Опубликовано 11.02.2020

БОРБОР АЗИЯНЫН ЖАРКЫН ИЛЛЮСТРАТОРЛОРУ

Сүрөт: иллюстратор Мурат Дильмановдун жеке архивинен

Бул макалада Борбор Азия аймагын даңазалап келген иллюстраторлор менен тааныштырмакчыбыз. Алар дүйнөгө болгон көз карашы менен бөлүшүп, өзүнүн эмгектери менен ар кандай кайрылууларды жиберишет. Алардын ар бири регион, өзү тууралуу айтып, бизди таң калтырганга даярдыгы менен айрымаланышат. 

МУРАТ ДИЛЬМАНОВ, КАЗАКСТАН

Эркин сүрөтчү Мурат Дильмановдун атагы 2016-жылы Уятмендин каарманынын образын жараткандан кийин чыккан. Карикатурист Абай атындагы Казак улуттук педагогигалык университетинин колдонмо сүрөттөөчү искусство факультетинин станкалык графика бөлүмүн аяктаган. Дильманов азыр коомдогу кемчиликтерди мыскылдап, шылдыңдап тартат. Анын сүрөттөрү маанилүү көйгөйлөр тууралуу ондогон макалаларга караганда көбүрөөк айтып берет. Ал ойлоп тапкан каармандарда казакстандыктар тааныш жердештерин көрө алышат. 

КАНТАР САМАЛ, КАЗАКСТАН

Самал Актобе шаарында жарык дүйнөгө келген, азыр Алматыда турат. Мектепте окуп жүргөндө сүрөт тартуу кружокторуна барчумун. Университеттин биринчи курсунда окуп баштаганда диджитал форматта тарта баштагам. Самал диджитал артты аябай жактырат, себеби бул формат ага жаңы старт жана сүрөт тартууга мотивация берген. 

“Менин чыгармачылыгымда кандайдыр бир глобалдык миссия же купуя сырдуу месседж деле жок. Мага жаккан нерсени тартам жана сүрөт аркылуу тиги же бу окуяга пикиримди билдирем”, - дейт Самал.

ЖЫЛДЫЗ БЕКОВА, КЫРГЫЗСТАН

Жылдыздын ата-энеси сүрөтчүлөр. Мектепти аяктагандан кийин ал Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайына тапшырган. Бала чагын Жылдыз атасынын чеберканасында өткөргөн. Көп жылдан бери ал республикалык жана эл аралык көргөзмөлөргө катышып келет. Анын эң биринчи көргөзмөсү 12 жашында Индияда өткөн. 

Үй-бүлөлүк жашоо тууралуу иллюстрациялардын сериясы аябай популярдуу болуп, аларды Россиялык, Европалык, Америкалык массалык мааымат каражаттары жарыялаган. 

АНАРКАН МЕДЕТБЕК КЫЗЫ, КЫРГЫЗСТАН

Анаркан жакында 20 жашка толду. Ал Ош шаарында төрөлгөн, эми Бишкектеги “Манас” университетинде окуйт. Анар 5 жашынан баштап сүрөт тартат, бирок санарип графика менен 2016-жылдан тартып кана алектене баштады. Бул кызга мода жана стиль жагат, ар кандай буюмдарды аралаштырып уникалдуу жаңы стилди жараткысы келет. Мисалы, заманбап кийимдер менен кыргыз улуттук оймолор. Мына ушу стилди ал өзүнүн санарип сүрөттөрү аркылуу чагылдырат. 

“Сүрөт тартуу сөз менен айта албаган ойлорумду чагылдырууга жардам берет. Ал акылымда ойлонуп табылган нерселерди көрсөтө алат”, - дейт Анар. 

Көпчүлүгү Анардын иллюстрацияларындагы уникалдуу стилди байкашат. Анын айтымында, бул стилге бир топ убакыттын ичинде келген.

ДЖАМА ДЖУРАБАЕВ, ТАЖИКСТАН

Джама Джурабаев Дүйшөнбү шаарында чыгарчыл адамдардын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Атасы балетмейстер, апасы – жарык боюнча сүрөтчү. Джама Түркиянын университеттеринин биринде авиакосмостук факультетте инженердин кесибине окуган. Бала кезинен сүрөт тартканга кызыгып, андан дагы компютердик оюндарды ойногонду жактырчу. Бүгүн ал дүйнөгө атагы чыккан концепт-дизайнерлердин бири, Marvel жана Джордж Лукас үчүн персонаждардын образдарын жаратып келет. 

ДЖАСУР РАХИМОВ, ӨЗБЕКСТАН

Джасур Рахимов Uzbekistan Illustrated долбоорунун автору. Бул команда акыркы сегиз жылдан бери Өзбекстандагы жашоо-турмуш тууралуу шайыр сүрөттөрдү тартып келет. Долбоор коомчулук талкуулаган актуалдуу темаларга көз чабып, башкы каарман Ташмураддын көз карашынан өтөт. Иллюстраторлордун айтымында, Ташмурад атактуу Самарканд шаарынан чыккан жаркылдаган жигит. Ал элдин күлгөнүн жакшы көрөт. 

ДИНАРА МИРТАЛИПОВА, ЖАН ДҮЙНӨМДӨ ӨЗБЕКМИН

“Жан дүйнөмдө өзбекмин”, – дейт Динара өзү тууралуу сөз кылып жатып. Ал Ташкентте төрөлүп чоңойгон, бирок азыр Америка Кошмо Штаттарында жашайт.  Динара Ташкенттик мамлекетик университетте информатиканы окуган. Ага карабастан аны ар дайым чыгармачыл тармакка тартып турчу. Жыйынтыгында өз аракети менен иллюстрациялык искусство өнөрүн өздөштүрүп, жакшы ийгиликке жетти. Анын кардарларынын арасында Harvard Business Review, Johnsons & Johnsons, Бириккен улуттар уюму жана бир катар басмаканалар бар. Динара бир китепти өзү жазып, ондогон китептерге иллюстрацияларын даярдап берген. “Токойду элестеткиле” китеби сүрөт тартууну мугалимсиз үйрөнүүнүн окуу китеби.   

Фариза Оспан
Фариза Оспан
Автор материала

Читайте также

Вернуться в начало