Опубликовано 18.12.2019

Кедерги болгон тил: мигрант балдардын Россияда интеграциялануусу

сүрөт: «Келгин балдар» долбоору

Россиядагы мигрант балдардын так саны белгисиз. Ал эми алардын канчасы мектепке барары таптакыр эле. Белгилүү болгондой, алардын көп бөлүгү Борбор Азиядан, негизинен Өзбекстандан жана Тажикстандан келгендер. Мигранттарды социалдык ыңгайлаштыруу жана интеграциялоо боюнча мамлекеттик программалар жок. Ирина Галат атайын «Ачык Азия онлайн» үчүн тыштан келген балдар жергиликтүү коомго кантип аралашат, кандай кыйынчылыктарга туш болушат жана аларга ким жардам берет деген суроолорго жооп издеп көрдү.

Мигрант балдардын Россиянын коомуна аралашуусунун башкы көрсөткүчү алардын жергиликтүү билим берүү тутумуна аралашуусу болуп саналат. Өлкөдө 18 жашка чейинки жактар үчүн милдеттүү орто билим алуу дөнүндө мыйзам иштейт. Тагыраагы мектеп жашына чейинки бардык балдар камтылышы керек. 

сүрөт: «Келгин балдар» долбоору

Иш жүзүндө баары эле оңой эмес. Балдарын билим берүү мекемелерине киргизүүгө мигранттарга тоскоол болгон бии катар маселелер бар. Балдардын орус тилин билбегендиги, мектептерде окуучулардын санынын ашыктыгы жана Россиянын аймагында легалдуу жүрбөй, каттоонун жоктугу. Жергиликтүү мыйзамдарга ылайык, акыркысы баш тартууга негиз болбошу керек. Бирок каттоосуз мектепке кирүү өтө кыйын.

«Биз Москвада жашайбыз, бирок Подмосковьеде каттоого турганбыз. Кызым быйыл биринчи класска барат. Жашаган жерибиздеги мектеп кабыл алуудан баш тартты. Бирок бош орун калса гана ала турганын айтышты. А бул күмөндүү. Биринчи кезекте каттоого турган же мектеп жайгашкан аймакта убактылуу каттоосу бар балдарды алышат. Мен коңшумду бизди убактылуу каттатып турууну өтүндүм. Мындан кийин кызымды мектепке эч кандай маселесиз киргизишти», – дейт Казакстандан Москвага бир жыл мурда үй-бүлөсү менен келген Мария.

Социологдор жана коомдук өкүлдөр жергиликтүү коомдо мигранттардын аралашуусуна башкы тоскоол орус тилин билбегендик деп эсептешет. Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандан келгендер тил көйгөйүнө туш болушат. 

Россияда ар кыл мамлекеттик эмес уюмдар бар. Алар мигранттардын жана качкындардын балдарына жашоонун жаңы шарттарына көнүүгө жардам беришет. Алар негизинен орус тили жана адабиятын окушат. «Келгин балдар» долбоору ушундай мисалдардын бири. 

МОСКВА
сүрөт: «Келгин балдар» долбоору

«Биздин долбоор үч жыл мурда башталган. Көйгөй болду: Москвада жана Москва облусунда, биздин кесипкөй эмес баалоо боюнча, бир нече бала мектепте окушпайт. Ошентип Балдардын укуктары жөнүндө конвенцияны жана Россия Федерациясынын Конституциясын ишке ашыруу керектиги жөнүндө чечим кабыл алынган. Бул өлкөдө жашаган балдардын баары билим алуу укугуна ээ. Бардыгы ушундан башталды. Рустам Иванович – “Ковчег” лицейинин директору окуу бөлүмүнүнү башчысы менен мигранттар жашаган райондорго барып, орус тили боюнча курстарга жазылуу жүрүп жатканы тууралуу жарнамалык флаерлерди таратышкан. Ошентип топ түзүлдү. Күтүүсүздөн. Мунун баары идеянын негизинде келип чыкты», – деп бөлүштү «Келгин балдар» долбоорунун жетекчиси Фёдор Бажанов. 

Москвада бардык окуучулардын 5-6% мигрант балдар түзөт.
— «КЕЛГИН БАЛДАР» ДОЛБООРУНУН БААЛООСУ БОЮНЧА

Учурда долбоордун бир нече багыты бар. Мамлекеттик мектептерге караштуу орус тилин тиешелүү деңгээлде билбеген мигрант балдар барып окуган эл аралык класстар. Алар жалпы программаны негизги класс менен бирге окуп, орус тилин жана адабиятын кошумча тереңдетип окушат. Ошондой эле мектептерде орус тили курстары ачылууда. Ал эми «Ковчег» лицейинин алкагында ишемби күндөрү хореография, карапа өнөрү, орус тили, искусство, сүрөт тартуу, ошондой эле сынак тапшырууга даярдык сабактары өтүлөт.

сүрөт: «Келгин балдар» долбоору

«Биз мамлекеттик эмес мектептерде дагы эл аралык класстарды ачып жатабыз. Биз ар түрдүү аянтчаларды издейбиз. Билим алуу мүмкүндүгү жок балдар, бизге орус тилин окуганга келишет. Мында биз эч ким албаган эң оор учурлар менен иштешебиз. Бир жылдан соң орус мектебине тапшырып, окууларын улантышы үчүн биз аларга документтер топтомун даярдоого көмөктөшөбүз», – де түшүндүргөн долбоордун өкүлү окутуу акысыз экендигин кошумчалады.

Бажанов баса көрсөткөндөй, «мектеп баланы класска жашы боюнча же мекенинде окуган классынан кийинки класска кабыл алууга милдеттүү». Бирок орус тилин түшүнбөгөндүктөр дайыма эле муну ишке ашырууга мүмкүн боло бербейт. Дал ушул тил балдарды коомго ыңгайлаштыруунун негизги маселеси болуп саналат.

«Биздин гипотеза төмөнкүдөй, эгерде адам тил билсе, бул анын коомго ийгиликтүү интеграцияланышынын 50-70-80%», – дейт маектешим. Бажановдун айтымында, баланы мектепке даярдоо үчүн  орточо бир жыл жетиштүү.

Фёдор Бажанов кодулоо, расизм тууралуу айтып жатып, алар чанда кездешерин, бирок кандайдыр бир тенденция жоктугун белгиледи: «Бул байланыш болгон адамдын маданиятынан көз каранды жана жалпы мектеп чөйрөсүнө эч байланышы жок».

Москвада мигранттар арасында «Билим» (кыргызча аталыш) билим берүү борбору белгилүү. Аны Кыргызстандык Максатбек Абдуназар уулу бир нече жыл мурда мигранттардын балдарын орус тилине окутуу максатында ачкан. Долбоор коммерциялык, билим берүүгө акы төлөнөт, бирок баасы мегаполистер боюнча орточо баадан төмөн. Учурда борбордо балдар үчүн гана эмес, чоңдорго арналган дагы башка багыттар боюнча окутуулар уюштурулган. 

сүрөт: «Билим» билим берүү борбору

Максатбек Абдуназар уулу да үй-бүлөлүү мигранттарга таандык тил, укуктук жана медициналык маселелерди белгилейт. «Баланы мектепке киргизүүгө комплекстүү мамиле жасоо кажет. Уюштуруу жагдайы бар, бала менен иштөө керек. Биринчиси бул Россиянын аймагындагы турак жайда каттоодон өтүү, ар ким эле буга жетише албайт. Бул мектепте билим алууга тоскоолдук болуп саналат. Ошондой эле психологиялык мүнөздөгү тоскоолдуктар болот. Бул айрыкча, мекенинде канча бир убакыт ата-энеси жок жашап,  өспүрүм куракта Россияга келген балдарга тийиштүү. Алар жаңы кырдаалга гана эмес, ириде өз ата-энесине көнүүлөрү абзел», – деп түшүндүрөт окуу борборунун жетекчиси.

ТОМСК

Томск мамлекеттик университетинин антропология жана этнология кафедрасынын ассистенти Антон Садырин бир нече жыл мигрпнттар окугпн мектепте иштеген. «Бул мекемеде дээрлик үч жыл иштеп, мен балдар арасында улуттук негизде бир да пикир келишпестик көргөн жокмун. Өзүмдүн классымдан, башка класстардан дагы. Балдар менен тыгыз эле сүйлөшчүмүн, "маданият аралык өз ара байланышууга" тийиштүү суроолорду бере алчумун. Мигранттардын балдары класстын, мектептин жашоосуна жигердүү аралашкан. Бул балдар ата-энеси жумуштан колу бош болбогондуктан, кечке чейин мектепте калып, ар кандай кошумча ийримдерге жана секцияларга катышышат. Бул аркылуу ыңгайлашуу жана аралашуу кыйла жеңил жана жемиштүү өтөт», – дейт ал.

Садырин ошондой эле жергиликтүү жана тыштан келген окуучулардын ата-энелеринин ортосунда кандайдыр бир терс мамилелерди байкаган эмес: ата-энелер жыйындарында маектешүү жалпы класстык иштер тууралуу гана боло турган. «Ата-энелердин өз ара иштешүүсүнүн жаңы куралы whatsapp аркылуу мен мигранттарга карата эч кандай жаман мамиле көрүнбөгөн коммуникацияны байкадым. Менимче, бүтүндөй класска ыңгайсыздык жараткандарга сын көп, бирок бул чет жактан келген балдар эмес. Алар, адатта кыйла тынч жана тырышчаак, мотивациялуу келишет. Жалпысынан бардык окуучуларга карата мамиле, алардын этникалык таандыгына карабастан, бирдей болуп, эч кандай стигма орун алган эмес», – деп белгилейт Садырин.

Жападан жалгыз кыйынчылык мигранттардын балдарынын орус тилин начар билүүсүндө болду. Бул сабактын мугалимдери ушул боюнча катуу нааразы болушат. Аларды да түшүнүүгө болот: мугалимдер аларга убакыт бөлүп, алар тилди түшүнгөн деңгээле теманы түшүндүрүп берүүгө жетишишпейт. Кээ бир мектептер орус тили боюнча кошумча курстарды ачуу үчүн каржылоо тартууга жетишишкен.

Көптөгөн кыйынчылыктарга карабастан балдарын кошо ала кетүүнү каалоосу көбүнесе мигранттардын андан ары Россия Федерациясына туруктуу жашоо үчүн көчүп кетүү ниетин кыйыр түрдө ырастап турат.
— РОССИЯ ФЕДЕРАЦИЯСЫНДАГЫ БАЛДАРДЫН ЖАНА БАЛАЛУУ ҮЙ-БҮЛӨЛӨРДҮН АБАЛЫ ЖӨНҮНДӨ БАЯНДАМАДАН

«Мен иштеген уюмдун статусу кыйла төмөн. Мен эмне жөнүндө айтып жатам: биринчиден, ал жакта 9-класска чейин, экинчиден, бул мектептин окуучуларынын билим деңгээли бир топ төмөн, үчүнчүдөн, мектеп инклюзивдик. Бул айрым ата-энелер үчүн ошол төмөнкү статустун маркери болуп саналат. Эмгек мигранттарынын балдары дал ушул мектепте чогулуп калгандай байкалат», – дейт Антон Садырин. Мектепте жергиликтүүлөрдөн тышкары Өзбекстан, Азербайжан, Украинадан (качкындар) келген балдар окушат. Кыргызстандан келген балдар баарынан көп.

Анын айтымында, бул билим берүү уюмдары орус тилин начар билген бала үчүн жоопкерчиликти өзүнө алууга даяр эместигине байланыштуу. Алар үй-бүлөнү башка мектепке жөнөтүп баланын жана ата-эненин укуктарын бузуп жатышат. Садырин мигранттар үчүн өзүнчө класстарды ачуу идеясына терс көз карашта: «Мен мигранттар үчүн класс ачууга кескин каршымын. Мындай атайылап сегрегациялоого каршымын, бул ушул чекти көрсөтүп коёт. Бирок тил боюнча кошумча курстар – биздин билим берүү тармагыбыз көңүл бура утрган багыт».

САНКТ-ПЕТЕРБУРГ

Мигрант балдар үчүн орус тилинин курстары Россиянын түндүу борборунда дагы өткөрүлөт. Тыштан келгендер мындай жардамды уюштургандардын бири Россиядагы Кызыл кресттин Санкт-Петербург бөлүмү болуп саналат. «Бизде укуктук, социалдык, маалыматтык жардам көрсөтүү боюнча бир нече багыт бар. Бизге чоң эле качкындар, мигранттар кайрылышчу. Ошентип биз балдар орус тилин билбегендиктен, аларды мектепке кабыл албоо маселесин аныктадык. Мектептерде аларга орус тилин үйрөнүп, андан соң келгиле деп кетиришчү экен», – дейт  Россиядагы Кызыл кресттин Санкт-Петербург бөлүмүнүн миграциялык мыйзам боюнча маалыматтык-консультациялык борборунун директору Наталья Зайберт. 

Түндүк борбордо билим берүү мекемелерине барган мигрант балдардын саны акыркы 10 жылда эки эсе өстү.
— РОССИЯДАГЫ КЫЗЫЛ КРЕСТТИН САНКТ-ПЕТЕРБУРГ БӨЛҮМҮНҮН МААЛЫМАТЫ БОЮНЧА

2018-жылы Санкт-Петербургдагы Кызыл крест орус тилине мигранттардын балдарын окутуу боюнча эки топ уюштурду. 2019-жылы мигранттар көп санда болгон мындай мектептерден беш топ ачылды. Бул класстарда окугандардын 90% Борбор Азиядан (Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан) келгендер.

«Балдар үчүн башкысы мектепке баруу. Мектептер балдарды өлкөдө мыйзамдуу жүрүшүнүн жана миграциялык каттоонун негизинде гана кабыл алышат. Бул дайыма эле ата-энелердин колунан келе бербейт. Ошондуктан эгерде бала мектепке киргизилип, окуусу жакшы жүрсө, анда мектеп ага ыңгайлашуу жана аралашуу үчүн мыкты жайга айланат. Бул коммуникация дагы, орус тили дагы. Айрыкча баштапкы звенодо орус тили тез үйрөтүлөт, натыйжада, бала кабыл алып жаткан коомго бат аралашат», – дейт Наталья Зайберт.

Окуучулар, мугалимдер жана мигрант балдардын ортосундагы өз ара мамиле тууралуу айта турган болсок, анын айтымында, изилдөөлөрдүн жана бул маселелерде компетенттүү уюмдар менен талкуулардын негизинде бөтөнчө маселелер болбойт деле. Билим берүү процессинин катышуучуларынын ортосундагы мамиле «жетиштүү түрдө нормалдуу». Балким мектепте кандайдяр бир жагымсыз учурлар болорун маектешим четке какпайт, бирок аларга мындай маалымат түшкөн эмес. 

Наталья Зайберт мигранттар үчүн өзүнчө класстарды ачуу зарылдыгы жок деп эсептейт, себеби «бул обочолонгон, оңдуу натыйжага алып келбеген нерсе болот». Бирок тыштан келген, тил билбеген балдарга интенсивдүү даярдоо курстарын өтүү, чындыгында зарыл. «Эгерде мигрант балдар орус тилин билишсе, анда мугалимдерге да, мигран балдарга да жана бир класста окуган окуучуларга да жеңил болот», – деп жыйынтыктады ал. 

Сандар

2017-жылга карата Россиядагы балдар жана балалуу үй-бүлөлөрдүн абалы жөнүндө мамлекеттик баяндамада айтылгандай,  көрсөтүлгөн мезгилде өлкөгө 17,1 млн чет элдик жаран келген, анын ичинде 18 жашка чейинки курактагы балдар – 1,6 млн адам же 9,3%. Жашы жете элек мигранттардын көбү Борбор Азиядан келишкен – 595,3 миң же жалпы тыштан келген балдардын 36,4%. Алардын арасында Казакстандан 269,1 миң (16,5%), Тажикстандан – 120 миң (7,3%) , Кыргызстандан – 104,3 миң (6,4%) жана Өзбекстандан – 101,9 миң (6,2%) жашы жете элек келген. 

«Акыркы 5 жылда Россия Федерациясына багыт алган миграциялык агымдагы жашы жете электердин үлүшү орточо 9,7% түзгөн», – деп айтылат документте. 

Ошол жле учурда изилдөөчүлөр белгилешкендей, «2/3 жашы жете элек мигранттар келгендигинин себебин “жеке” катары билдирген ата-энелери менен келишкен, “туризм” – 15,6% жана 4,7% балдар гана эмгек мигранттары менен келишкен». Жашаган жери боюнча 63,7 миң жашы жете элек мигрант катталган (11,3%).

сүрөт: Петр Ковалец, ТАСС

Россияда канча мигрант бала узак мезгилден бери жашап жатканы белгисиз. Алардын канчасы билим берүү мекемелерине барышат, канчасы барбайт маалымат жок. Канчасы орус тилинде сүйлөйт, канчасы тил үйрөнүүдө жардамга муктаж экендиги түшүнүксүз. Бул маалыматтын ачык булактарда, эксперт-социологдордо, коомдук өкүлдөрдө жоктугу, өлкөдө маселенин масштабын жогорку деңгээлде түшүнүүнүн жоктугун айтып турат. 

Бул тууралуу мигранттарды интеграциялоо жана адаптациялоо маселелеринде мыйзамдык базанын жоктугу далилдеп турат. Негизинен көйгөй бар, бирок аны комплекстүү чечүү жок. Ошол эле учурда россиялык ЖМКлар башка өлкөдөн келген балдар темасын кеңири талкуулашат. Бул маселелерди коомдук өкүлдөр активдүү көтөрүп жүрүшөт, алар жер-жерлерде иш-аракеттерди көрүп жатышат. 

Суроолор кабыл алуучу тарапка гана эмес, өлкөгө келген балдардын ата-энелерине карата да жаралууда. Алар жашы жете электерди мектепке даярдоо үчүн өздөрүнө жоопкерчиликти алышы керекпи? Орус тилине өз алдынча окутуулары керекпи, жаңы мамлекетте балдарынын мыйзамдуу жүрүшүн алдын ала ойлонушу керекпи?

Мен мигрант ата-эне катары бардык суроого «ооба» деп жооп берем. 

 

Автору: Ирина Галат

Редакция OpenAsia
Редакция OpenAsia
Автор материала

Читайте также

Вернуться в начало