Опубликовано 02.01.2020

Борбор Азияда Калыптана Алалбаган Батыштын 5 Тренди

pexels.com

Көпчүлүк туристтер Борбор Азия өлкөлөрүн акыркы мезгилде батыштан көп деле айрымалай албайсың деп айтышууда. Бул аймакта дагы эл аралык франшизалар, веложолдор, паркомат, каршеринг жана башка адам зат үчүн ыңгайлуулуктар бар. Бирок коомчулук жана мамлекет тарбынан эмне четке кагылууда? Кайсы тренддер, жаңы агымдар биз үчүн көнүмүш адат боло албай калды.

Иттер менен сейилдөө – кесип катары
pexels.com

Иттерди сейилдетип көчөгө чыгарган адамдар ошол эле жакынкы Россияда айына бош графиги менен 500 доллар табышат. Ал жакта атайын сервистер бар, анда адамдын итин 1-2 сааттын ичинде ким сейилдетип чыгарарын тандаса болот. Бул система аркылуу ит сейилдеп жүргөн маршрутту дагы аныктаса болот. 

Борбор Азия өлкөлөрүнүн калкы салттуу турмуш өткөрүшкөндүктөн, итти практикалык максат менен үйдү кайтарыш үчүн багышат. Батирде турган мекендештерибиз дагы иттерин таңга маал өздөрү сейилдетип чыгарышат. Балким иттерди сейилдетип чыгуу кесиби биздин аймакта элдин турмуш шарты анча жогору болбогондуктан калыптана алган жок, себеби ал үчүн дагы атайын акча каражатын бөлүш керек болот

Үйлөнгөндөргө белекти тизме менен берүү
pexels.com

Wedding wishlist – Америка жана Европа өлкөлөрүндө кеңири жайылган адат. Анын негизги мааниси, жаңы үйлөнүшкөндөр (жаш жубайлар ) чакыруу кагазы менен кошо тойдо эмне алгысы келген белектердин тизмесин жиберишет. Ар бир конок тизмедеги белектин бирин тандап алып барышы зарыл. Эч кандай акча салынган конверт же аттын сүрөтү тартылган картина эмес. Мындай бир жагынан практикалык чечим жаңы үйлөнгөндөрдүн убактысын үнөмдөйт. Алар дагы кийинчерээк үйгө эмне алыш керек эле деп дүкөндөрдү кыдырышпайт. 

Борбор Азияда үйлөнүү тойго негизинен акча алып келишет. Коноктор алып келген каражат тойго кеткен чыгымдардын баарын жапса, ийгиликтүү болду деп эсептелинет.

Жеңил Наркотиктерди Мыйзамдаштыруу
pexels.com

Борбор Азияда жеңил наркотиктердин түрлөрү өскөн көптөгөн өрөөндөргө карабастан, аны колдонуу жана жайылтуу мыйзам алдында жоопко тартыла турган иш болуп эсептелинет. Нидерландынын жана Американын айрым штаттарынын бул жааттагы тажрыйбасы жергиликтүү мыйзам чыгаруу органдарына жага бербейт. Алардын пикиринде, баардык күчтүү баңги заттарга көз каранды адамдар убагында жеңил делген гашиш же марихуанадан башташкан. 

Ага карбастан, Борбор Азияда наркотик дистрибуциясы кеңири жайылган. Баңги зат сатуучулар өз кардарлары менен байланышта болуш үчүн ар кандай социалдык тармактарды жана мессенджерлерди колдонушат. Жакында эле Казакстанда баңги затка байланыштуу чуу катталды. Бир катар шаарларынын акимдери көчөлөрдө илиенген расмий баннерде баңги зат саткан сайтка алып баруучу QR-кодду байкаган эмес.

Өзүн аныктоо үчүн мектептен кийин бир жыл
pexels.com

Өнүккөн өлкөлөрдө жыл өткөн сайын көптөгөн мектеп бүтүрүүчүлөр gap year (академиялык отпуск) алышууда. Алар мектепти бүтөр менен жогорку окуу жайга тапшырбастан, бир жыл өз келечегин ойлоп, кайсы кесипти тандасам деп, жашоосун пландаштырышат. Көпчүлүгү үчүн университетте же колледжде окуу финансы жагынан бир топ кыйынчылыкка турат. Америкада ата-энелер эгер балдары окуу үчүн грант ала албаса, контракттарын төлөшпөйт.

Көпчүлүк студенттер акыркы курстарда банкттарга чоң суммада акча карыз болуп калышат, окуудан кийин дагы көп жылдар бою ошо карызды төлөөгө мажбур болушат. Ошол себептен улам жаштар маанилүү чечимдерди ойлонуп кабыл алышат. Айрымдары саякатташат, башкалары экзамендерге даярданып, курстарга барышат. 

Ал эми Борбор Азияда болсо абал бир аз башкача. Жалпы республикалык тестти тапшыра албай университте өтпөй калуу, жаштар үчүн чоң драма. Бир катар өз жанын кыйган учурлар ушу себепке байланыштуу болот. Кесип тандоодо көпчүлүк учурда балдары үчүн ата-энерлери чечим кабыл алышат, анткени жогорку билим алуу мүмкүнчүлүгүн ошолор каржылап беришет.

Сойкулукту мыйзамдаштыруу
Europe times

Баңги заттай эле, сойкулук Борбор Азия элдеринин адеп-ахлактуулугуна жана динине каршы келет. Бирок планетанын ар кайсы бурчунда биздин аймактан чыккан кыз-келиндер сойкулук кызмат көрсөтүп келгени эч кимге сыр эмес. 

Алматы шаарында рейд учурунда интимдик кызмат көрсөткөн бир топ кыздардын арасында казакстандык эле эмес, Кыргызстан жана Өзбекстандан келген кыздар аныкталышат. Көпчүлүк учурда кыздарды өз мекендерине чыгарып жиберишет. 

Борбор Азияда сойкулук менен күрөшүүнүн ар кандай ыкмаларын колдонушууда: камалоо, рейд, кыздарга каршы айып пул салуу. Бирок эч ким бул тармакты мыйзамдаштырууга шашылган жок. Интимдик кызмат көрсөткөн кыздар өздөрү бир топ жолу журналисттерге дагы, бийлекке кайрылган анонимдик каттарында дагы азыркы статусу аларга коопсуздук кепилдик берберин айтып, юридикалык коргоо суранып келишкен. Кыздардын айтымында, эгерде мамлекет бул тармакты мыйзамдаштырса, алар салык төлөп иштөөгө даяр.

Айдана Токтаркызы
Айдана Токтаркызы
Автор материала

Читайте также

Вернуться в начало