 2017 –жылга  келип мен феминист болуп калдым.


Бүт Кыргызстанды кыдырып, аймактарда тең укуктуулук чанда кездешерине ынандым. Ата-энелерден канча балалуусуз десе,  сыймыктануу менен уулум бар деп жооп беришет , анан кыздары жөнүндө шыбырыап гана кошумчалап коюшат. Ал жактарда кыз бала жогорку билим албашы керек деген түшүнүк азырга чейин жашайт. Кыздын милдети – мүмкүн болсо байыраак жерге турмушка чыгуу жана бир өмүр ага кызмат кылуу.


Бирок кыргыздардын маданиятында феминизм байыртан эле болгон, болгону ушундай сөз менен аташкан эмес. Биздин тарыхта канчалаган баатыр энелер болгонун эстейсизби? Мисалы, баатыр кыздар – Жаңыл-Мырза, Сайкал, Манастын аялы Каныкей, анын келини Айчүрөк. Биздин эпостордо, макал-лакаптарда аялдар тууралуу урмат менен айтылат. Президенттик тактыга да Роза Отунбаева отурбады беле.


Google`га  «феминизм» деп жазсаң эле жылаңач кыдардын сүрөтттөрү, митингдер, агрессиялуу маалыматтар чыгат. Мен кыргызча сөз тандап, анан ошол аталыштын алдында феминизм философиясын жайылтууну сунуштайм. Биздин коомдо сын көз караш өнүкпөгөн, алар “феминизм” деген сөздү угуп эле: “Силер жылаңач жүрөсүңөр, шектүү акцияларды уюштурасыңар” дешет.


Европадан эмес, өз тарыхыбыздан үлгү алуу керек. Бизде башкаруучу аялдар, аялдар армиясы болгон, бирок ал тууралуу айтышпайт. Кыргыз ууруларында эркек калбай калганда, аялдар жоого аттанган кездер болгон. Тилекке каршы, тарых ал жөнүндө үн катпай турат, патриархалдык коомго бул пайдалуу эмес да.


Феминисттик идеяларды өнүктүрсө, зордук-зомбулук азаймак. Экинчи жагынан аял билимдүү болсо, балдары да билимдүү болот. Кыргызстанда күчтүү аялдар көп, алар мыкты реформаларды жүргүзө алмак, бирок менталитеттин айынан үйдө отурушат.


Кыялданууга уруксат бербеген жай тууралуу


-Биз кыялдана албайбыз, - дейт Улан капалана. – Айылда буга тыюу салынган. Ата-энелер балдарына “Колуңдан келгенин гана жаса” деп кулагына кумдай куят. Менин ата-энем деле ошондой. Мен кыялданганда, алар дайыма: “Ай, сенин колуңдан эмне келет?” дешчү. Тандоо жасаганга мүмкүндүк беришпейт эле. Эң жөнөкөйү мектепке дептерди тандаганга уруксат беришпейт, өздөрү кармаганын таңуулашчу. А эгер каршы турууга аракеттенсем, “Башканы алгың келеби? Сен баарынан кыйынсыңбы?” деген сөздү угат элем. Бала кезде ашканадагы үстөлдө турган термос алар үчүн менден да кымбат болсо керек деп ойлоор элем. Алар термос үчүн ушундай кыжаалат болушчу. Чынында айылда азыр да эч нерсе өзгөргөн жок.


Улан эч кимди укпастан, өз кыялыңа карай багыт алыш керек деген ишеничте.


Мен адамдардын ой жүгүртүүсүн өзгөрткүм келет. Мен үчүн ар бир айылдык чектен тыш кыялдана алышы маанилүү. Адам өз жолун табышы керек. Анын кайталангыстыгы ушунда. Биз бул дүйнөдө инкубатордогудай жашайбыз: окуйбуз, иштейбиз, анан пенсияга. Мен жаштар кыялы үчүн күрөшүшүн каалайм. Музыкант болгуң келеби – музыкант бол! Өз кыялыңдын орундалышына жардам берүү керек. Мен окуган эмесмин, баары мени чабан болот дешчү, бирок андай болбоду. Эч кимди укпаш керек, жөн гана кыялга карай багыт алуу керек.


Сүрөттөр каармандыкы

 

Редакция OpenAsia
Редакция OpenAsia
Автор материала

Читайте также

Вернуться в начало