Опубликовано 26.11.2016

Жашы жете элек менен нике үчүн Кыргызстанда кимди жана кантип жазалашат?

Эмне болуп жатат?

Президент Алмазбек Атамбаев Үй-бүлөлүк жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизген документке кол койду. Эми өлкөдө жашы жете электерге диний негизде нике кыюуга тыюу салынды. Мыйзамга ылайык, жашы жете электерге нике кыюуга катышкандарга кылмыш жоопкерчилиги киргизилет. Бул ырасымга катышкан ата-энелерге, дин кызматкерине жана “күйөө балага” 3 жылдын 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.  

Жашы жете электер менен никеге туруу Кыргызстанда көйгөйбү?

Ооба, чоң көйгөй. 2006-жылдан бери 15-17 жаштагы кыздардын арасында кош бойлуулук өстү. Кыргызстанда аялдардын 15%ы 18 жашка толгонго чейин турмушка чыккан. Алардын дээрлик баары молдого гана никесин кыйдырып, күбөлүк алышкан эмес. Анын үстүнө айыл жериндеги кыз-келиндердин көбү ажырашып же жолдошунан айрылса, колунда балдары турса да, мураскер болууга же мамлекеттен материалдык жардам (алимент, жөлөкпул, пенсия ж.б.) алганга укугу жок экенин түшүнүшпөйт. 

Эмне үчүн ата-энелер үчүн да жоопкерчилик киргизилип жатат?

Статистика боюнча көп учурда жашы электерге нике кыюу ата-эненин басымы менен өтөт. Кыргызстандагы этномаданий салттардан улам эрте турмуш курууда кыздардын укугу жана кызыкчылыгы бузулду деп эсептешпейт, тескерисинче мындай никени көбү актайт. Буга кошумча жакыр кожолуктарда үй-бүлөлүк бюджетке оорчулукту азайтуу үчүн кызын эртерээк турмушка берүүгө ашыгышат. 

Эмне үчүн эрте нике кыздардын укугун бузат?

Жашы жете электе турмушка чыкканда кыздардын көбү билим алууну улантпайт. Демек, келиндердин көбү жакырчылыкта жашоого мажбур, анткени өз алдынча каражат табуу мүмкүнчүлүгү чектелген. Жашы жете электерге нике кыюу аны өнүгүү жана билим алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат, жаш эненин өмүрү жана саламаттыгына коркунуч жаралат, зомбулуктун курмандыгы болушуна тобокелдик өсөт. 

Кыргызстанда канча жаштан никеге турууга уруксат берилген?

18 жаштан. Бирок “өзгөчө себептер” болсо, нике 17 жаштан катталат. Өзгөчө себеп эмне экени эч жерде такталбаган, бирок көп учурда - бул кош бойлуулук. 

Эмне үчүн бул мыйзамды мурда эле кабыл алышкан жок?

Бул мыйзам 2016-жылдын майында эле сунушталган. Бирок ал кезде депутаттар документке каршы добуш беришкен. “Мындай чечим эч бир логикага сыйбайт. Мыйзам долбоору боюнча талкуу болгон жок, мага докладчы катары бир да суроо беришпеди. Мындай учурда парламент мыйзам долбоорун бир добуштан колдогон болот”, - деп нааразы болгон  демилгечи депутат, мурдагы баш прокурор Аида Салянова. 

Мындай чечим коомчулукта чоң талкууну жаратты. Каршы добуш бергендерди бачабаз деп аташты. Жыйынтыгында эл өкүлдөрүнүн бир бөлүгү өзүнүн добушун техникалык мүчүлүштүктөр менен байланыштырса, айрымдары мыйзам долбоору чийки үчүн каршы добуш беришкенин айтышты. Толуктоолордон кийин документ кабыл алынды.  

Толуктоолордон кийин депутаттар “ооба” дедиби?

Мыйзам долбоорун 60 депутат колдосо, 48и каршы болду. Айрым депутаттардан пикиринде, бул керексиз мыйзам. Анткени “жаштар жолугушуп жүрүп, кыз кош бойлуу болуп калат, уят болбош үчүн молдого барышат. Мындай учурда эмне кылуу керек?” дешет алар. 

Редакция OpenAsia
Редакция OpenAsia
Автор материала

Читайте также

Вернуться в начало